20 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 19:32


Мультимедиа

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянованын кытайлыктарга визасыз режим киргизүү демилгеси коомчулуктун сынына кабылды. Андан соң депутат бул пикирине түшүндүрмө берди:
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы бүгүн, 5-июнда, билдиргенине караганда, Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Чек арада болгон окуяга байланыштуу кыргыз жана тажик чек ара кызматынын башчылары 6-июнда жолугушат. Кыргызстан менен Тажикстан чек арачыларынын ортосундагы 4-июндагы окуядан кийин эки өлкөнүн чек арачыларынын өкүлдөрү жолугушкан. Анда кыргыз тарап кыргыз-тажик чек ара участогунда мамлекеттик […]
Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы Борбордук бажы бөлүмүнүн экс-башчысы А. Н. камакка алынганын 28-майда билдирди. Борбордук Бажы бөлүмүнүн экс-башчысы Айбашев Нурбек болгону маалым. 25-майда ыкчам-иликтөө иш-чарасынын негизинде ал убактылуу жайга камакка алынган. 27-майда ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) боюнча айып тагылып, Биринчи май райондук жана […]
“Музейлер түнү” акциясы алгач 1997-жылы Германияда, Берлинде башталган. Ошондон бери, 19 жылдан бери ал дүйнөңүн көптөгөн мамлекеттеринде жайылтылды. Ал азыр Европа гана эмес, Азияда да кеңири кулачын жайды. Россия, Казакстан, Тажикстан, Эстония ж.б. көптөгөн мамлекеттер менен катар Кыргызстанда да 18-майдан 20-майга чейин өттү. КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен Кыргызстандын бардык аймактарында «Музейлер […]
29-апрелде Бишкек шаарынын 140 жылдыгы белгиленип, баш калаада бир катар маданий, спорттук иш-чаралар уюштурулду. Башкы аянтта жаш балдар даярдаган концерт гүл жармаңкеси, топиарий менен коштолду. Кечинде «Ала-Тоо» аянтында калаанын 140 жылдыгына арналган чоң концерт болду. Бул күнү шаарда төрт түгөй баш кошкону кабарланды. 
23-апрелден 24-апрелге караган түнү Ош шаарынын Жим көчөсүндө жайгашкан 12 кабат үйдү өрт чалып, өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Министрликке өрт чыкканы тууралуу түнкү саат 23:23тө маалымат түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө Ош шаардык №13 аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн, Ош шаардык №12 аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн эки бөлүм, №85 өрткө каршы куткаруу […]
Быйыл жаз кечигип келип, көчөт отургузуу, гүл себүү иштери эми гана башталды. Биз быйылкы көчөттөрдү бааларын билели деп көчөт базарга баш бактык. Бишкектеги көчөт базар азыр Кара-Жыгач конушу жакка көчүптүр. Мурда бул базар Алма-Ата –Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде турчу. Ал жакка «2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революция» гүлбагы жасалгандыктан, азыр жаңы конушка көчүрүлгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Ош базары тараптагы «Берекет» соода борборунда чыккан өрт тууралуу таңга маал 4кө чукул маалымат келип түшкөн. Мекеменин маалымат катчысы Элмира Шерипова өрттү өчүрүүгө жалпысынан 14 техника тартылды деди. Тилсиз жоонун себептери жана жабыркагандар боюнча маалымат жок. Ушуну менен жыл башынан бери Ош базарынын аймагында 3-ири өрт кырсыгы катталууда. 5-мартта «Сейтек» […]
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандын бир жараны жана Тажикстандын бир чек арачысы жаракат алды. Тараптар 3-апрелде болгон аймактагы чатак басылып, абал турукташканын кабарлашты. Эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын маалыматына караганда, учурда жаракат алган адамдардын абалдары канааттандыраарлык. Кыргызстан Чек ара кызматы тараткан билдирүүдө, чатактын тутанышына Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы чек ара тилкесине тургузулган дубал себеп болгону […]
Страница 3 из 712345...Последняя »