21 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 22:34


Кайра күн тартибинде: Электр энергия баасын көтөрүү

Өкмөттө кайрадан электр энергиясынын баасын көтөрүү сунуш кылынууда. Бул тууралуу КР экономика министри Олег Панкратов бүгүн, 6-ноябрда, өкмөттүк жыйында билдирди.

Министрдин айтуусунда энергетика тармагы болгон-толгон мүмкүнчүлүгүн пайдаланып иштөөдө. Жаңы өнөр жай ишканаларды подстанциялардын ашыкча чыңалышынан улам кошо албай жатышат.

“Электр энергиясына болгон тарифти карап чыгып, аны көтөрүүдөн башка айла жок” деди О. Панкратов.