19 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 05:25


Акылбек ЖАПАРОВ, ЖК депутаты: “Дефляциянын айынан көп компаниялар банкрот болушат”

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров азыркы Кыргызстандагы экономикалык кырдаал боюнча маек берди.

—Учурда Кыргызстандагы кырдаал тууралуу сүйлөгөндөр көп. Сиз  экономикалык кырдаал тууралуу айтып бериңизчи? Акыбалыбыз кандай?

—Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин өкмөттүн иш-аракеттери жаман деле эмес. Тилекке каршы, экономикалык биримдикке кирердин алдында куда тосконго даярдангандай, жакшылап даярданып алышыбыз керек эле. Биздин даярдыктарыбыз жакшы болбой калгандыктан азыркы өкмөт бир топ кыйналып атат, экономикабыз да кыйналды. Ички дүң продукцияны киши башына эсептегенде Кыргызстан калкы аз, чакан мамлекеттердин бири. Акыркы жыйырма беш жылдын ичинде Белоруссия, Орусия, Казакстан өзгөчө айыл чарбасын технология жагынан дагы аябай модернизация жасашты. Алар реформа кылганда  ирети менен жасап, азыр дээрлик көпчүлүк чоң-чоң мекемелер, ишканалар сакталып калган. А биз болсо жыйырма беш жылдын ичинде беш жүз колхоздун ордуна 400 миң фермерге бытыратып бөлүп ийгенбиз. Бүгүнкү күндө биз ушул жагынан аябай аксап атабыз. Айыл чарба продукциялары менен алектенгендердин дээрлик көпчүлүгү кыргыз атуулдары болгондуктан, бул жагы өзгөчө кыргыздарга кыйын болуп калды. Биз бул жагына көбүрөөк басым жасап, аларга жардам берип, ушундай кыйынчылыктардан чыгуунун жолдорун үйрөтүшүбүз керек. Эгерде кыргыз мамлекетинде өзүмдүн ордумду таап, чет мамлекеттерге чыгам десе, анда 400 миң фермердин ордуна он жылдын ичинде кырк миң фермер калыш керек. Дагы бир он жылдан кийин 400-500 чоң кооператив-холдингдер калганда гана айыл чарбасы соода тармагына өтөт. Башкача айтканда, биз натуралдык чарбакерчиликтен соода чарбачылыгына өтүшүбүз керек.
Соода чарбачылыгы эмнени талап кылат? Ал сапат менен көлөмдү талап кылат. Бүгүнкү күндө “Кыргызстанда эмне өссө, ошонун баарын алабыз. Күнүнө он вагондон берип тургула” деп атышат. Бирок биз, кыргыздар, “Күзүндө бир жолу келип алып кет” деп атабыз. Күзүндө бир айдын ичинде аларга кереги жок. Аларга күнүгө он вагондон берип туруш керек. Көрдүңөрбү биздин көлөм да аздык кылат. Эгерде биз соода тармагына өтөбүз десек, анда фермерлер биригүүсү керек. Экономика тармагында капитализация деген термин бар. Мисалы, “Менде жүз тонна картошка бар” десек, бул Кыргызстандын ичиндеги бирөөлөрдү эле кызыктырбаса, башка мамлекетти кызыктырбайт. А эгерде “Менде 10 миң тонна картошка бар” десек, анда Орусия, Казакстан, Белоруссия, Кытай мамлекеттеринен кызыгып келет болчу. Эгерде бизде 100 миң тонна картошкабыз бар, ай сайын, күн сайын, жума сайын жиберип турабыз” десек, анда дүйнө жүзү боюнча биржага чыксак болот. Мына ушундай ыкмаларга өтүшүбүз керек. Мен көп жылдан бери идентификация кылалы деп жатканымдын себеби да ушунда. Биз техрегламентке ылайык, жайлоодон столдун үстүнө келгиче эт кимдики экенин аныктап билишибиз керек. Башка өлкөлөргө эмес, Кыргызстандын ичинде ушуну аныктай билишибиз керек. Анткени август айында өтүү доорубуз бүтөт. Андыктан биз өзүбүз Кыргызстандын ичинде да продукцияны сата албай калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан ар бир ыкманы өз орду менен үйрөнүп алышыбыз керек. Ооба, айыл чарба жагынан бир аз кыйналып турабыз. Экономикабызда бизде Советтер союзунан көп өндүрүш мекемелер калып калган. Алардын  технологиялары жаңыртылган эмес. Ошондуктан анын продукциясы көп электр энергияны, сырьену талап кылат. Атаандаштыкка туруштук бере албай, алардын көп товарлары кампаларында калып атат.

— Өкмөт кандай аракеттерди көрүп атат? Кайсы ишин жакшы деп айта алабыз?

— Өкмөт азыркыга караганда эки эсе, төрт эсе жакшы иштеш керек эле. Биздин Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусун түзгөнүбүзгө эки жыл болуп калды. Биз 500 млн доллардын 175 млн долларын араң экономикага киргизе алдык. А ал жерде 1 миллиард доллар акча бар. Биз ошону алып, экономикабызга бере албай атабыз. Себеби биздин мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү экен. Жакшы бизнес долбоорлорубуз жок. Бир топ мыйзамдарыбыз бири-бирине каршы келген. Өкмөт жардам бербегендиктен биздин фермерлерибиз жерлерин күрөөгө кое алышпайт. Үйлөрүн коелу десе банктар арзан баалашат. Өкмөт мына ушундай ички проблемалар менен жакшы алек болбой атат. Ошондуктан болгону 175 млн долларды ишке киргизе алдык. А негизи 500 млн долларды иштетип, дагы бир 500 млн долларды алып койсок болот эле. Биз муну сын катары да, каалоо катары да өкмөткө айтып атабыз. Мындан сырткары, бир топ бизнес долбоорлорду антикризистик фондго беришибиз керек эле. Ал боюнча да жумуштар ыкчам кыймылдабай атат. Бирок өкмөттүн да мүмкүнчүлүгү чектелген. Себеби биз республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды кабыл алып берип койгонбуз. Ал бюджеттен сырткары эч кайда чыга албайт. Тилекке каршы, бюджеттин тартыштыгы 22 млрд сомдон ашык. Бул дагы ЕАЭБ мамлекеттеринде эң начар көрсөткүчтөрдүн бири.

— Инфляциянын деңгээли кандай? Сиз бир маегиңизде 2017-жылы дефляция болот деп айткансыз. Муну кандай түшүнсөк болот?

— Инфляция 5-20 пайызга чейин экономиканын өсүү көрсөткүчүн көрсөтүп турат. Элдин кирешеси болгон үчүн баалар өсүп, инфляция жогорулайт.  Жалпы экономикабызга бул жакшы көрсөткүчтөрдүн бири. Ал эми мен жогоруда айтып кеткендей товарларың кампада калып, сата албай калсаң, анда муну дефляция деп коет. Дефляциянын айынан көп компаниялар банкрот болушат. Экономикадагы эң чатак нерсе ушул дефляциянын көрсөткүчтөрү. Дефляция нөлдөн да ылдый түшүп кетсе, анда экономикалык абал токтоп эле калбастан, артка кетип бараткан болот. Ооба, мен жылдын башында “2017-2018-жылдары биз аябай кыйналабыз, биздин ата-мекендик өндүрүшчүлөргө инфляция болбой эле дефляция болушу мүмкүн” деп айткам.  Биз, “Бир бол” фракциясы, ата-мекендик өндүрүшчүлөрдү коргоо боюнча өзүбүздүн механизмдерди иштеп чыгып, парламентке алып чыгып, өкмөткө тапшырмаларды берели деп атабыз. Ал мекемелердин баарынын болгон карыздарын кечип, кредит жагынан жардам беришибиз керек. Себеби 25 жылдан бери ар кандай саясат болуп атып, электр энергиясына, социалдык фондго карыз болуп калды да. Азыр ошол карыздарын 5-10 жылга чоюп жардам берип койсоң, ал ишкана жумушчу орундарын түзүп, Кыргызстанда кошумча нарк пайда боло турган товарларды иштеп чыгарат. Ошондо гана биздин экономикабыз оңолот. Антип жардам бербей койсоң, Орусия, Казакстандын чоң компаниялары өзүнүн товарларын жибере берет. Алардын товарларынын баасы биздин товарларга салыштырмалуу төмөн болот. Биздики андан да төмөн кылам дейт, ошентип атаандаштыкка туруштук бере албай жок болуп кетиши мүмкүн. Биздин экономикабыздагы эң чоң коркунучтардын бири ушул.

— ЕАЭБдин алкагында азыр Кыргызстандын абалы кандай?

— Биз көбүрөөк жумушчу орундарын түзөлү, чет мамлекеттерге иштеп кеткен улан-кыздарыбыз кайтып келсин. Өндүрүшчүлөргө жардам берели деп ЕАЭБдин алкагына кирбедикпи. Бул максатыбызды  эч качан эсибизден чыгарбашыбыз керек. Жаңы ишканаларды түзүүдө дагы тобокелчиликтер көп. Бөлөк жактан келген ишкерлер биздин шарттарды жакшы билбейт. Ошондуктан, Кыргызстандын ичинде иштеп аткан ишкерлерге катуу колдоо көрсөтүшүбүз керек. Биринчиден, товарларымды экспортко чыгарам дегендерге жогоруда айтып өткөндөй кредит жагынан, жаңы технологиялар жагынан жардам беришибиз керек. Кыргыздардын көбү “Биз товарларыбызды Орусияга, Казакстанга сата албай атабыз” деп айтып атышат. Биз товарды ал жакка эмес, биринчи Кыргызстандын ичинде сатышыбыз керек. Учурда 52 пайыз өзүбүздүн керектөөбүздү камсыздап, 48 пайызын бөлөк жерден алып келип атабыз. Мисалы, 2016-жылы Кыргызстан боюнча айыл чарба продукциясын 185 млн долларга экспорттоптурбуз. Ошол эле учурда 471 млн долларга импорттоп алып келиптирбиз. Демек, биз 471 млн долларды накталай бөлөк мамлекеттерге берип, ал мамлекеттердин экономикасын көтөрүп атабыз. А биздин ишкерлер талаада калып атат. Андай болбош керек. Биз эң чоң күрөштү Кыргызстандын ичинде жасашыбыз керек. Негизинен ЕАЭБдин алкагына киргенибиз туура эле болгон. Бирок мындан көп пайда табышыбыз керек.

— Кандай жетишкендиктер болуп атат?

— Жетишкендиктер да болуп атат. Бул биздин сомдун туруктуулугу. Биз орустарга, белорустарга, казактарга караганда эртерээк туруктуу курска өтүп, аны жакшы өздөштүрүп алганбыз. Бул — жакшы көрсөткүчтөрдүн бири. Азыр Улуттук банктын жетекчиси парламент менен биргеликте жакшы иштеп атат. Былтыр биз сомдун туруктуулугун, дедолларизация баштоонун аракеттери боюнча Жогорку Кеңештин токтомун кабыл алып бергенбиз. Ошонун алкагында бир топ жакшы иштер жасалды. ЕАЭБга кошулганыбыздын дагы жакшы белгилери пайда боло баштады. Былтыркы жылдын аягында мигранттардын Кыргызстанга келип аткан акчасы көбөйдү. Себеби, жаңы мигранттарыбыз жаңы жумуштарга кирип, көбүрөөк акча келип, биздин сомубуздун туруктуулугун да камсыз кылып атат.

— Учурда бюджетибиз кантип атат?

— Кыргыздын экономикасына акча жетишпей атат дедик эле. Былтыр 30 млрд сомго чейин акчанын көлөмү көбөйдү. Жылдын башында 52-54 млрд сом акча жүгүрүп аткан, жылдын аягында Улуттук банк 82 млрд сомго жеткириптир. Бирок, бул да жетишсиз. 500 млрд сом биздин ички дүң продукциябыз болсо,  экономикабыз жакшынакай иштегенге 500 млрд сом керек. Биздин ички дүң продукциябыз канча болсо, ошончо акча жүгүрүп турушу керек. Биз ушул жагынан аксап атабыз.

— Тышкы карыздарыбыз чектен чыгып кетти деген маалыматтар айтылды. Бул боюнча эмне дейсиз? Алардан кутулуунун кандай жолдорун көрүп жатасыз?

—Учурда тышкы карыздарыбыз 4 миллиарддын тегерегинде болуп калды. Биз 1-январдан баштап жаңы бюджеттик кодексти кабыл алдык. Ал боюнча эл аралык үч көрсөткүчтөр бар. Ички дүң продукцияга, биздин кирешебизге, резервдерге салыштырмалуу биз канчага чейин акча ала алсак болот? Биздин резервивизде 500-800 млн долларга чейин бар. Бирок андан ары экономикабыз бир аз кыйналчу жагдайлар бар. Жыйырма беш жылдан бери тышкы карыздарыбыздын дээрлик көпчүлүгүн жол курууга жана энергетика тармагына алыптырбыз. Экөөндө тең жыргаган жерибиз жок. Ошондуктан мындан кийин кайсы карыз болбосун, 30-40 пайызын айыл чарбасына берип, кайра иштетүүчү ишканаларды куралы деп “Бир бол” фракциясында карап чыктык.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА