17 февраль 2019
Бишкек убактысы: 11:16


Турмуш

06.02.2019
# Коом, Турмуш
Аида Салянованын агасы Калыбек Элтуйбасовду (Салянов) АКШдан алып келүү тууралуу маселеде ИИМ менен Баш прокуратура кайым айтышы уланууда.  Элтуйбасовду (Салянов) АКШдан алып келүү тууралуу Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Баш прокуратура алектенип жатканын билдиргенде, Баш прокуратура ал айткандарды четке кагып, андай иш  жүрбөгөнүн, АКШ менен Кыргызстандын ортосунда жарандарды экстрадициялоо боюнча макулдашуу жок экенин […]
«Өлкөнүн билим берүү чөйрөсү тышкы жана ички эмгек рынокторунда талап кылынган адистерди даярдашы керек. Бул максатта кесиптик-техникалык билим берүүчү окуу жайлардын мүмкүнчүлүгүн максималдуу пайдалануу зарыл», — деп белгиледи  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда Бишкек шаарындагы № 98-кесиптик лицейге барганда. Президентке лицей маалымат технологиялары, телекоммуникациялар багыттары боюнча жана кардарлар менен иштөө чөйрөсү үчүн квалификациялуу кадрлар даярдай турганын айтып беришти. […]
06.02.2019
# Блог, Коом, Турмуш
Балдарыбызды катасыз жазууга үйрөтүп, бирок ката жазылган окуу китеби менен окуган заманда жашап жатабыз. Мен эне катары кызым менен уулум окуган китептерден жакшы билим алса деп тилейм. Бирок балдарым катасы оркоюп, жасалгасы начар, эптеп коррупциялык жол менен тааныш- билиш болуп, атаандашсыз өтүп келген автордун, кыска мөөнөттө же эки айда эптеп жазган китебин окууга аргасыз. Билим […]
Жогорку Кеңештин 6-февралындагы жыйында «Туризм» тууралуу мыйзамдын долбоору талкууланды.  Өкмөт “Кыргыз туризм” ишканасын түздү. Бюджет тартыш болуп турганда, кайра жаңы ишкана ачып жатат. Туризм министрлиги деле турат. Өкмөттү жаңыча иштөөгө чакырып, кошуна Өзбекстан менен Арменияга командировкага жибериш керек экен. Азыркы Премьер-министр жаңы нерселерди жасай албайт экен деп депутат Жанар Акаев Өкмөттү сындады. Өкмөттүн маалыматына караганда, […]
06.02.2019
# Коом, Турмуш
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кийинки кездерде Бириккен Араб Эмираттарына барып, ичимдик ичкен кыргызстандыктар кездешип жатканын билдирет, айрыкча аялзатынын арасынан.   Ислам өлкөлөрүндө спирттик ичимдик ичүүгө административдик чара көрүлөт. Ошондуктан КР Тышкы иштер министрлиги БАЭге барган кыргызстандыктарды ал өлкөнүн каада-салттарын, тартибин сактоого чакырат. Эскерте кетсек, спирттик ичимдик ичкендерге Бириккен Араб Эмираттарында 10 мин дирхам (болжол менен […]
06.02.2019
# Коом, Турмуш
Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан «Freedom House» эл аралык укук коргоо уюму 5-февралда жарыялаган жаңы баяндамасында Борбор Азия өлкөлөрүнөн жалгыз Кыргызстан гана «жарым-жартылай эркин» өлкөлөрдүн катарына кошулду деди. Казакстан «эркин эмес» өлкөлөрдүн тобуна кошулса, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстан саясий укуктар менен жарандык эркиндиктин абалы эң начар мамлекеттер деп табылган. Чөлкөмдөгү бул үч өлкө Сирия, Түштүк Судан, […]
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев 6-февралдагы ЖК жыйынында “Атаандаштык жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору  талкууланып жатканда учурда күйүүчү май сатуучулар анын дүӊ баасына акча кошуп сатып жатканын, муну Антимонополиялык агенттик көзөмөлдөбөгөнүн билдирди. «Мисалы, дизелдик майдын дүӊ баасы 40 сом экенине карабастан, ал азыр 45 сомдон сатылууда. Агенттиктин башчысы конфиденциалдуу маалымат деген шылтоо […]
Кыргызстанда темир жолдун узундугу 424,6 чакырымды түзөт. Темир жолдун 17 пайыз рельси алмаштырууга муктаж. «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы орочо эсеп менен 25 чакырым темир жолду модернизациялап, темир бетон шпалдарды коюп жатат. Бүгүнкү күндө 295 миӊ темир бетон шпал коюлушу керек. Ага 1 млн 885 миӊ сом зарыл. Бул тууралуу 5-февралда “Кыргыз темир […]
06.02.2019
# Коом, Турмуш
5-февралда  саат 23:40 чамасында болгон катуу шамалдын кесепетинен Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 115-чакырымында кар күрткү пайда болуп, анын кесепетинен 16 унаа 70 жүргүнчүсү менен жолдо калышкан.   Ал жакка Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн башчысы барып, жүктөгүч,  грейдер тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамында саат 00:26да Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 115-чакырымындагы кар күрткү толугу менен тазаланып, унаа жолу ачылган. Ал […]
06.02.2019
# Коом, Турмуш
Чоң-Алай районундагы унаа жолдорго кар көчкү түштү. Жеңил машинаны көчкү басып калып, андагы кишилер аман-эсен сакталып калды.  5-февралда саат 18:40 чамасында Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 98-чакырымында (Дароот-Коргон айылы) болжол менен 600м3 кар көчкү тушкөн. Ошол эле чакырымында 5-февралда саат 19:34 чамасында кайрадан 700м3 кар көчкү түшүп, «Деу Матиз» унаасын басып калган. Унаанын […]
Страница 10 из 165« Первая...89101112...203040...Последняя »