16 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 12:37


Саясат

05.04.2018
# Коом, Саясат
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, эл ичинде «Райым миллион» атыккан Райымбек Матраимов кызматка экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов аркылуу дайындалганын маалымдады. Бул тууралуу 5-апрелде айрым басылмалар жазып чыгышты. «2015-жылы Алмазбек Атамбаев жана досум Икрамжан Илмиянов аркылуу мен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына дайындалгам. Мен дайыма КСДПга пайдалуу болууга аракет кылып келдим. Азыр […]
Бүгүн, 5-апрелде,  Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Дастан Бекешов Транспорт жана жол министрлигине караштуу Транспорт инспекциясын жоюу керек, анын ишин талдап көрсөк, башка бир катар мамлекеттик органдардын иш-милдетин кайталайт экен деди. Жакында эле иш таштаган кичи автобус айдоочуларын бир четинен түшүнсө болот, инспекциянын кызматкерлери алардан акча алуунун кынуусун алып калышыптыр, ошондуктан аны жоюу зарыл деп айтты.
05.04.2018
# Коом, Саясат
«Манас» эл аралык аэропорту чоң каражат таба турган жер, аны туура пайдалануу керек. Эмне үчүн аэропортту Өкмөт өзү иштетип, акча таба албайт?» — деген суроону Тазабек Икрамов Жогорку Кеӊеш жыйынынын жүрүшүндө айтты. «Биздин өлкөдө көптөгөн карылар жана балдар үйлөрү бар. «Манас» аэропорту өзү иштетип, кошумча каражат тапса, алар камсыз болмок. Андай кылуунун ордуна молдован ишкерине […]
04.04.2018
# Коом, Саясат
3-апрелде, “Республика-Ата журт” парламенттик фракциясынын лидери алмашылып, Руслан Казакпаевдин ордуна Жыргалбек Турускулов шайлангандыгы маалым болду.   Партиянын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов жаратылыш байлыктарын коргоп, аркар-кулжаларга аңчылык кылууга мораторий жарыялоону жактаган мыйзам долбоорун даярдап, өтпөй калганда капа болуп, акыры аны өткөрүү боюнча үмүт-тилек кылган болсо, эми ал тилеги таш кабат окшойт. Анткени “Республика-Ата журт” фракциясынын жаңы лидери Жыргалбек […]
04.04.2018
# Коом, Саясат
Бүгүн, 4-апрелде,  Президент Сооронбай Жээнбеков “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу”  мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кенеши тарабынан 2018-жылдын 22-февралында кабыл алынган. Анын максаты — мамлекеттик сатып алууларга катышкан кызмат адамдарынын арасында коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү жана атаандаштыкты камсыз кылуу болуп саналат. Азыркы учурда «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамына ылайык, уставдык капиталга […]
04.04.2018
# Коом, Саясат
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековго, Премьер-министр С.Исаковго, Жогорку Кеӊеш Төрагасы Д. Жумабековго, парламенттик фракциялардын лидердерине, Жогорку Кеӊеш комитеттерине, Акыйкатчы К. Оторбаевге, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Т.Жапаровго КАЙРЫЛУУ
04.04.2018
# Коом, Саясат
Бишкек жылуулук электр борборуна байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди. УКМК 2-апрелде Бишкек ЖЭБинин, «Электр станциялары» ААКынын жана «Улуттук энерго холдинг» ААКнын бир топ кызматкерлерине Кылмыш жаза кодексинин […]
04.04.2018
# Коом, Саясат
Бүгүн, 4-мартта, Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук Коопсуздук  мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын башчысы Мусакеев Дамир Сагындыковичти берген арызына ылайык кызматынан бошотту.   Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук Коопсуздук  мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын башчысы Мусакеев Дамир Сагындыковичти берген арызына ылайык кызматынан бошотту.  Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Улуттук Коопсуздук кызматынын 9-кызматы деген кандай кызмат? Айта кетсек, 9-кызматтын тарыхы […]
03.04.2018
# Коом, Саясат
КР Президенти  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-апрелде, ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алуу учурунда ИИМде коррупция деңгээли жогору экендигин айтты. Министр  кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чаралар тууралуу маалымат берди. Президент С. Жээнбеков коррупцияга каршы ички иштер органдарында иш күчөтүлүп жаткандыгы байкалгандыгын белгиледи. “Бирок алдыга коюлган конкреттүү максаттарга жетиш үчүн дагы көп иштеш керек” деди.  Сооронбай […]
Страница 63 из 109« Первая...102030...6162636465...708090...Последняя »