17 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 19:28


Базарбай Мамбетов: “Электр доорундагы электр энергиясыз Кыргызстан”

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Электр доорундагы электр энергиясыз Кыргызстан» I бөлүк

Базарбай Мамбетов—коомдук ишмер, эксперт, КР мурдагы вице-премьери Кыргызстандагы электр энергия көйгөйү жана аны чечүүнүн жолдору тууралуу ой бөлүшөт.   

Өлкөбүз эгемендикке ээ болгонго чейин Нарын дайрасынын куймасында алты гидроэнергетика комплексин курду. Алардын жардамы менен Борбор Азиянын бардык энергетикалык түйүнүнүн ылдамдыгы  жөнгө салынып турду. Коңшу өлкөлөргө биз жылына 2 млрд кВт саат энергия берип турдук. Андан кийин абалыбыз начарлай берди. Эгемендик жылдарында биз бир дагы электрстанция  кура албадык. Ал тургай 1984-жылы башталган кичирээк Камбар-Ата ГЭС-2 нин курулушун да бүтүрө албадык. Ошол себептүү азыр өзүбүзгө электрэнергия жетишпей жатат, анткени биз энергия өндүрүүнү 1991-жылга салыштырмалуу 1,5 млрд. кВт. саатка кыскарттык.

Өлкөнүн негизги бөлүгү азыр аздыр-көптүр электроэнергия менен камсыз болууда, ал дагы бизде ири ишканалардын, электрэнергияны ири колдонуучулардын жоктугунан болууда.

Колдо болгон гидроэнергетикалык ресурстарыбызга көп өлкөлөр суктанышчу. Алар дүйнөлүк өнүгүүдөн калып калбашы үчүн ар дайым жылуулук генерациясын электр кубатына айландырып, ошону менен энергетика кубатын топтоого аргасыз болушчу, башкача айтканда көмүр, мазут жана жаратылыш газын жагуу менен абалдан чыгышчу.  Мындайда отун таап, аны генерация жерине чейин алып келүү керек болчу. Мындай абал, шарт өмүр бою коштоп жүрмөк.

Дүйнөлүк аналитиктердин айтымында “Дүйнөдө электр кубатын пайдалануу жана ага болгон талап өкүм сүрүүдө. ХХ кылым нефти жана автомашинанын кылымы болду, ал эми ХХI кылым, сөзсүз, электр энергиясынын доору болот”.

Өзүбүздүн нефти жана газыбыз жок болуп, биз кандай болбосун, гидроэнергетикалык өнүгүү жолу менен барабыз. Ал биздин экономикабызды гана көтөрбөстөн, адамдардын социалдык абалын да бир  нече ирет жогорулатат. Биз элге электроэнергияны канча кааласа, ошончо беришибиз керек, берүүгө милдеттүүбүз. Үйдү жылытууга, тамак бышырууга, ысык суу менен камсыз болууга жана башка бардык керектөөлөрдү канаттандырууга милдеттүүбүз. Биз айыл жашоочуларынын турмуш-тиричилигин тезек же башка отунга байлап кое албайбыз.  Тезек көчмөндөрдүн негизги отуну болгон заман өттү.

Бирок, анда биз эмнеге Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна кирише албай жатабыз?   Ал курулушту биз эми жаңы ойлоп тапканыбыз жок, аны акылдуу адамдар эчак эле тапкан. Бул станцияны биз өткөн кылымдын 90-жылдарында эле куруп бүтмөкпүз. Бирок ал ушул кезге чейин баштала элек.

Өз алдынчалуулукка ээ болгон алгачкы жылдары эгемендүүлүккө ээ болдук деп эдиреңдеп жүрдүк, андан кийин байма-бай президентти, бардык даражадагы депутаттарды  шайлоолор, курултайлар, фольклор ж.б фестивалдар  ж.б. бүтпөй келет. Гидроэлектрстанцияларды курууну,  мындай станцияларды куруунун өзгөчө статусу деген алкакка салып койдук. Ага ылайык, чет элдик компаниялар  биздин электр станцияларыбыздын кандайдыр үлүшүнө ээ болбошу керек.

Ошентип, биз көп убакытты коротуп койдук.  Ушул убаккка чейин аталган станцияларды курууга акылыбыз жетпей келет.  А кошуна Тажикстан 5 жыл мурун Рогун ГЭСин куруп, бул жылы анын биринчи агрегатын пайдаланууга бергени турат. Мына ушундан улам, балким кыргыздардын азыркы абалы чыныгы долбоорлорду ишке ашыруунун ийгилигине шарт түзбөй жаткандыр деген суроо туулат.  Көпчүлүк аналитиктер учурда экономикалык жактан өнүгүү жаатында Кыргызстан өз багытын жоготуп алып, каякка бараарын билбей жатат деп айтышууда.

 “Электр доорундагы электр энергиясыз Кыргызстан” II бөлүк

Акаев президент болуп турган учурда биз өлкөнү өнүктүрүү ийгиликтери, багытыбыздын тууралыгы, реформалар деп  болбогон нерселерди айтып мактана бердик.  Андан  кийин эсибизге келип, Россия өкмөтү менен Камбар-Ата ГЭС-1 ди биргелешип куруу тууралуу макулдашууга кол коюлду.

2010-жылдагы апрель окуяларына шыктанып, 16-апрелде Москвада мен  “Интер РАО ЕЭС” башкармасынын төрагасы В. Ковальчук менен жолуктум, анда биз Камбар –Ата-1 ГЭСин куруу боюнча макулдашуунун абалы жана аны жандандыруу боюнча сүйлөштүк.  Ал бул долбоорлорду ишке ашырууга абдан кызыкдар экенин көрсөтүп, орун басарларына макулдашууну ишке ашыра баштоого тапшырма берди жана менин да республикадагы дарамети жогору адистерди аралаштыруумду өтүндү.

Ошондой эле 2012-жылы В. Путин менен А. Атамбаев Жогорку Нарын ГЭС каскадын биргелешип куруу боюнча макулдашууга кол коёт.  Бул макулдашууга ылайык, Россия тарап аталган объектилерди каржылоого киришет. Мындан улам Атамбаев Россиянын президентине ишенбестик сезимине кандай негиз бар эле? Андан дагы эки жыл өтпөй А, Атамбаев менен “Рус Гидро” башкармалыгынын төрагасы Е. Дот салтанаттуу түрдө Жогорку Нарын ГЭС каскадынын пайдубалын тургузуу аземин ачышат. Ошондон кийин биз эки тараптын президенттери кол койгон макулдашууну бир тараптуу жокко чыгардык.

Кыргыз саясатчыларынын мындай ойлонулбаган кадамы көптөгөн инвесторлордун айыптоосунан башка эч нерсе алып келген жок.  Андан кийин биздин аталган ГЭСти куруу боюнча мүмкүнчүлүгүбүз дагы ачыкталып, чет элдик компаниялардын эч бири аталган курулушка келүү ниетинен кайтты.  Президент Атамбаевдин ойлонулбаган аракетинен кийин өлкөбүз мына ушундай натыйжага ээ болду.  Кантип эле ал биздин тоо дайраларынын агымында дайыма гидроэлектростанция курушубуз керек экенин жана ал биздин улуттук идеябыз болуп калаарын билген эмес?

Мына дал ушундай убакта Акаев доорундагы окумуштуулар коңулда каткан Кара-Кече көмүр кенинде конденсациялык жылуулук электр энергиясын куруу сыяктуу тобокел идеясын ала чыгышты.  Ал идея бир канча жолу Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн адегенде 2012-жылга чейинки, андан кийин 2013-2017-жылдарга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына киргизилет. Бул өлкөнүн чегиндеги тобокел, авантюра болуп калды.

Идеянын авторлору Кара-Кече көмүрү жылуулук бериши боюнча Караганда көмүрүнө эки эсе, Таш-Көмүр көмүрүнө караганда бир жарым эсе артта каларын билишпейт окшойт жана алар жылуулукту электрстанцияарына берүүгө багытталган эмес.

Бул идеялардын маңызын түшүндүрүш үчүн мен өз кезегинде ЖМК бир нече жолу айткам. Мен анда өткөн кылымдын 70-жылдары республиканын андагы Министрлер Советинин төрагасынын чакыруусу менен бизге СССР Мампланынан атайын комиссия келгенин айткам. Ал комиссия маселени тыкыр иликтеп, республиканын жетекчилигин мындай маселе менен экинчи тынчын албашын эскертип кеткен эле.

А. Атамбаев өлкөнүн президенти болуп турганда, жогорку вольттуу “Датка-Кемин” ЛЭПти  пайдаланууга берүүдө Кыргызстан эгергия жагынан көз карандысыз өлкө болот деген. Ага карабастан азыр биз жетпеген электрэнергияны мурдагыдай эле коңшулардан алабыз, бул Токтогул ГЭС каскадынан өлкөнүн түштүгүнөн түндүгүнө жаңы электр линиясы менен жиберүү үчүн электрэнергиянын андай кубаты жок дегенди түшүндүрөт.  “Датка-Кемин” жогорку вольттуу линияны курууну баштоо үчүн биз Токтогул ГЭСин толук реконструкциялоону ишке ашыруубуз керек. Бирок ал жакта  389 млн. доллар каражат роль ойноп кетти, андан Атамбаевдин адамдары өз үлүшүн алды.  Эми бизде Күрп-Сай ГЭСинин түйүндөрү менен агрегаттарынын иштен чыгышы сыяктуу көйгөйлөр пайда болду. Ал эксплутатацияга өткөн кылымдын 80-жылдарында берилип, жаңы станция катары саналат. Биздин башкаруучуларыбыздын ушундай кылыгынан кийин биз коңшу өлкөлөрдөн энергетика жагынан көз каранды болуубуз дагы көп жылдарга созулмакчы.

 “Электр доорундагы электр энергиясыз Кыргызстан” III бөлүк

2001-жылы өлкөбүз жаңы түзүлгөн 7 акционердик энергетикалык компаниянын ишин координациялоо деген түр менен өкмөтүбүз энергетика министрлигин түзгөн. Бул министрликтин ачылышы туура эмес болгон, себеби мамлекеттик акция пакеттери  Мүлктү башкаруу мамлекеттик комитетинде калган жана алар аталган министрликке берилген эмес.

Андан кийин бул министрлик координациялык иштерди аткаруу үчүн компаниянын кассасынан акча алуучу “ширшовдук схеманы” киргизген. Бул электрэнергия көлөмүн коммерциялык жана башка жоготуулар деп туруп байма-бай жокко чыгарылып чыгышталып туруу, бул чыгышталган электрэнергиянын акчасы накталай алынып туруш үчүн жасалган.

Бул схема ушунчалык кылдат иштелип чыккан, анткени президенттин энергетикалык коопсуздук боюнча атайын өкүлү деген кызматты киргизгенде дагы энергиянын жалпы жоготуусу 34-36 пайыз деңгээлинде калган.  Жалгыз Ширшов өлкө боюнча өндүрүлгөн электрэнергиянын 40 пайызга чейин коротулду деп кантип чыгыштай алат эле?

Андан 15 жылдан кийин гана энергетика министрлигин жоюу чечими чыгып, анын ордуна улуттук энергетика холдинги түзүлдү. Ал ушул убакка чейин карамагына берилген компанияларды башкара албай, талаптагыдай иштей албай жатат.

Азыр эң чоң көйгөйдү өлкөнүн электр түйүндөрү жаратууда, ал жакта кубаттуулугу  35, 110, 220 и 500 кВ ЛЭПтер кирет, жалпы узундугу 6683 км жана алар менен бир тутумдагы 190 подстанция бар. Азыр мындан тышкары жергиликтүү түйүн бөлүштүргүч деген бар, алардын кубаттуулугу  10 и 0,4 кВ. Алардын узундугу андан да кыйла. Учурда жогорку жана жергиликтүү электр линияларынын 80 пайызы иштен чыкты жана алар алмаштырууну талап кылат.

Эгемен жылдарында биз андай иш менен алектенбей, эч нерсени алмаштырганыбыз жок Эми аларды реконструкциялоо үчүн 7 млрд АКШ доллары талап кылынат. Ал эми биздин мамлекетте андай каражат жок.  Андан дагы бизде элдин экономикалык жагынан ой жүгүртүүсү төмөн болуп, бул тармакты өргө жылдырууга тоскоол болууда.   Модернизациялоо жана андан ары пайдалануу максатында жергиликтүү электр линияларын жеке компанияларга бермейин, биз бул көйгөйдү эч качан чече албайбыз. Кийинки кезде эле Бишкек шаарында 19 компаниянын пайда болушу, аларга айрым жергиликтүү электр линияларынын берилиши бул эскинин ордуна талапка жооп бере турган, заманбап структураны түзүүнүн үлгүсү болуп калды. Алар электр энергиясын керектөөчүлөргө өлкөнүн Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан тарифтер боюнча берсе да, биз аларга мурункулай эле ишенбөөчүлүк менен мамиле жасап жатабыз.  Бул дагы өлкөнүн электрэнергетикасы жаатындагы биздин башкаруучуларыбыздын экономикалык жагынан туура эмес жүрүштөрү болуп саналат.

Базарбай Мамбетов, коомдук ишмер, эксперт, КР мурунку вице-премьер министри