14 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 09:57


“Акнетте” иштегендер нааразылык митингине чыгышты

Бишкекте «Акнет» компаниясынын кызматкерлери 23-ноябрда митингге чыгышты. Алар компаниянын текшерүүгө алынганына нааразы. Себеби бул кызматкерлерге маяна төлөп берүүгө, ишке тескери таасирин тийгизиши мүмкүн.

Акнет» телекоммуникация омпаниянын Бишкектеги башкы кеңсесин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы текшерүүгө алган. Компания муну рейдерлик баскынчылык катары баалап жатат.

Маалыматка ылайык, Финансы полициясынын колунда компанияны текшерүүгө алуу үчүн соттун уруксаты бар. Ишкана ири өлчөмдө салык төлөбөгөнү боюнча арыз түшкөн. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 221- («Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы») беренеси менен иш козгогонун билдирди.

Бирок компаниянын өкүлдөрү мурда аткаруучу директор болуп иштеп кеткен Руслан аттуу жаран «Акнетке» каршы негизсиз арыз берип, компанияны рейдерлик жол менен тартып алууну көздөп жатканын айткан.

Компаниянын кызматкерлери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тинтүү боюнча эч кандай документ көрсөтпөй жатканын маалымдашты.