13 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 02:11


Акылбек Жапаров: «Акча шашканды, эмоцияны жаман көрөт»

Бир сомду кантип эки сом кылса болот

— Көпчүлүк адамдар акча табуу кыйын дегени менен аны сарамжалдуу пайдаланганды билишпейт. Мисалы, бир сом табыш үчүн бир топ эмгек кылыш керек. Ошол бир сомду бирөө акыл-эси, бирөө кара күчү менен табат. Эгерде акыл эс менен табам десең өзүңдү өзүң тарбиялап, билим алуу зарыл. Кара жумушта иштеген киши да кылган жумушунун майын чыгара аткарган адис болсо,  ошондо бир сом таба алат. Алла Таалам аял-эркек, күн-түн кылып жараткандай эле киреше-чыгашаны да берген. Ошондуктан бир ай жүрүп бир сом тапкан болсоң, аны кайра бир айда эмес 40 күнгө жеткидей кылып сарамжалдуу пайдалануу керек. Бир айда тапкан акчаны бир күндө туулган күн өткөрүп,  балаңа же аялына көйнөк алып берип койсоң, кыйын болуп калат. Көп үй-бүлөлөрдүн уруш-талашы кирешеге жараша чыгаша кылбагандыктан келип чыгат. Жөнөкөй эле кадам жасап атканда ушуларды эске алуу зарыл.

Үй-бүлөдө тынчтык болсо, киреше көп келет

—Акча тынчтыкты, ынтымакты сүйөт. Эгерде үй-бүлөдө тынччылык болсо, киреше алып келген кишиге сый-урмат менен мамиле кылынса, киреше көп келет. Мисалы, бир күндө же бир жумада миң сом тапсаң, ал миң сом  «бул үй-бүлө акчанын кадырын билип, тапкан адамды сыйлашат экен, мага келгиле» деп  тегерегиндеги миң сомдуктарды ээрчитип келе баштайт. Тынч болбогон үй-бүлөдө акча акырын агып кете берет. Акчанын баркын билип, майда акчаларды үйгө жеткирбей эле (анткени майда акчага  көнүп алсаң  да жаман, үйүңдөн кетпей коет)  азык-түлүк алып же карызга берип, балдарыңа балмуздак алып, чоңураак акчаларды ирети менен үйгө алып келген жакшы. Келгенде да акчага «келгениңе рахмат, сени тапкан адамга эки эсе рахмат» деп өз оюң менен сүйлөшүп туруш керек.

Акча сактоонун ыкмалары

— Биринчи кезекте акча кармаган кишинин акчага болгон ою түз болушу зарыл. Анан албетте, ал акча адал болушу шарт. Анткени арам акча менен  адал акча аралашса, сүт иригендей эле ирип, үй-бүлөгө жукпай калат. Келген акчаны таза жерге коюп, миң сомдукту шашкалактап  иштетип жибербей бир күн түнөтүп, беш миң сомдукту беш күн түнөтүп, беш күндүн ичинде да тынч боло турган болсо дагы бир аз сактаган оң.  Бир нерсеге колдоно турган болсоң «кайра келишиңди каалайт элем» деп өз оюң менен сүйлөшүү абзел. Акча тилди, ниетти, каалоолорду да  түшүнөт. Капчыкты сол чөнтөктө эмес оң чөнтөктө сактаган оң. Акчаны капчыкка оң кол менен салып, сол кол менен алуу зарыл. Мындай ыкмалар акчаны бир аз да болсо көп сарптоодон коргойт.  Анткени акчаны оң кол менен алуу оңой, сол кол менен алуу бир аз кыйыныраак. Эгерде кыйын болуп баратса мүмкүн болсо албай эле коюш керек. Бирөөнү өтө жакшы көрүп кетип, болгон акчага белек алып койгон болбойт. Катуу кубанып же кайгырып турганда акчаны сарптабаш керек. Акча — олуттуу мамилени, урматтоону сүйөт.

Акча көбөйүп баратканда эмне кылуу керек?

— Эгерде акчаң көп болсо, аны сактоонун ыкмаларын бил. Акча көбөйө баштагандан кийин ойлонуш керек. Бир бөлүгүн күнүмдүк турмушка, балдардын окуусуна алып коюп, үй алам же башка нерсе алам деген бөлүгүн банкка салып коюу зарыл. Тапкан акчаңдын үчтөн бирин сактап, дагы бир бөлүгүн бизнеске салса болот. Муну үйдө ким акча кармаса, эстен чыгарбаганы жакшы. Болгон акчаны коротуп же бизнеске салып, банкрот болуп отуруп калбаш үчүн бизнеске тапкан акчанын үчтөн бирин салып, жыйынтыгын күтүү керек. Жыйынтыгын күтпөй туруп эле жакшы болбой калды деп шашкалактап башка нерсеге өтүп кеткен болбойт. Негизи акча шашканды, эмоцияны жаман көрөт.

Сарамжалдуу болгон оң

— Кыргызда сарамжалдуу, анан сараң деп коет. Элибизде өтө көп болбосо да акчасын эч кимге бербей, эч жакка иштетпей катып алып жаткандар бар. Андай учурда акча көбөйбөйт. Акча да эшикке чыгып, аба жутуп,  айланып, айланада болуп аткан нерселерден  кабардар болуп, башкаларын ээрчитип келиши үчүн айланып турушу зарыл. Чыгашаны кирешеге караганда азыраак кылып, акчанын уюткусун сактоо бул сарамжалдуулук. Акчаны да коротуп атканда кайра киреше алып келе турган жакка салсаң, анан бир жыл бою сактап келип, той кылып коротуп жиберген болбойт. Бир жыл бою жыйнап, мал алып, аны көбөйтүп же болбосо үйүңдүн жашоо-шартын жакшыртып, сенин жардамың менен үйүм да жакшырып калды деп мамиле кылсаң, акча көбөйө берет.

Кирешеге караганда чыгашага муктаждык көп болсо

— Адам баласы напсини тыйганды үйрөнүш керек. Көп үй-бүлөлөрдө акчаны аялдар кармап жүрүшөт. Эркектер күнүмдүк оокатка көп кийлигишпейбиз. Ошолорго айтып коет элем. Италиянын модельерлеринен көйнөк кийсе болот, бирок 5-10 жыл чыдап, эркекти жакшылап иштетип, бизнести бутуна коюп, андан ары кетсе болот. Ошол көйнөктү өзүң кийбесең кызың кийсин, неберең кийсин, дайыма кийип кете тургандай болуш керек. Бул нерсе ислам дининде да жакшы айтылган. Курандын 17-сүрөсүнүн 18-аятында «сен күнүмдүк эле жашоо менен жашасаң, Алла Таалам берешен бүгүнкүнү да берип коюшу мүмкүн. Бирок эртең чын дүйнөгө барганда Алла Тааламдын мээрими сага, сенден кийинки урук-тукумуңа төгүлбөй калышы мүмкүн. Эгерде бүгүнкү, эртеңки күнүңдү, жалгандан чын дүйнөгө чейинкисин ойлосоң анда Алла Таала тиги дүйнөдө да, бул дүйнөдө да мээримин төгөт» деп айтылат. Демек акчага болгон мамиле да ошондой болушу зарыл.
Сарамжалдуулуктун жоктугунан Кыргызстанда кедей үй-бүлөлөрдүн саны  көбөйө түштү. Анткени билим алуу модага айланып, айылдагылар бири-бирине тирешип, өзүм окубасам балдарымды окутам деген орто катмардагы үй-бүлөлөр тапканына баласын окууга киргизип, ар бир баласын киргизген сайын малын сатып атып кедей боло түшөт. Эгерде бала жакшы окуса, анда акыркы малыңа чейин сатып окутсаң болот, а экиге окуган баланы бир жылдык кесиптик лицейге окуткан оң. Окууга кирген бала жакшы окубаса 5 жыл бою чыгаша менен окуп, аяктагандан кийин эч нерсе билбей, жумушка кире албайт. Ал байкуштар дипломду эптеп-септеп алган. Ошондуктан баланы 1-2-курсту аяктагандан кийин сырттан окууга которуп иштетиш керек. Ал бала окууну бүткөнгө чейин кедей болуп өзү теңдүү окууну бүткөн кедей кызга үйлөнөт да, үчүнчү кедей үй-бүлөнү пайда кылат. Кыргыздын трагедиясы ушунда, кур намыска алдырбаш керек. Ошондой эле акчаны кармаган киши алына жараша конокко катташы керек. Муктаждыктар кийим кечеден эле эмес, карым-катнаштан да келип чыгат.

Кирешенин ачык болгону жакшы

—Үй-бүлө мүчөлөрү баары киреше-чыгаша жөнүндө билиши керек. Балдарды эсепти билгенден баштап эле киреше кайдан келери жөнүндө маалыматы болгону жакшы. Анткени баарыбыз Кудайдын алдында турабыз, эртең эмне болуп кетерин билбейбиз. Киреше тапкан адам кырсыкка учурап калышы же бизнесинде кризис болуп, барчылыктан жокчулукка өтүп кетиши мүмкүн. Ал ошол кишинин эле трагедиясы болуп калат да, үй-бүлөсү мурункудай эле муктаждык менен  сурайт. Анын шартын түшүнбөйт. Эгерде үй-бүлөдө баары ачык-айкын болсо, балдары да жер тепкилебейт. Анткени кирешенин канча келерин көрүп турат. Ошондуктан өлкөбүздүн бюджети да ачык-айкын болсун деп далбастаганыбыз ошондон. Сарамжалдуу пайдалана албай жатабыз.

Насыяны кайсыл учурда алса болот?

— Эч качан насыяны чыгаша үчүн, той өткөрүү же унаа, там сатып алуу үчүн албаш керек. Ошондой эле бизнес ачам деп кредит алгандардын 95 пайызы иштеп кете албай, күйүп калышат. Кредитти бир гана  бизнести андан ары өнүктүрүүгө алыш керек. Акчаны иштетип көбөйтүү, айлантуу да талантты талап кылат.  Ар бир эле киши мыкты акча тапкыч болуп жаралбайт. Акча табуу да жараткандан берилген талант. Мисалы, баарыбыз эле кыялыбызда ыр жаратып, кыңылдап ырдап калабыз. Бирок айрым эле кишилер мыкты ырдайт, айрымдары пианино ойногонду билет. А эмне үчүн баары акча тапканды билиши керек? Акчаны акыл менен башкарып, адилеттүүлүк менен колдонгондо акча көбөйөт.

Парахат Шукурова