17 октябрь 2018
Бишкек убактысы: 15:16


Турмуш

  Кыргызстанда биринчи жолу жашыл экономика жумалыгы ачылат. Бүгүн, 15-октябрдан, баштап, 21-октябрга чейин жашыл экономика жумалыгы өтөт. КР Экономика министрлиги, Айыл чарба министрлиги менен  бир катар эл аралык уюмдар иш-чараны уюштурууга көмөктөш болушту. Алсак,  Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH, БУУнун Демилгелер агенттиги, жашыл экономика боюнча шериктеш аракеттер  (PAGE) жана “Биз эксперт” аналитика борбору […]
13.10.2018
# Саясат, Турмуш
Саякатчы айымдардын дагы бири—Жылдыз Полотова эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары кызматынан бүгүн, 13-октябрда, Өкмөт башчынын жарлыгы менен бошотулду. Берген арызынын негизинде КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жылдыз Полотованы Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кызматынан бошотту. Буга чейин саякат чырынан улам министр Таалайкүл Исакунова, министрдин орун басарлары Лунара Мамытова, Зууракан Каденова кызматынан […]
“Жашыл Ай” коомдук фонду Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте борбордун Ала Тоо аянтында терс адаттардын алдын- алууга багытталган “Зыяндуу адаттардын кесепеттери” деп аталган эл аралык көргөзмөнү 9-октябрдан бери уюштурууда. Таанымал чет өлкөлүк карикатуристтердин калемине таандык «Зыяндуу адаттардын кесепеттери» аттуу эл аралык сүрөт көргөзмөсүндө терс адаттар жана алардын таасирлери чагылдырылган. Аталган көргөзмөнүн бир бөлүгү ушул жылдын […]
Кыргызстандын Кореядагы экс элчиси Кылычбек Султан кечээ чет өлкөдөн башпаанек сураганы маалым болгон. Бул кабарды Эдил Байсалов фейсбук баракчасында мындайча комментарийледи: —Кылыч Султанов  мамлекетти жана өзүн өтө чоң уят кылды. Элчинин башпаанек сураганы — бул Мекенди сатууга барабар! Бул дипломатия тарыхында эң чоң ЧП. Эчтеке боло электе «караул» деп кыйкырып, «кандуу режимди сыртта туруп кулатам, […]
ЖК депутаты Карамат Орозова үй-бүлөсүн багуу үчүн каражат тапканы  башка өлкөлөргө иштеп кетип, балдарын туугандарына таштаган учурларда, социалдык кызматкерлер алардын балдарын Балдар үйүнө таштап, андан ары алар башкаларга асыроого берилип кеткен фактылар көп болуп жатканын айтты. —Бала сатуу боюнча чуулгандуу окуя көп болуп жатат. Айрыкча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Биринчи Май райондук бөлүмүндө чуулгандуу […]
13.10.2018
# Коом, Турмуш
Чүй облусунун Чүй районунун Кошой айлында аарылардын уюгу үйдүн чатырына үйүлүп, тургундарды чочулаткан. Кечээ, 12-октябрда, кечке жуук саат 5 терге чамалаш Чүй районунун Кошой айлындагы Ленин көчөсүнүн №7 үйүнүн чатырына аарылардын уюгундагы тобу үйүлүп конуп, жашоочуларды чочулаткан. Ал жакка Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы №21 аскер бөлүгүнүн кызматкерлери барып, аарынын уюгун чыгарган.
13.10.2018
# Коом, Турмуш
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Кыргызстанда күн сууктап, үшүк жүрүшү күтүлөт.  13-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда жаан жаап, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-23 метрге жетиши күтүлөт. 14-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жаан […]
12.10.2018
# Саясат, Турмуш
Кыргызстандын Кореядагы экс элчиси Кылычбек Султан бүгүн, 12-октябрда, чет өлкөдөн баш паанек сураганын кабарлады. Элчи Кылычбек Султан бүгүн чет өлкөдөн башпаанек сураганын фейсбуктагы жеке баракчасына жазды. “Элим! Сооронбай Жээнбековдун саясий шоусун көрдүм! Бул бийликти таануудан баш тартам. Чет өлкөдөн башпаанек сурап кайрылдым” деп жазды Кылычбек Султан. “Айрым адамдар мени жумуштан бошоткону жатканы үчүн пресс-конференция өткөрдү […]
12.10.2018
# Саясат, Турмуш
Президент Сооронбай Жээнбеков Кылычбек Султанды Кыргызстандын Корея Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошоткон жардыкка кол койду. Мунун алдында президент тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди өз арызынын негизинде иштен бошоткон жардык чыгарган. ТИМдеги мындай кадрдык өзгөрүүлөргө элчи менен министрликтин ортсундагы чыр себеп болду. Бул чырды иликтеген Коопсуздук кеңеши бир күн мурда тыянагын чыгарып, эки […]
«Улуттук Энергохолдинг» компаниясынын 2016-жылдагы 1009,9 миң сом каржылык ысырапчылыгын ушул жылдын октябрь айында Эсеп палатасы текшерүү учурунда аныктады.  Энергокомпаниянын ишмердүүлүгүн текшерүүдө 1009,9 миң сом каржылык ысырапчылык аныкталган. Иштөөнүн зыяндуу шартына кабылдык деп компьютерле иштегендиктери үчүн 294,0 миң сом кызматкерлердин айлыгына кошумча төлөнгөн. Ашыкча   294,0 миң сом сыйлык жазылган. Текшерүүнүн учурунда дагы бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.  
Страница 2 из 6312345...102030...Последняя »