Өкмөт “Мегакомду” сатуу ниетинен кайтты

Өкмөт “Мегакомду” сатуу ниетинен кайтты“Мегаком” компаниясы менчиктештирүү программасына киргизилбегенин мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Ренат Түлебердиев билдирди.

Анын сөзүнө караганда, жаңы менчиктештирүү программасы өкмөт тарабынан бекитилип, Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү. Бирок “Мегаком” компаниясы эмне себептен сатылбай турганы боюнча азырынча түшүндүрмө бериле элек.

Мүлк фонду “Мегаком” фомпаниясын буга чейин бир нече жолу аукционго койгон. Бирок эч бир инвестор ага кызыкдар болгон эмес. Компанияны түз сатып алуу боюнча бир гана орусиялык ишкерден билдирүү түшкөн. Бирок анын талаптарына канааттанбагандыктан Мүлк фонду сүйлөшүүлөрдү токтоткон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты