14 август 2018
Бишкек убактысы: 22:03


Энергетикалык тармактагы жабдуулардын 80% эскирди

Бул тууралуу 28-апрелде Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуусунда билдирди.

Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлашынча, Рыскулов жалпысынан учурда энергетикалык тармактагы жабдуунун эскириши дээрлик 70-80% түзөөрүн айтып, энергетикалык объектилерди модернизациялоо зарылдыгын белгилеген.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн энергетикалык тармагынын натыйжалуулугун жогорулатууну тапшырды.