16 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 12:13


 Эгерде жаңгак токойлорун эксплуатациялоону уланта берсек, аларды таптакыр жоготуп алабыз!

 

 

 Токой аянттарын калыбына келтирүү үчүн аларды жергиликтүү тургундарга ижарага беришкен.

Акыркы жылдары жаңгак-мөмө токойлорунун айрым аянттары жергиликтүү тургундарга үлүш катары бөлүнүп берилип, бардык эле жергиликтүү калк токойдун келечегин сактоого камкордук көрбөйт.   Учурда Кыргызстандын түштүгүндөгү  токойдун 60% ы жоголуу алдында турат. Эгерде учурдагыдай элдин кайдыгер мамилеси улана берсе, элүү жылдын ичинде жаңгак- мөмө токойлорунан кол жууп калуу  коркунучу бар.

 Кыргызстандагы керемет жерлеринин бири— түштүктөгү  Арсланбап, Кызыл-Үңкүр жана Дашман жаңгак-мөмө токойлору

Окумуштуулар табигый жол менен жаралган жаңгактын жаралуу доору миллион жылдар илгери болгонун далилдеп келүүдө. Жаңгак— эң көп жыл жашаган дарак. Жакшы багылып, адамзаттын жана табияттын залакасы тийбесе, ал 1000 жыл бою өсө берет. Жаңгак токою табигый жол менен көбөйбөй калган 

Учурда табиятка терс таасир эткен факторлор:

  • Жаңгак-мөмө токойлору табигый жол менен көбөйбөй калган. Анткени адамдар бардык түшүмдү жерге калтырбай терип алгандыктан, жаңы көчөттөр дээрлик чыкпай калган.
  • А эгер табигый жол менен көчөт өсүп келе жатса, анын токойго жайылган мал тебелеп, жеп салуу менен зыян келтирүүдө.
  • Табигый азык калбай, айбанаттар азайып, экосистема чынжыры үзүлүп, жер кыртышы да жабырланууда
  • Жаңгак-мөмө токойлорунун табигый жол менен көбөйбөй калышы адырлардын, тоолордун жылаңачтанып, селге, тоо көчкүгө айлануу коркунучуна алып келүүдө.

Жаңгак токою—жакырчылыкты кыскартат

Төрт жылдан бери “Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңгак мөмө токойлорун жана жайыттарды башкарууга жамааттарды катыштыруу аркылуу био ар түрдүүлүктү сактоо жакырчылыкты кыскартуу» долбоору иштеп келет.  Чоңдор үчүн иш-чаралардан тышкары, бул долбоордун алкагында Базар-Коргон районунун 20дан ашык мектептеринде окуучулар үчүн класстан тышкаркы сабактар да каралган. Мисалы, «Лесик-Юг» коомдук экологиялык бирикмеси  окуучулар каникулга тарар алдында  алар менен жаңгак мөмө токойлорунда экскурсия уюштуруп, табиятты таанып, андан пайда да таап, ошол эле учурда ага аяр мамиле жасап, келечекке мурас калтырууну үйрөтүштү.

Базар-Коргон районуна караштуу Арсланбап айыл өкмөтүнө караштуу Гумхана айылындагы Адиш Тагаев атындагы №18 мектептин 10 -классынын окуучулары  мектептин жанындагы жаңгак-мөмө токоюнда уюштурулган  атайын лекцияга катышты.

Китепте жазылган теориялык билимин окуучулар чыгармачылык менен адистерге  айтышып, атайын сабакка жакшы даярданып келгенин көрсөтүштү. Бирок, алар үчүн китепке караганда аталган экологиялык уюмдун геоботаник адиси Закирхожа Сарымсаковдун  айтып берген маалыматтары кызыктуу болду.

Көрсө, өздөрү аралап жашаган Арсланбап жаңгак-мөмө токоюнда  үч миңден ашык өсүмдүк түрлөрү, бир нече айбанаттар жашаарын укканда окуучулар таң калуусун жашырган жок.

“Тилекке каршы өсүмдүктөр, айбанаттар жылдан-жылга азайып, жок болуп кетүүдө” деп сөзүн улады адис.

Учурда Арсланбап токоюн аралаганда жапайы түлкү, каман жана эликти кезиктирүү мүмкүн болбой калды. Табияттагы ар бир өсүмдүк жана айбанаттар менен кошо жаратылыш чынжыры  үзүлүп, ал экологияга кедергисин тийгизип жатканын белгиледи З.  Сарымсаков.

Ошондуктан окуучуларга табияттан пайда табуу менен катар, ага залал келтирбей, аяр мамиле жасоо үчүн кандай кадамдарды жасоо керек экенин сунуштады.

  • Күзүндө жаңгактын түшүмүн жыйнаган маалда эң чоң жаңгактарды базарга сатып салууга ашыкпастан, аны байлыкты берген токойго көчөт кылып калтыруу үчүн караган, долононун арасына таяк менен жерди чукуп көөмп кетүүгө;
  • Жаңгактын жаш көчөттөрүн тегерете коруп, курчап коюуга;
  • Токойдогу ар бир жандыкты сактоого, кумурсканын уясын көрсө да аны бузбай, курчап, малдын тебелөөсүнөн коргоого чакырды.

«Лесик-Юг» уюмунун жетекчиси Шерикбай Шайымкулов Кыргызстанда токой аянты болжолду 6 гана пайызды түзөөрүн айтты.  Аны 7% га жеткирүү келечектеги ар бир жарандын, айрыкча, жаңгак-мөмө токоюнда жанаша жашаган жергиликтүү тургундардын да максаты болушу керектигин түшүндүрдү.

Окуучулар токойдогу өсүмдүктөрдү чогултуп, алардын аталышын, пайдалуулугун жана экосистемадагы канчанчы баскычта турарын өздөрү аныкташып, айлана-чөйрөгө байкоо менен кароо кызыктуу экенин билишти.

Камила Ибрахим кызы жана Шайырбү Исмаил кызы жаңгак токойлордун пайда болушунун  тарыхына абдан кызыгышууда. Алар дарактар орточо эсеп менен 700 жыл жашарын  жана Арсланбаптын аймагы мурда океандын суусу менен капталгандыгын билишти. Токойдун суусунда ал жакка миллион жыл мурда жеткен жаңгактын үрөндөрү биздин күнгө чейин сакталып келишип, өздөрүнүн сапаттарын жоготушкан жок.

Окуучулар GIZ долбоорунун директору Эдит Кошкин жана долбоорду  ишке ашырууга жооптуу адам Симон Шарреге ушундай окутууларды уюштуруу үчүн ыраазычылыгын билдиришти жана мындай иш-чаралар алар үчүн абдан пайдалуу экендигин белгилеп кетишти. Эми Чынара Абдумиталипова токойдогу 18 эң мыкты жаңгак дарактарынын түшүмүн жыйноого жана алардан көчөттөрдү алып өстүрүүгө катышууну каалап жатат.

 Ата-бабаларыбыз жаңгактын чоңун жерге көмүп коюшчу

Атагы алыска кеткен кыргыз жаңгактарын келечекке мурас калтыруу— жергиликтүү тургундардын милдети. Биздин ата-бабаларыбыз жаңгак токойлорун жер ооштуруп, көчмөн турмушта жашагандыктан жакшы сакталып, малдын туягы менен катар эл дагы токойдон алганына ыраазы болуп, токойдун дагы энчисин калтырып жашаган.

Ал тургай, кагырап чөл болуп турган жерге суунун нугун салып, жакшы жаңгактын мөмөсүн куржунга салып алып, аса  таяктары менен жерди чукуп тигишип, Дашман жерин жаңгак-мөмөлүү токойго айланткан.

Ал эми “Жаңгак” деген сөз  “жанга ак азык” деген сөздөн куралган.

Учурда биз, бир кезекте көчөтүн тиккен ата-бабалардын эмгегин же жаратылыштын табигый жол менен көбөйгөн жаңгактарын жеп жатабыз. Ал эми бизден кийинки муунду какыраган чөлдө эмес, ажайып жаңгак токоюнда калтырууну кааласак, анда ар бирибиз чырпык тигип, чынар кылууга аракеттенишибиз зарыл. Жаңгак дарагы жакшы багылса 700 жылдан ашык жашап, бир нече муунду түшүмү менен баккан касиеттүү асыл дарак.

Гүлмира Үмөталиева

Сүрөттөрдү автор тарткан