22 январь 2019
Бишкек убактысы: 06:01


Турмуш

18.10.2018
# Коом, Турмуш
                  Бишкектин үйлөрүнө бүгүн, 18-октябрдан  жылуулук бериле баштаганын  мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Гидромедборбордун маалыматы боюнча, 20-октябрдан баштап абанын температурасы +0+2 ℃ чейин тѳмѳндѳшү күтүлүүдѳ. 21-октябрга  чейин абанын орто температурасы +8℃ тѳмѳн болот. Жылуулук берүү мезгили 5 күн катары менен +8 ℃ тѳмѳн болгон учурда бериле баштайт. […]
Салижан Жигитов атындагы «Улут абийири» наамына 2018-жылы татыктуу деп чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев  (каза болгондон кийин)  тандалган. Бугүн, 18-октябрда  сыйлыкты ыйгаруу аземи өттү. Улан Эгизбаевдин наамы ата-энесине тапшырылды. Аталган сыйлык «РухЭш» сайтынын «Чеч Дөбө» кеңешинин чечими менен ыйгарылды. Наамды ыйгаруу аземи бүгүн,  18-октябрда  Ч.Айтматов атындагы Кино үйүндө болуп, «Улут абийри» наамы Уланбек Эгизбаевдин ата-энесине тапшырылды. […]
18.10.2018
# Коом, Турмуш
Россия аннексиялаган Крымдын Керчь шаарындагы политехникалык колледжде болгон жардыруу жана атышуудан 50 дөй адам жабыркады, акыркы маалыматтарда каза болгондордун саны 20 га жеткени айтылууда. Он адам реанимацияда, оор абалда. ТАСС агенттигинин билдирүүсүнө караганда, Керчтеги политехникалык институттагы жардыруудан 50 адам жабыркап, акыркы маалыматтарда каза болгондордун саны 20 га жеткени аныкталды. Болжолдуу маалыматка караганда жардыруу жана аткылоону […]
Бишкекке биринчи кар жаады. Кышка али даярданбай, камырабай отургандарга бул кар «даярдык көр» деген коңгуроодой эле болду. Биз ушул күнү тартылган айрым сүрөттөргө көңүлүңүздөрдү бурабыз.                       Окууга бараткан кыз…                         Эстеликтерге дагы кыш келди… […]
17.10.2018
# Турмуш
Баткен жана Лейлек райондорун байланыштырган жолдо жүргүнчү ташыган кичи автобус менен жүк ташыган унаанын кагылышуусунан бир адам каза таап, жыйырмадан ашуун киши жабыркады. Кырсык 18-октябрда түштөн кийинки үчкө жакын, Ош-Баткен-Исфана жолунун 284-чакырымында, Баткен районунун Ак-Татыр айылынын аймагында болгон. Облустук акимчиликтен ырасташкандай, Ош-Исфана багыты боюнча бараткан жүргүнчүлөрдү ташуучу Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү кичи автобус менен Исфана-Бишкек багыты боюнча […]
17.10.2018
# Турмуш
Сокулук районунун Новопавловка айылындагы бир үйдөн уурулар 70 миң доллар салынган сейфти чыгарып кеткенин Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка караганда, 12-сентябрь күнү чак түштө райондук милицияга Новопавлокадагы үйлөрдүн бири тонолгону боюнча билдирүү түшкөн. Милиция айтылган дарекке барганда үйдөн сейф жоголгону белгилүү болгон. “Түшкү саат 12.00дөн 13.30га чейинки аралыкта кылмышкерлер үйдүн терезесин талкалап кирип, 70 миң […]
Эл аралык укук коргоочу «Хьюман Райтс Вотч» уюмунун докладында, экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн кылмышка куугунтуктоо – Кыргызстандагы жана Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүндөгү ислам экстремизмине каршы күрөшүү урааны алдында өткөрүлүп жаткан жалпы репрессиялык саясаттын бөлүгү экендиги белгиленет. Кыргыз Республикасы боюнча документтин өзөгүн, айыпталгандардын жана соттолгондордун экстремисттик материалдарды сактоо иштери боюнча алардын туугандарынын, жергиликтүү укук коргоочулардын, адвокаттардын […]
16.10.2018
# Турмуш
Чүй облусунун Аламүдүн районунда жоголуп кеткен туугандар — эки кыз менен бир бала Токмок шаарынан табылганын бүгүн ИИМ кабарлады. Маалыматка караганда, жоголуп кеткен 18 жаштагы Султанов Ырысбек менен 19 жаштагы Максуталы кызы Альбина бир тууган болсо, 17 жаштагы Канат кызы Алина алардын жакын тууганы. Алар 17-сентябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайыны чыкпай жаткан. Үйүнөн качып […]
16.10.2018
# Турмуш
Билл Гейтс менен бирге «Microsoft» компаниясын негиздеген Пол Аллен 65 жашында дүйнөдөн кайтты. Үй-бүлөсү ал онкологиялык оорусу күчөгөндөн улам көз жумганын билдирди. Аллен окуучулук кезден берки досу Гейтсти 1975-жылы IT тармагында революция жасаган компанияны ачууга көндүргөн. Алар сунуш кылган операциондук система компьютерди карапайым элдин жапырт колдонуусуна жол ачкан. Ал 1983-жылы компаниядан кеткен, бирок үлүшүн сактап […]
16.10.2018
# Коом, Турмуш
№47 мектептин 8-классынын окуучусу 9-класстын окуучусу тарабынан сабалгандан кийин мектептин директору, өспүрүмдөр менен иштөөчү инспектор жумуштан кетирилип, шаардык мэриянын вице-мэрине, билим берүү башкармалыгынын жетекчисине сөгүш берилди.  Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.    9-класстын окуучусунун 8-класстын окуучусун сабап койгондон кийин мектеп директору, өспүрүмдөр менен иштөөчү инспектор кызматтан кетирилди. Ал эми билиим берүу башкармалыгын жетекчисине […]
Страница 77 из 139« Первая...102030...7576777879...90100110...Последняя »