18 октябрь 2018
Бишкек убактысы: 05:26


Турмуш

Өткөн суткада Кыргызстан боюнча 11 өрт  кырсыгы болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Өткөн суткада Бишкек шаарында, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында экиден өрт кырсыгы катталса, Ош шаарында, Ош жана Нарын облустарында бирден өрт болду. Чүйдүн Камышановка айылындагы Фрунзе көчөсүндөгү чыккан өрттөн үй ээси, 1956-жылы туулган О.Д. каза болгон. Төмөнкү Чүй айылынын Гагарин көчөсүндөгу  […]
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата анын өмүр жолун камтыган толук метраждуу документалдуу фильм тартыла тургандыгын адабиятчы Абибилла Пазылов билдирди.  Бул документалдуу фильмдин сценарийин Абибилла Пазылов композитор, публицист Түгөлбай Казаков жана режиссер Бакыт Карагулов менен бирдикте жазган. Фильмдин координатору—Аскар Айтматов. Фильмге каражат бөлүнсө жана ата мекендик, ошондой эле чет өлкөлүк меценаттар чыкса, тартыла баштамакчы.
19.01.2018
# Коом, Турмуш
Казакстандын Ак-Төбө облусунда 18-январда күйүп кеткен автобустан 32 адам кырсык болгон жерде каза болгону маалым. 5 адам аман калган. Өзбекстандын Өзгөчо кырдаалдар министрлиги каза болгон жүргүнчүлөрдүн 29унун ысымын аныктады. Курман болгондордун баары Наманган облусунан, бардыгы эркек, эң улуусу 41, эң кичүүсү 19 жашта болуп чыккан. Бул кырсык боюнча комиссия түзүлүп, анын себептери иликтенүүдө. Ал эми […]
18.01.2018
# Коом, Турмуш
2017-жылы Кыргызстандын 12 жараны паспортунда «жынысы» деген пунктту өзгөртүү боюнча арыз берип, алмаштырды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов “Азаттыкка” билдирди. — «Жарандык актыларды каттоо боюнча» мыйзамдын 72-беренесине ылайык жынысын алмаштырган адамдар паспортунда «жынысы» деген пунктун жана фамилиясынын аягындагы «-ова», «-ева», «-ов», «-ев» деген жерлерин өзгөртүшү керек болот. Бизге бир жыл […]
Азыркы ааламдашуу мезгилинде чет тилдерди билүү маанилүү орунда. Англис тили курсунун акысы айына 1500-4500 сомго чейин жетет. Бухгалтердик эсеп боюнча курстар орточо алганда 5 миң сомдун тегерегинде. Учурдун талабы болгон компьютердик графика, видеомонтаж боюнча курстар 5 миң сомдон жогору болсо, программалоо, сайт жасоо боюнча курстар 10 миң сомдон жогору. Баарынын эле курстарга миңдеген акча коротуп […]
Кылмыш дүйнөсүндө “Дөө” деген каймана атка ээ, ИИМдин базасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган Чыңгыз Жумагулов эркиндикке чыкты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын башчысы Нурлан Таштан уулу кабарлады. Анын айтымында, Жумагуловду сот мөөнөтүнөн мурда, шарттуу бошоткон. Чыңгыз Жумагулов киши өлтүрүүгө катышкан, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, ээнбаштык кылган жана кылмыш тобун […]
КР Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөбүздө 2017-жылдагы жашоо минимуму  4 900 сом 79 тыйын. Ал эми Кыргызстандагы төмөнкү пенсиянын өлчөмү —1800 сом. ЖК депутаты Умбеталы Кыдыралиев эмне үчүн мындай? Бул акчага пенсионерлер кантип күн көрөт деп бушайман болду. Ырас эле бул акчага бир ай кантип жан сактоого болсун?
Страница 44 из 63« Первая...102030...4243444546...5060...Последняя »