15 август 2018
Бишкек убактысы: 01:01


Турмуш

23.05.2018
# Коом, Турмуш
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эртең, 24-майда,  түнкүсүн Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөрүн билдирүүдө. Мындай үшүк жылуулукту сүйүүчү айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн коркунучтуу. Бүгүн, 23-майда, Бишкекте шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетип жатат. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. […]
22.05.2018
# Коом, Турмуш
Борбор калаанын чет жакасындагы Дордой-1-2, Келечек, Калыс Ордо, Алтын Казык жаңы конуштарынын документи жок тургундарын жана алардын балдарын тиешелүү документтер менен камсыз кылууну «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмеси Мамлекеттик каттоо кызматы менен чогуу ишке ашырууда. Уюмдун маалыматы боюнча, өткөн жылы аталган бирикмеге туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике тууралуу күбөлүк, паспорт, баланы багып алуу, атын өзгөртүү, өлгөндүгү […]
21.05.2018
# Коом, Турмуш
Өкмөт үйүнүн алдына чогулган элүүдөй киши Аламүдүн жана Сокулук райондорундагы айдоо жерлерди турак-жай салыш үчүн трансформациялап берүүнү талап кылышты. «Трансформация» коомдук бирикмесинин жетекчиси Бекназар Айталиев Жогорку Кеңеш бул маселени өткөн жылдын аягында кароого тийиш болсо да, эмгиче каралбай келе жатканын билдирди. Кыргыз өкмөтүнүн токтому менен өлкөдө айдоо аянттарына турак жай салууга уруксат берүүгө мораторий киргизилген. […]
“Музейлер түнү” акциясы алгач 1997-жылы Германияда, Берлинде башталган. Ошондон бери, 19 жылдан бери ал дүйнөңүн көптөгөн мамлекеттеринде жайылтылды. Ал азыр Европа гана эмес, Азияда да кеңири кулачын жайды. Россия, Казакстан, Тажикстан, Эстония ж.б. көптөгөн мамлекеттер менен катар Кыргызстанда да 18-майдан 20-майга чейин өттү. КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен Кыргызстандын бардык аймактарында «Музейлер […]
Май айынын үчүнчү жекшембиси, 2012-жылдан бери Кыргызстанда Энелердин майрамы катары белгиленип келе жатат. Быйыл ал бүгүнкү, 20-майга туура келди. Президент Сооронбай Жээнбеков 18-майда Энелер күнү майрамынын алдында уюштурулган салтанаттуу аземде Кыргызстандын бардык аймактарынан келген көп балалуу энелерди “Баатыр Эне” ордени менен сыйлады жана Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу тааныткан жана өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүнө зор […]
18-майда Ош облусунун Чоң-Алай  районуна караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну, эмгектин жана  спорттун ардагери   Мамыт Таштанов велосипед менен Бишкектен Ташкентти карай жөнөп кетти. Ал “Бишкек-Ош-Анжиян-Кокон-Бухара-Самарканд-Жизак-Манас-Ташкент-Бишкек” багыты боюнча велосипед менен жөнөп кетти. Аталган иш-чара  КР  маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы туризм департаменти тарабынан уюштурулду. Велосипед менен Меккеге бара албай калып, Өзбекстанга кетти Чоң-Алай районунан Бишкекке келип, велосипед менен Өзбекстанга жөнөр алдында М. […]
Абактагы  “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Энелер күнү менен кыргызстандык жалпы энелерди, апаларды куттуктады.  Кымбаттуу энелер, асыл апалар! Урматтуу мекендештер! Май айынын үчүнчү жекшембиси Кыргызстан эли Энелер күнүн белгилейт. Бул майрам кыргызстандыктар үчүн жагымдуу майрамдардын бирине айланды. Мээримдүүлүктү, аруулукту даңазалаган бул майрам быйыл ыйык Орозо айына туура келип отурат. Эне күнү үйдүн куту болгон энелердин […]
18.05.2018
# Коом, Турмуш
Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы Бишкекте жашыруун иштеген казино ачыкталганын кечээ, 17-майда, билдирди.   Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен бирдикте жүргүзгөн иш-чаранын натыйжасына  Чүй проспектиси, 4 дарегинде, (ЖЭБ тарап) эки кабаттуу үйдө жашыруун казинону анытады. Ал жерде рулетка, поер столдору, ойноочу […]
18.05.2018
# Коом, Турмуш
Энелер күнү Кыргызстанда ар жылы май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. 2018-жылы бул дата 20-майга туура келет. Энелер күнү 2012-жылы Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен бекитилген. Президент Сооронбай Жээнбеков Энелер күнү менен куттуктоосунда мындай деди: —Адам баласына өмүр берген апаларыбыздын  расмий майрамы – Энелер күнү  менен чын дилимден  куттуктайм! Эзелтен элибиз энеге өзгөчө мамиле жасап, энени […]
Адатта, биз музейлердин күндүз гана иштегенине көнүп калганбыз. Ал эми музей түнкүсүн да иштесе кандай болор эле деп ойлойсуз? Анда бүгүн, 18-майдан баштап 20-майга чейин Кыргызстандын бардык аймагында “Музейдеги түн” маданий иш-чарасына барып катышсаңыз, музейдеги түн кандай болоруна өзүңүз күбө болосуз. Бүгүн, 18-майда ачылган иш-чара 20-майга чейин уланат.   “Музейдеги түн” иш-чарасын “Искусство жана маданият борбору” коомдук […]
Страница 5 из 57« Первая...34567...102030...Последняя »