16 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 11:18


Турмуш

11.10.2018
# Коом, Турмуш
11-октябрда түнкү саат 00:31 де Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чакмак-Суу айылындагы балдар бакчасынын имаратынан өрт чыккан. Анда балдар бакчасынын 540 чарчы метр жери өрттөндү. Өрттүн себеби такталууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Сүрөттө: балдар бакчасын өрттөн кийин. ӨКМ басма сөз кызматы тарткан.
Депутат Каныбек Иманалиев айылдарды таза суу менен камсыздоо долбоорун ишке ашырып жаткан  “Ала-Тоо булагы” долбоору үзгүлтүккө учуроо коркунучуна кептелгенин бүгүн, 11-октябрда, ЖК жыйынында айтты.  Анын айтымында, буга чейин ишке ашырылып келаткан долбоорлорду каржылоо анын жетекчисинин кесипкөйлүгүнүн төмөндүгүнөнбү же шалаакылыгынанбы, айтор, токтоп, 14 млрд сомдук иш үзгүлтүккө учураганы жатат. Буга байланыштуу 52 инженердик кадр иш таштап жатканы […]
11.10.2018
# Саясат, Турмуш
Бүгүн, 11- октябрда, депутат А. Нурбаев мугалимдердин айлыгын жогорулатылмайынча келерки жылдын бюджетин кабыл албаш керектигин айтты.  Депутат Абдывахаб Нурбаев мугалимдердин айлыгы жогорулатылмайын келерки жылдын бюджетин кабыл албоо керектигин баса белгиледи. Ал керек болсо айрым мамлекеттик түзүмдөрдү кыскартуу менен сапаттуу билим берүүдөгү башкы критерий болгон мугалимдердин эмгек маянасын көтөрүү зарылдыгын айтты.
11.10.2018
# Саясат, Турмуш
  Бүгүн, 11-октябрда, Бишкектин  мамлекеттик “Ала Арча” резиденциясында  КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү кызматкерлеринин V сьезди ачылды. Анда  мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөдү. КМШ мамлекеттеринин агартуу кызматкерлеринин жыйынында сөз сүйлөгөн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков  билим берүү баарынан маанилүү тармак экенин белгиледи. КМШ мамлекеттеринде дүйнөдөгү билимдүү калк жашай турганын,  билим берүү жана илим жаатында өз ара кызматташууну […]
09.10.2018
# Коом, Турмуш
Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бурулай Турдалиеванын өлүмү боюнча сот башталды. 2018-жылдын 28-майында Бурулай Бусурманкулованы ала качуу жана андан кийин Жайыл райондук Ички иштер башкармалыгынын имаратында өлтүрүлүшү боюнча Марсбек Бөдөшев жана Акмат Сейитов сурак берүүдө. Соттолуучулардын жактоочулары жабыркаган тарап 2 млн сом моралдык жана материалдык чыгым сураганын маалымдады. Марсбек Бөдөшев Бурулайды анын макулдугу менен ала качканын […]
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда, Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы «Азра» компаниясынын буурчакты кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүү жана мектептин ачылыш салтанатына катышты. Мамлекет башчы Кыргызстанда өстүрүлүп жаткан буурчак эл аралык аренада жогору  суроо-талапка ээ экендигин белгиледи. Өлкөбүз жылына 90 миң тонна экспорттоп, 70 млн. доллар пайда табат. Буурчак өндүрүүдө 150 миңден ашуун адам эмгектенет. Сооронбай Жээнбеков завод 250гө жакын […]
Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова Молдова Парламентинин социалдык коргоо, саламаттык сактоо жана үй-бүлө боюнча комиссия төрайымы Валентина Булига менен жолугушууда Молдованын тажрыйбаларын биз изилдөөнү каалайбыз деп билдирди.   «Коюлган максаттарга жетишүү үчүн биз дагы абдан көп нерселерди кылууга тийишпиз. Биз бул маселедеги Молдованын тажрыйбасын изилдөөнү каалайбыз» деди  вице-премьер министр. Валентина Булига 1995-жылдан тарта Молдовада интернаттык мекемелерде тарбияланган […]
Президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна иш сапар менен барды. Мамлекет башчы  Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондорунда болот  жана фасолду кайра иштетүү заводунун жана мектептин ачылыштарына катышат. Андан тышкары айыл чарба кооперативдеринин жана Казакстан  мененчек арадагы «Чоң- Капка-автодорожный» көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун иштери менен таанышат. чек арадагы «Чоң- Капка-автодорожный» көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун иштери менен таанышат.
09.10.2018
# Саясат, Турмуш
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Маалыматты вице-премьер Алтынай Өмүрбекова тастыктады. Кийинки кездерде Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилигинин,   анын ичинде министрдин орун басары Лунара Мамытованын, дарегине чет өлкөгө сапарга чыгуу тартибин бузуу боюнча депутат […]
09.10.2018
# Саясат, Турмуш
Башкы   прокуратуранын басма сөз кызматы 8-октябрда билдиргендей, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова, министрдин орун басары Лунара Мамытова,  мурдагы орун басары Зууракан Каденованын чет өлкөгө сапарлары жана дипломатиялык паспорт колдонуудагы мыйзамсыз иштерин аныктады. Министр Таалайкүл Исакунова отпускада жүргөндө дипломатиялык паспортту колдонуп, өкмөт башчыга айтпастан жана анын уруксатысыз АКШга барган, 2017-жылдын 6-9-ноябрында ал “Инновациялар аркылуу […]
Страница 51 из 110« Первая...102030...4950515253...607080...Последняя »