19 июнь 2018
Бишкек убактысы: 14:38


Саясат

19.03.2018
# Коом, Саясат
Бүгүн, 19-мартта, Сооронбай Жээнбеков  Россиянын Президенти   Владимир  Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Жээнбеков Путинди Россия Федерациясынын Президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Мамлекет башчылары Евразиялык Экономикалык Биримдик алкагында  кызматташуу жана Россияда өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынын талкуулашты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
18.03.2018
# Коом, Саясат
Бүгүн, 18-мартта, Россияда президентти шайлоо жүрүп жатат  Кыргызстандагы россиялыктар үчүн да шайлоо участкалары ачылган. Бүгүн Россияда президентти шайлоо күнү. Президенттикке талапкер болуп алты адам катталган. Алар: Сергей Бабурин, Павел Грудинин, Владимир Жириновский, Владимир Путин, Ксения Собчак, Максим Сурайкин, Борис Титов и Григорий Явлинский. Бишкекте да Кыргызстанда жашаган жана убактылуу келген Россия жарандары үчүн шайлоо участкалары […]
17.03.2018
# Коом, Саясат
Бүгүн, 17-мартта, “Медиа форум” ишканасынын алдындагы Аксы окуясын эскерүү учурунда “Айкөл Ала Тоо” коомдук бирикмеснинн төрагасы, ЖК мурунку депутаты Мээрбек Мискенбаев президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековду убадасына туруп, депутаттык мандатын тапшырсын деди. М. Мискенбаев шайлоо алдында Асылбек Жээнбеков агасы президенттикке өтсө, депутаттык мандатымды тапшырам деп сөз берген, эми ошол […]
17.03.2018
# Коом, Саясат
КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун  2002-жылдын 17-мартындагы  Аксы окуяларына байланыштуу кайрылуусу: “Урматтуу кыргызстандыктар! 17-марттагы  Аксы окуясы кыргыз элинин тарыхында авторитардык-үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыккан карапайым элдин майтарылбас эркин даңазалаган каармандыктын күнү катары жыл сайын белгиленип келет. Ушул күнү Аксы окуясында курман болгон   жана жарат алган мекендештерибиздин каармандыгын эскеребиз. Аксы окуясы  эгемендүү Кыргызстандын тарыхына демократияны коргоонун, мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн […]
16.03.2018
# Коом, Саясат
Абылгазиев  Мухаммедкалый  Дүйшекеевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды. Мындай жарлыкка КР Президенти Сооронбай Жээнбеков койду. Мухаммедкалый Абулгазиев 1968-жылдын 20-январында Нарын областынын Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында туулган. 1994-жылы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун, 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетин аяктаган. “ПолитКлиника” порталында 7-мартта Фарид Ниязов кеткенден кийин анын ордуна Мухаммедкалый Абулгазиевдин келишин божомолдодук […]
16.03.2018
# Коом, Саясат
КР Президенти Сооронбай Жээнбеков  Астана шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын биринчи консультативдик жолугушуусунда сүйлөп, аймактык кызматташтыкты жаңылап түзүү милдети турганын белгиледи.   “Бүгүн биздин алдыбызда өлкөлөрүбүздүн элдеринин бакубатчылыгы үчүн аймактык кызматташууну жаңылап түзүү милдети турат. Муну Борбордук Азия өлкөлөрүнүн азыркы муунунун кызыкчылыгы үчүн гана эмес, келечек муун үчүн да жасашыбыз керек. Өзбекстан Президенти Шавкат Миромоновичтин […]
Быйылкы катуу суукта ЖЭБдин (ТЭЦ) бет пардасы сыйырылып, анын чуусу дагы деле бүтө элек. Эң аяз күндөрү жылуулуктун берилбей калышына күнөөлүү делип садага чабылган бул мекеменин жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу көп былык иштердин четин чыгарды. Анын айтымында, ЖЭБ жетекчилиги 500 миң сомго чейинки гана иштерди өз алдынча жасай алат. Андан ашкан суммадагы долбоорлорду жогору жакта […]
15.03.2018
# Коом, Саясат
КР Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-мартта, Астанада өтүп жаткан Борбор Азия мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушканын КР президентинин басма сөз кызматы кабарлады.  Нурсултан Назарбаев соңку жолугушуудан кийин эки тараптуу бардык маселелер чечилгендигин, Жол картасы иштеп жаткандыгын белгиледи. “Биз мындан ары дагы бардыгы жакшы болот деп ишенебиз. Сиз Тажикстандын жана Өзбекстандын […]
Страница 30 из 70« Первая...1020...2829303132...405060...Последняя »