16 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 13:07


Мультимедиа

Күздүн күнү, той-аштын убагы болуп, сойгонго ылайыктуу мал издегендер көбөйдү. Тоодон түшкөн семиз малын сатып, кыштын камын көргөндөр андан көп. Айылдагылар го белгилүү, ал эми шаардагылар кантип атты экен деп кызыгып, борбордун четиндеги Маевка айылында жайгашкан «Жантай» базарына сапар алдык. Мындагы мал базарда мал-алып сатууга байланыштуу жумушту экинчи кесип кылып алган бир катар кызматкерлер менен […]
Колдон колго, тойдон тойго өтүп жүргөн көйнөктү бир жолу болсо дагы ачып көрдүңүз беле? Бетинен караганда кадимки эле чоң кишинин көйнөгүндөй көрүнгөн, бирок арт жагынан караганда 2 айлык балага ылайык болгон бул көйнөктөр биздин эле базарларда сатылып жатканын этибар албасаңыз керек. Биз борбор калаабыздагы базарларды кыдырып эксперимент жүргүзүүнү чечтик. Биз Жунхай жана Дордой базарынан беш […]
КР президенттик аппаратынын экс башчысы Икрамжан Илмияновго кылмыш иши козголуп, камакка алынгандыгы маалым болду. Ал мурдагы Президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамы катары маалым болчу. Илмияновго чейин дагы кайсы таасирдүү адамдарга кылмыш иши козголуп, кимдер жазасын тарткан, кимдер качып кеткен? 1.Аскар Акаевдин учурундагы “серый кардиналдар”         2. Курманбек Бакиевдин учурундагы “серый кардиналдар” 3. Алмазбек […]
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин ишмердүүлүгүн текшерүүнү талап кылууда. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып ал “Коопсуз шаар” долбоору үчүн жооптуу адам бир нече кылмыш ишине тиешеси бар экенин айтып чыкты. Кененирээк видео материалда.  
Бишкекке биринчи кар жаады. Кышка али даярданбай, камырабай отургандарга бул кар «даярдык көр» деген коңгуроодой эле болду. Биз ушул күнү тартылган айрым сүрөттөргө көңүлүңүздөрдү бурабыз.                       Окууга бараткан кыз…                         Эстеликтерге дагы кыш келди… […]
Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаевдин айтымында, Өмүрбек Бабанов шайлоодон кийин чыңалып турган абалды басаңдатуу максатында Кыргызстанга келбей, Президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин бекемделишине жардам берген. Депутат Бабановдун ишин калыс карап берүүнү Президент Жээнбековдон сурады. «Урматтуу Сооронбай Шарипович, жакында “буга чейин өкмөттү жана парламентти жетектеген инсандарга жолугуп, алар менен ачык сүйлөшүүгө даярмын. Менин негизги максатым — өлкөнүн […]
ЖК депутаты Карамат Орозова үй-бүлөсүн багуу үчүн каражат тапканы  башка өлкөлөргө иштеп кетип, балдарын туугандарына таштаган учурларда, социалдык кызматкерлер алардын балдарын Балдар үйүнө таштап, андан ары алар башкаларга асыроого берилип кеткен фактылар көп болуп жатканын айтты. —Бала сатуу боюнча чуулгандуу окуя көп болуп жатат. Айрыкча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Биринчи Май райондук бөлүмүндө чуулгандуу […]
Укук коргоочулар АРИСке жаңы келген жетекчи Бекболот Айтиев коррупциялык схемаларды баштаганын айтып чыкты. Укук коргоочу Анара Дауталиева мына эми маселе четинен чечиле баштаганда, АРИСтин азыркы директору Бекболот Айтиев жасалма документтер менен тендерлерди будамайлап жатат дейт. — Колумдагы паразит аралашкан сууну он жыл мурун Чүй облусунан Ысык-Ата районунан, таза суудан, колонкадан  алгам. Ошондо АБР бир долбоорду […]
Бүгүн, 6-октябрда, испаниялык легендарлуу опера ырчысы Монсеррат Кабалье 85 жашында кайтыш болду.   Барселона ооруканасында айтылуу опера ырчысы Монсеррат Кабальеин каза болгонун  испаниялык El Mundo ооруканадагы булактарга таянып кабарлады. Узак жылдар Монсеррат Кабалье катуу дарттан жапа чегип келген. Монсеррат Кабалье 8-октябрда жерге берилери белгилүү болду. Бельканто ырдоо техникасы менен атагы чыккан опера ырчысы классикалык операда […]
Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянованын кытайлыктарга визасыз режим киргизүү демилгеси коомчулуктун сынына кабылды. Андан соң депутат бул пикирине түшүндүрмө берди:
Страница 5 из 9« Первая...34567...Последняя »