22 январь 2019
Бишкек убактысы: 07:02


Саясат

“Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” дегендей… Вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин төрагалыгы менен Бишкек жылуулук электр борборундагы көйгөйлүү абалдын чыгуу себептерин иликтөө боюнча ведомство аралык комиссиянын алдын-ала жыйынтыгы чыгарылды. Ведомстволук комиссия алдын-ала жыйынтыгында буларды белгилейт: —Технологиялык бузулуунун алдын- ала себеби катары оперативдик персоналдын тузсуз суу бактарындагы деңгээлди төмөндөтүүдөгү макулдашылбаган аракети болуп саналат, бул авариялык абалдын курчушуна алып келген; […]
15.02.2018
# Коом, Саясат
14-февраль күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Алмазбек Атамбаевдин доосу боюнча жоопкер укук коргоочу Чолпон Жакупованын Ысык-Көл облусундагы үйүн каттоого алып, сатыкка чыгаруу боюнча соттук аныктама чыгарылды. Бул иш боюнча сот аткаруучулардын өтүнүчүн караган судья Кымбат Архарова мурдагы президентке доого жыгылгандардын ичинен алгач укук коргоочу Чолпон Жакупованын үйүн сатыкка чыгарууга уруксат берген аныктаманы чыгарды. Ага ылайык, […]
15.02.2018
# Коом, Саясат
КР Премьер-министри Сапар Исаковдун 14-февралдагы буйругуна ылайык, Алина Шаикова Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы болуп дайындалды. А. Шаикова буга чейин финансы министрлигинин алдындагы мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болуп иштеген. 2014-2015-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген. Ал эми мамлекеттик каттоо кызматын буга чейин жетектеп келген Дастан Догоев жазган арызынан улам кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Өкмөттүн ЖМК менен […]
14.02.2018
# Коом, Саясат
  Дыйканбаев Курманбек Сапарович — Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-февралда кол койду. Буга чейин бул кызматта иштеген Молдакун Абдылдаев кызматынан бошотулду. Курманбек Дыйканбаев — 57 жашта, кесиби боюнча ветеринардык врач. “Республика” партиясынан Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты, Өмүрбек Бабанов ЖК депутаты кезинде анын коомдук кеңешчиси […]
14.02.2018
# Коом, Саясат
Абакта ачкачылык кармап жаткан саясатчыларды Жогорку Кеңештин депутаттары көрүп чыгышты. Бул тууралуу №47 абакка кирип чыккан парламент депутаты Жанар Акаев билдирди. Анын айтымында, ачкачылык кармап жаткан саясатчылардын саламаттыгы начарлап кеткен. — Айрыкча Бектур Асановдун абалы оор экен. Түрмөнүн дарыгерлери анын кан басымы кескин төмөндөп кеткенин билдиришти. Ошондуктан дарыгерлер саясатчы акциясын токтотпосо кесепети оор болорун эскертишти. […]
14.02.2018
# Коом, Саясат
Түрмөдөгү оппозициячыл саясатчылар, бийликти күч менен басып алууга аракет кылгандыгы үчүн деген айып менен камакка алынган  Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 12 жылдан, Эрнест Карыбеков 20 жылга эркинен ажыратылгандыгы белгилүү. Дастан Сарыгулов шарттуу төрт жылга кесилип, сот залынан бошотулган.     Бийликти күч менен тартып алууга ниеттенгендиги үчүн айыпталып, камакка алынган Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана […]
12.02.2018
# Коом, Саясат
Москва алдындагы кыйраган “Саратов аба жолдоруна” таандык Ан-148 учагынын жүргүнчүлөрү 2 миллион рублга камсыздандырылган. Бул тууралуу Орусиянын эмгек жана социалдык коргоо министри Максим Топилин билдирди. “Бул стандарттык камсыздандыруу: 2 миллион рубль жана сөөктү жерге берүү үчүн 25 миң рублдан берилет”,– деди ал. Орусия президентинин Приволжск федералдык аймагындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Михаил Бабич өлгөндөрдүн жакындарына Оренбург […]
12.02.2018
# Коом, Саясат
«Бийликти күч менен басып алууга аракеттенди» деген айып менен соттолгон Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков ачкачылык кармоону улантып жатышат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын расмий өкүлү Александр Никсдорф билдирди: — Ачкачылык кармагандардын бири — Кубанычбек Кадыров — суу жана чай иче баштады. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Баарынын абалы канааттандырарлык. «УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев […]
12.02.2018
# Коом, Саясат
Премьер-министр Сапар Исаков 11-февралда Дубайда «Air Arabia» авиакомпаниясынын башкы директору Адель Абдулла Али менен жолугушту. Тараптар авиация тармагындагы кызматташууну талкуулашты. Өкмөт башчы Сапар Исаков «Air Arabia» авиакомпаниясынын жетекчисине Кыргызстан аркылуу жаңы авиакаттамдарды ачуу мүмкүндүгүн карап көрүүнү сунуштады. «Air Arabia» авиакомпаниясынын башкы директору Адель Абдулла Али кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. «Air Arabia» компаниясы араб дүйнөсү жана […]
Страница 91 из 122« Первая...102030...8990919293...100110120...Последняя »