22 февраль 2018
Бишкек убактысы: 08:43


«Бишкек жылуулук борбору» ААКсы абоненттерин дагы эки күн акы төлөөдөн бошотту

Эң суук күндөр — 27-январдан 31-январга чейинки аралыкта жылуулук тиешелүү деңгээлде берилбей калгандыгы үчүн, ушул күндөрдөн сырткары, февраль айынын баштапкы эки күнүнө дагы акы төлөө эсептелинбей турган болду. Бул тууралуу «Улуттук энергохолдингден» кабарлашты. «Акы төлөө 3-февралдан тартып эсептелине баштайт» деп билдиришти тиешелүү мекемеден. Суук күндөрдө Бишкек ТЭЦи жана «Бишкек жылуулук борбору» ААКсы канча чыгым тартканы али эсептеле элек.