26 апрель 2018
Бишкек убактысы: 11:42


Саясат

Премьер-министр Сапар Исаков Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев менен «Электр станцияларынын» Узак Кыдырбаевди кызматынан алууну тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Бүгүг өкмөт башчы 26-январда Бишкек ЖЭБиндеги аварияны иликтеген ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү. Анда Сапар Исаков Улуттук энергохолдинг менен «Электр станцияларынын» жетекчилери авариянын келип чыгышын, себептерин коомчулукка, депутаттарга жөндөп түшүндүрүп бере алган эмес […]
10.04.2018
# Коом, Саясат
Өкмөт башчы Сапар Исаков юстиция министрлигине Айнур Абдылдаеванын талапкерлигин Жогорку Кеңешке сунуштады. Буга чейин Абдылдаева 2017-жылдын июнь айынан тарта аталган министрликтин статс-катчы кызматын аркалап келген. Эске салсак, юстиция министри Уран Ахметов ушул жылдын 2-апрелинде отставкага кеткен эле.  
10.04.2018
# Коом, Саясат
Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркия башчысы Рэжеп Тайып Эрдоган социалдык камсыздандыруу боюнча тарыхий келишимге кол коюшту. Бул тууралуу кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Түркияга сапарынын жүрүшүндө өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Түркия менен кол коюлган социалдык камсыздоо жаатындагы келишимге ылайык, эки өлкөдө иштеп, камсыздандыруу акысын төлөгөн жарандар эки жактан тең пенсия алышат. Жээнбеков Анкарадагы сапары […]
10.04.2018
# Саясат
 «Ата Мекен» партиясынын камакта отурган лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн текшерүүдөн өтүү үчүн кардиологиялык борборго чыгарылат. Бул тууралуу Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтан кабарлашты. Маалыматка караганда, Текебаевге аталган борбордон кардиограмма жасалат, анын жыйынтыгы менен дарыгерлер консилиум кылып, борбордо калып дарылануу керекпи же жокпу чечишет. Акыркы учурда Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары анын ден-соолугунда кооптонуулар бар экенин айтып, дарыланууга […]
10.04.2018
# Коом, Саясат
Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 9-апрелде Анкара шаарында жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык, кыргыз-түрк мамилелерин талкуулады. Эрдоган жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында “Кыргызстан Түркия үчүн өзгөчө өлкө” деп билдирди. Түрк президенти ошондой эле өз сөзүндө «2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракетинин артында турат» деген диниятчы Фетхулла Гүлендин кыймылы Кыргызстан үчүн да кооптуу деп, […]
09.04.2018
# Коом, Саясат
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун Түркияга расмий сапары башталат. 9-10-апрель күнгө пландалган сапар алкагында мамлекет башчы түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган, өкмөт башчы Биналы Йылдырым жана Улуу улуттук кеңештин төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бүгүн президент Анкарадагы Ататүрктүн мавзолейине гүлчамбар коет. Расмий делегациянын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, вице-премьер-министр Санжар Мукамбетов, экономика министри […]
07.04.2018
# Коом, Саясат
Бүгүн, 7-апрелде, Ата-Бейитте мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку Кеңеш төрагасы Дастан Жумабеков, Жогорку сот төрайымы Айнаш Токбаева жана башка расмий адамдар, коомчулук Ата Бейитте курман болгондорго куран түшүрүп эскеришти. Бүгүнкү эскерүү иш-чарасына экс-президенттер Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев  чакырылган. Бирок экс-президент Алмазбек Атамбаев ооруп калгандыгына байланыштуу бул иш-чарага катыша алган эмес. Экс-президент […]
07.04.2018
# Коом, Саясат
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык  Кадыркулов Идрис Анарбекович  Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Улуттук коопсуздуктун  коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору  болуп дайындалды.
07.04.2018
# Коом, Саясат
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тѳрагасынын орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору Суюмбаев Болот Турарович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдады.
07.04.2018
# Коом, Саясат
7-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Сегизбаев Абдил Кеңешевич берген арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Страница 10 из 57« Первая...89101112...203040...Последняя »