17 октябрь 2018
Бишкек убактысы: 15:59


Турмуш

13.04.2018
# Коом, Турмуш
«Ош базарындагы» өрт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка караганда, «Мүлктү атайылап жок кылуу жана зыян келтирүү» жана «Өрт коопсуздугу боюнча эрежелердин бузулушу» беренелери менен иш козголуп, атайын  иликтөө-тергөө тобу иштеп жатат. Эске салсак, бүгүн түндө «Ош базарынан» өрт чыгып, тилсиз жоо 2,5 миңге жакын чарчы метрди каптаган.
13.04.2018
# Коом, Турмуш
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов «Ош базарын» шаардын четине көчүрүү керек деген оюн журналисттерге билдирди. «Базар аябай жыш жайгашкан. Аларды шаардын сыртына көчүрүү боюнча долбоор иштелип чыккан. Мындай шаарлар шаардын кире бериш жактарында, же айланма жолдордо болушу керек» деди ал. Эске салсак, акыркы үч айда эле «Ош базары» үчүнчү жолу өрттөнүп жатат. Бул жолу атайын […]
13.04.2018
# Коом, Турмуш
Анткени, өрттүн чыкканы тууралуу кабар өтө кеч түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Азимбек Чаргынов билдирди. Алдын ала маалыматтарга караганда, болжол менен 2 миң чарчы метр жер күйгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Ош базары тараптагы «Берекет» соода борборунда чыккан өрт тууралуу таңга маал 4кө чукул маалымат келип түшкөн. Мекеменин маалымат катчысы Элмира Шерипова өрттү өчүрүүгө жалпысынан 14 техника тартылды деди. Тилсиз жоонун себептери жана жабыркагандар боюнча маалымат жок. Ушуну менен жыл башынан бери Ош базарынын аймагында 3-ири өрт кырсыгы катталууда. 5-мартта «Сейтек» […]
Бүгүн Жогорку сот тынч митингдерди өткөрүүгө байланыштуу “Жашылдар” партиясынын арызын карады. Партиянын жетекчиси Эркин Бөлөкбаевдин айтымында, партия Ленин райондук сотунун 1-апрелден 15-апрелге чейин митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимин жокко чыгарууну соттон өтүнгөн. Буга чейин Бишкек шаардык соту чечимди жокко чыгаруу тууралуу партиянын арызын карап, бирок аны канааттандырган эмес. Райондук соттун чечимин Жогорку соттун жарандык иштер боюнча […]
Бул тууралуу Улуттук кардиология борборунун жетекчиси Айнагүл Жумагулова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, буга чейинки алынган анализдердин жыйынтыгы жана текшерүүлөрдүн корутундусу боюнча 12-апрелде дарыгерлер консилиум өткөрдү: -Консилиумда берилген маалыматтар боюнча, Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгын дагы кошумча текшерүү зарылчылыгы бар экени аныкталды. Кан тамырлары дагы текшерилүүгө тийиш, мындан тышкары невропатолог көрүшү керек. Жумагулованын маалыматы боюнча, Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгын […]
12.04.2018
# Коом, Турмуш
Бишкектеги «Профикс-Юг» жеке ишканасында жарылуу болуп, бир киши каза болгонун ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. Куткаруучулардын айтымында, окуя 11-апрелде болгон. Комиссия жарылуу эмнеден улам чыкканын тактоодо. Кырсыктын кесепетинен 20 жаштагы жигит каза болуп, 28 жаштагы дагы бир киши жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бардык материалдар шаардык ШИИБге берилди.
12.04.2018
# Коом, Турмуш
Чүй районунун Өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекция бөлүмү  WhatsApp аркылуу күмөн туудурган видеолордун таралып жатканын иликтеп чыгышты. Ал видеодо өспүрүм балдар колун кескилеп тырык калтырышканы көрсөтүлөт. Оперативдүү иликтөөлөрдөн кийин, райондун мектептериндеги кээ бир окуучулардын колдорунда кескиленген тактар бар экенин аныкташкан. Бул фактты текшерүү үчүн комиссия түзүлүп, алар бардык мектептерди кыдырып, окуучулар жана ата-энелер менен […]
11.04.2018
# Коом, Турмуш
Бүгүн, 11-апрелде, Бишкектеги “Ак-Кеме” мейманканасында Борбордук Азиянын жарандык уюмдар арасында “Жер, балык жана токой ресурстарына ээлик кылуу жана пайдалануу маселелерин жоопкерчиликтүү жөнгө салуунун ыктыярдуу башкаруу принциптерин жайылтууга” арналган семинар өттү. Бул иш-чаранын негизги максаты— Борбор Азиянын жана КМШнын лидерлеринин потенциалын жогорулатуу. Ошондой эле БУУнун Азык-түлүк коопсуздугуна тийиштүү Ыктыярдуу башкаруу принциптерин колдонуу, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө. Келген […]
Өмүрбек Текебаевдин актоочусуЧынара Жакупбекованын айтымында, 10-апрелде «Ата Мекендин» лидери Улуттук кардиология борборунда текшерүүдөн өткөрүлүп, анализ тапшырган. Анализдердин жыйынтыгы чыккандан кийин эртең, 12-апрель күнү дарыгерлер консилиумга чогулуп ооруканага жаткыруу керекпи жокпу деген чечим кабыл алышат. Эске салсак, кечээ 10-апрелде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) №47 абакта жаткан Өмүрбек Текебавдин саламаттыгын текшериш үчүн аны Улуттук кардиология борборуна […]
Страница 20 из 63« Первая...10...1819202122...304050...Последняя »