22 январь 2019
Бишкек убактысы: 06:38


Мультимедиа

Кечээ, 31-октябрда Бишкек шаарынын тургундары хеллоуинди майрамдашты. Ар түрдүү образдар менен жүргөн Бишкектиктер туралуу фоторепортаж. Чыныгы карышкырдан айырмасы жоктой… Курбулар менен чогуу… Кичинекей балдар чоңдордон артта калбай… Достор менен шаңдуурак. Кел чогуу майрамдайбыз! Көз караштар баарын айтып турат. Сүйүү келбетке карабайт. Бүгүн түшүңө кирем. Жылмайуудан баары башталат. Даярдаган: Кылычбек кызы Ырысбү
Күн сайын Акүйдүн же Өкмөт үйүнүн жанында каттарын көтөрүп, Президенттик администрацияга, Жогорку Кеңештин депутаттарына, Өкмөт үйүнө кире албай отурган толтура элди көрөбүз. Алар  арыз-муңун тиешелүү аткаминер угуп, жардам береби деген үмүттө келишет. Бирок, көбүнчө алардын арызын эч ким укпайт. Биз бул рубрикабыз менен ошол адамдарга жардам берип, тиешелүү аткаминерлерге алардын үнүн жеткирмекчибиз. 
Орусиядагы “Кара тизмедеги” мигранттар үчүн  16-октябрдан 10-декабрга чейин мунапыс жарыяланганын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.  Эки мамлекеттин башчылары тарабынан жетишилген кыргыз-орус келишимдердин негизинде “кара тизмеге” кирген мигранттардан сырткары, Орусиянын аймагында  мыйзамсыз жүргөн кыргыз жарандары дагы легалдаштырылат. “Кара тизмеге ” кирген Кыргызстандын жарандары: 2018-жылдын ноябрь айынан баштап Кыргызстандын жарандары, Орусиянын ИИМинин маалымат базасынан […]
Чет өлкөдө билим алууну каалаган жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөр жылдан-жылга көбөйүп жатат. Акчаң болсо гана чет олкөдө окуй аласың деген ойду четке каккан бул мүмкүнчүлүктөр, көптөгөн студенттердин акысыз сапаттуу билим алуусу үчүн реалдуу болуп калды. Болгону программаны, окуу жайды, кесипти туура тандоо керек. Биз мындан ары акы төлөбөй чет өлкөдө окуу мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырабыз. Түштүк Корея […]
Күздүн күнү, той-аштын убагы болуп, сойгонго ылайыктуу мал издегендер көбөйдү. Тоодон түшкөн семиз малын сатып, кыштын камын көргөндөр андан көп. Айылдагылар го белгилүү, ал эми шаардагылар кантип атты экен деп кызыгып, борбордун четиндеги Маевка айылында жайгашкан «Жантай» базарына сапар алдык. Мындагы мал базарда мал-алып сатууга байланыштуу жумушту экинчи кесип кылып алган бир катар кызматкерлер менен […]
Колдон колго, тойдон тойго өтүп жүргөн көйнөктү бир жолу болсо дагы ачып көрдүңүз беле? Бетинен караганда кадимки эле чоң кишинин көйнөгүндөй көрүнгөн, бирок арт жагынан караганда 2 айлык балага ылайык болгон бул көйнөктөр биздин эле базарларда сатылып жатканын этибар албасаңыз керек. Биз борбор калаабыздагы базарларды кыдырып эксперимент жүргүзүүнү чечтик. Биз Жунхай жана Дордой базарынан беш […]
КР президенттик аппаратынын экс башчысы Икрамжан Илмияновго кылмыш иши козголуп, камакка алынгандыгы маалым болду. Ал мурдагы Президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамы катары маалым болчу. Илмияновго чейин дагы кайсы таасирдүү адамдарга кылмыш иши козголуп, кимдер жазасын тарткан, кимдер качып кеткен? 1.Аскар Акаевдин учурундагы “серый кардиналдар”         2. Курманбек Бакиевдин учурундагы “серый кардиналдар” 3. Алмазбек […]
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин ишмердүүлүгүн текшерүүнү талап кылууда. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып ал “Коопсуз шаар” долбоору үчүн жооптуу адам бир нече кылмыш ишине тиешеси бар экенин айтып чыкты. Кененирээк видео материалда.  
Бишкекке биринчи кар жаады. Кышка али даярданбай, камырабай отургандарга бул кар «даярдык көр» деген коңгуроодой эле болду. Биз ушул күнү тартылган айрым сүрөттөргө көңүлүңүздөрдү бурабыз.                       Окууга бараткан кыз…                         Эстеликтерге дагы кыш келди… […]
Страница 6 из 11« Первая...45678...Последняя »