19 октябрь 2018
Бишкек убактысы: 18:56


Мавлянова кытайлыктарга визасыз режим сунуштады

Бүгүн, 4-октябрда,  ЖК депутаты Махабат Мавлянова “Республика-Ата журт” фракция жыйынында Кыргыщстанга кытай туристтери үчүн визасыз режим киргизүүнү сунуштады.  

Мавлянованын айтуусу боюнча Кытайдын туристтеринен киреше көп түшмөкчү. Кыргызстанда миграция күч, мамлекет элди иш менен камсыз кыла албай жатат. Россия, Казакстан Кытай туристтери үчүн визасыз режим киргизгенин белгиледи.