19 июнь 2018
Бишкек убактысы: 14:44


Турмуш

“Музейлер түнү” акциясы алгач 1997-жылы Германияда, Берлинде башталган. Ошондон бери, 19 жылдан бери ал дүйнөңүн көптөгөн мамлекеттеринде жайылтылды. Ал азыр Европа гана эмес, Азияда да кеңири кулачын жайды. Россия, Казакстан, Тажикстан, Эстония ж.б. көптөгөн мамлекеттер менен катар Кыргызстанда да 18-майдан 20-майга чейин өттү. КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен Кыргызстандын бардык аймактарында «Музейлер […]
Май айынын үчүнчү жекшембиси, 2012-жылдан бери Кыргызстанда Энелердин майрамы катары белгиленип келе жатат. Быйыл ал бүгүнкү, 20-майга туура келди. Президент Сооронбай Жээнбеков 18-майда Энелер күнү майрамынын алдында уюштурулган салтанаттуу аземде Кыргызстандын бардык аймактарынан келген көп балалуу энелерди “Баатыр Эне” ордени менен сыйлады жана Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу тааныткан жана өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүнө зор […]
18-майда Ош облусунун Чоң-Алай  районуна караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну, эмгектин жана  спорттун ардагери   Мамыт Таштанов велосипед менен Бишкектен Ташкентти карай жөнөп кетти. Ал “Бишкек-Ош-Анжиян-Кокон-Бухара-Самарканд-Жизак-Манас-Ташкент-Бишкек” багыты боюнча велосипед менен жөнөп кетти. Аталган иш-чара  КР  маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы туризм департаменти тарабынан уюштурулду. Велосипед менен Меккеге бара албай калып, Өзбекстанга кетти Чоң-Алай районунан Бишкекке келип, велосипед менен Өзбекстанга жөнөр алдында М. […]
Абактагы  “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Энелер күнү менен кыргызстандык жалпы энелерди, апаларды куттуктады.  Кымбаттуу энелер, асыл апалар! Урматтуу мекендештер! Май айынын үчүнчү жекшембиси Кыргызстан эли Энелер күнүн белгилейт. Бул майрам кыргызстандыктар үчүн жагымдуу майрамдардын бирине айланды. Мээримдүүлүктү, аруулукту даңазалаган бул майрам быйыл ыйык Орозо айына туура келип отурат. Эне күнү үйдүн куту болгон энелердин […]
18.05.2018
# Коом, Турмуш
Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы Бишкекте жашыруун иштеген казино ачыкталганын кечээ, 17-майда, билдирди.   Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен бирдикте жүргүзгөн иш-чаранын натыйжасына  Чүй проспектиси, 4 дарегинде, (ЖЭБ тарап) эки кабаттуу үйдө жашыруун казинону анытады. Ал жерде рулетка, поер столдору, ойноочу […]
18.05.2018
# Коом, Турмуш
Энелер күнү Кыргызстанда ар жылы май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. 2018-жылы бул дата 20-майга туура келет. Энелер күнү 2012-жылы Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен бекитилген. Президент Сооронбай Жээнбеков Энелер күнү менен куттуктоосунда мындай деди: —Адам баласына өмүр берген апаларыбыздын  расмий майрамы – Энелер күнү  менен чын дилимден  куттуктайм! Эзелтен элибиз энеге өзгөчө мамиле жасап, энени […]
Адатта, биз музейлердин күндүз гана иштегенине көнүп калганбыз. Ал эми музей түнкүсүн да иштесе кандай болор эле деп ойлойсуз? Анда бүгүн, 18-майдан баштап 20-майга чейин Кыргызстандын бардык аймагында “Музейдеги түн” маданий иш-чарасына барып катышсаңыз, музейдеги түн кандай болоруна өзүңүз күбө болосуз. Бүгүн, 18-майда ачылган иш-чара 20-майга чейин уланат.   “Музейдеги түн” иш-чарасын “Искусство жана маданият борбору” коомдук […]
Бишкекте, кечээ, 17-майда КР Билим берүү  жана илим министрлигинин тегерек залында   «Мектептердин окуу китептер менен камсыз болушу» аттуу тегерек стол болуп өттү. Иш-чараны Булан институту  Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте өткөрдү. Тегерек столго КР ЖК депутаттары, Билим берүү жана илим министрлигинин  өкүлдөрү,  Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы коомдук кеӊештин мүчөлөрү, Кыргыз билим […]
Бишкекте, Ала-Арча резиденциясында 15-16-майда “Балдарды эртелеп өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана анын келечеги” аттуу биринчи эл аралык форум болуп өттү. Улуттук форум Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, Ага Хан Фонду менен өнөктөштүктө Кыргызстан Өкмөтүнүн колдоосу астында өткөрүлдү. Иш-чарага республикалык өкүлдөр менен катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, АКШ, Улуу Британия, […]
17.05.2018
# Коом, Турмуш
Эртең, 18-майда, Бишкектен Ташкентке чейин “Достук” велосипед жүрүшү башталат. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда уюштурула турган “Достук” веложүрүшү 18-майда саат 15:30 да Бишкектеги “Ала-Тоо”  кинотеатрынын  аянтынан  башталат. Веложүрүш “Бишкек-Ош-Анжиян-Кокон-Бухара-Самарканд-Жизак-Манас-Ташкент-Бишкек” маршруту боюнча уюштурулат. Веложүрүш Ташкент шаарынын башкы почтасы бөлүмүнүн  имаратынын аймагында аяктайт. Веложүрүшкө Ош облусунун Чоң-Алай  районуна караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну, эмгектин жана  спорттун ардагери   Мамыт Таштанов да катышат.   Аталган иш -чара  КР  маданият, маалымат жана туризм […]
Страница 4 из 55« Первая...23456...102030...Последняя »