17 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 18:53


Турмуш

27.11.2018
# Коом, Турмуш
  Аыйкатчы институтунун кызматкерлери Ош шаарындагы 5-тергөө абагында жаткан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелип жаткан Мелис Калыков менен жолугушту. ЖМКларда М. Калыков милиция тарабынан кыйноого алынды, биринчи сурак жактоочунун катыщуусуз өттү деген маалыматтардан улам  шектүү менен жолугушту. Шектүүнүн жактоочулары Э. Карабаев жана И. Эшматов болуп, шектүү М. Калыков милиция кызматкерлеринин мурунку аракеттери адвокаттарынын […]
  Минск шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы парктагы эстелик белгинин ачылыш салтанаты болду. Иш-чарага Беларуссиянын өкмөт башчысы Сергей Румас, Кыргызстандан  Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген расмий делегация  жана шаар тургундары катышты. Сергей Румас Чыңгыз Айтматов кыргыз элинин улуу уулу, ал глобалдык масштабдагы инсан болгонун, бул парк биздин мамлекеттер ортосундагы бекем достуктун символу болорун  белгиледи. Өкмөт […]
27.11.2018
# Коом, Турмуш
Ош облусунун Кара-Суу районунда окуучу балдар мушташып, 31 бала суралды, бирөө жарат алып, ооруканага түштү.  Бул малыматты Ош облустук ИИБ тастыктады. 21-ноябрдан 22-ноябрга караган түнү, саат болжолдуу  23:30 да райондук милицияга балдардын мушташы тууралуу кабар түшкөн. Милиция баргыча, мушташкан балдар качып кетишкен. Мушташка катышкан балдардын бири Н. уулу К. ооруканага түшкөн. Ал кандайдыр катуу нерседен […]
27.11.2018
# Коом, Турмуш
Бишкек шаарынын мэриясы жаңы жылдык мыкты жасалгага конкурс жарыялады. Жаңы жыл алдында борбордогу өз районуңду, турак жай конушуңду, жашаган жана иштеген жерлериңдин айлана-тегерегин талаптагыдай жасалгалашың керек. Конкурс 1-декабрдан башталат. Райондук акимчилик конкурска катышуу боюнча арызды 31-декабрга чейин кабыл алат. Конкурста 7 түр номинация бар. Ал эми биринчи орунга 100 мин сом сыйлык ыйгарылат. Бул тууралуу […]
26.11.2018
# Коом, Турмуш
Ош облусунун аймагында бүгүн, 26-ноябрда,  саат 05:18де  очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Зилзаланын күчү Алай районунда катталган, Көк-Суу айлында 4,5 балл, Эркештам, Нура айылында 4 балл, Кара-Киндик айлында 3 баллга жеткен. Кыйроолор жана чеккендер жок.
26.11.2018
# Коом, Турмуш
Бишкектин Биринчи май районунда бүгүн, 26-ноябрда,  беш жашар кыз колун электр эт туурагычка салып жиберген. Анын натыйжасында эт туурагыч кыздын алаканын кескилеп салган. Кызды Улуттук госпиталга алып келишкенде, дарыгерлер анын такалып калган колун эт туурагычтан чыгарышкан жана медициналык  жардам көрсөтүп жатышат.
26.11.2018
# Коом, Турмуш
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Жыргалаң-Каракол жолунда 25-ноябрда “Нива” машинасы менен сууга түшүп кеткен экөө каза тапты. Жыргалаң-Каракол жолунда “Нива” машинасы менен сууга түшүп кеткен эки киши каза болуп калды. Алар—1973-жылы туулган Т. А. жана 1981-жылы туулган Ч.Р. аттуу аял. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Облустук ИИБ маалыматына караганда, аталган жолго кар […]
26.11.2018
# Коом, Турмуш
Кызыл –Кяядагы балдар бакчасынын имараатынан жылуулук түтүгү 25-ноябрда жарылып, имараттын ичин суу каптаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Кызыл-Кыянын Усубалиев көчөсүнөгү балдар бакчасынын имаратынын жылуулук түтүгү жарылганда, суу өчүрулүп, имараттын ичине толгон суу тазаланды. Тилекке жараша балдар бакчасы иштебей турган.  
26.11.2018
# Коом, Турмуш
Жергиликтүү Press TV телеканалы билдиргендей, Иранлын Керманшах провинциясында жер титирөөдөн жапа чеккендердин саны 550 гө жетти. Жер титирөо Керманшах жана Илим провинцияларында, Иракта жана Азербайжанда да болуп өттү. Европа Жер ортолук сейсмологиялык борборунун маалыматы боюнча жер титирөөнүн очогу 6,3 магнитудасында Иран-Ирак чек ара аймагында болгон. Жер титирөө жердин  ондогон чакырым алдынан чыккан.
26.11.2018
# Коом, Турмуш
Тоң районунда мектеп окуучусунун телефону жарылып, денесинин 30 пайызы күйүп, ооруканага тушкөндүгү кабарланды. Ошондон улам чөнтөк телефонду пайдаланууда коопсуздук эрежелерин унутпайлы.    Телефонду түнү бою электр менен кубаттандырууга сайып койбош керек. Көпчүлүк чөнтөк телефондо литий-ион булагы пайдаланылган. Сүйлөшүп жаткан учурда да зарядга койгондо, аккумулятордун батареясы дүрт этип кетиши ыктымал. Эгер чөнтөк телефондо мандем болсо, электр […]
Страница 18 из 111« Первая...10...1617181920...304050...Последняя »