26 сентябрь 2018
Бишкек убактысы: 11:04


Маданият

28.04.2018
# Коом, Маданият
Бишкекте бүгүн, 28-апрелде, мыкты кинофильмдерге улуттук “Ак илбирс” 2018” кино сыйлыгы ыйгарылат. Иш-чара кечки саат 17:00дө “Манас” кинотеатрында өтөт. Көрүнүктүү киночулар  2017-жылдагы мыкты тасмаларды аныкташат. Талапкерлер арасында  Руслан Акундун “Апамды издейм”, Актан Арым Кубаттын “Кентавр”, Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай” кинофильмдери жана бир катар документалдык фильмдер ж.б. эмгектер бар.
Журналист Эльнура Алкановага ачылган кылмыш иши токтотулгандыгын Медиа Полиси уюму билдирди. Маалыматка караганда, Алканованын иши 15-апрелде эле токтогону белгилүү болгон. Бирок документтер бүгүн, 27-апрелде, гана колго тийген. “Токтомдун негизинде Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын тергөөчүсүнө биз прокуратурага арыз жазабыз” деди Медиа Полиси институтунун өкүлү. Белгилүү болгондой, Эльнура Алканова мурда Максим Бакиев жана алардын чөйрөсүндөгүлөргө […]
Кыргыз коомунда той өткөрүүнүн көптөн берки келаткан салты азыркы заманга ылайык келбей калгандыктан, анын жаңы үлгүсүн табуу боюнча талкуулар, талаштар күч алды. Ушу тушта өтүп жаткан тойлор адамдарды ыксыз чыгымдарга кириптер кылып, көп убакытты алып, катышуучуларды чарчатып жана саламаттыгына зыянын тийгизген абалга жеткенин, ошондуктан тойлорду өткөрүүнүн азыркы заманга ылайык үлгүсү зарыл экени тууралуу пикирлер басымдуулук кылат. Айрым учурларда той ээлери […]
27.04.2018
# Коом, Маданият
 9-май—Жеңиш майрамы. Быйыл улуу Жеңиштин 73 жылдыгы белгиленет.  Мына ушул күнгө арналган иш-чаралардын арасында Жеңиш ыры ырдалып, Аксай Мукамбет уулу концерт берет.   Эл аралык конкурстардын лауреаты, Нарындан чыккан жаш талант Аксай Мукамбет уулу  айтылуу ырчы Муслим Магомаевдин репертуарындагы жана Улуу Ата Мекендик согуш  жылдарындагы ырларды ырдап,  көрүүчүлөрдү тамшандырып жүрөт. 8-майда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук […]
26.04.2018
# Коом, Маданият
23-апрелде КМШ өлкөлөрүнүн Аткаруу комитетинин жыйынына келгендер “Чыңгыз Айтматов—дипломат” аттуу сүрөт көргөзмөсү менен таанышты. “Чыңгыз Айтматов—дипломат” аттуу көргөзмөдө Чыңгыз Айтматовдун СССРдин дипмиссиясынын жетекчиси болуп тургандагы, Россиянын Люксембургдагы элчиси жылдары, андан кийин Кыргызстандын Брюсселдеги элчилигинде иштеген жылдары чагылдырылган. Айтматовдун өз колу менен жазган автобиографиясы, өздүк иши, дипломаттар, дүйнөлүк белгилүү ишмерлер жана кесиптештер арасында түшкөн сейрек сүрөттөрү […]
25.04.2018
# Коом, Маданият
 «Аскар Салымбековдун фонду» коомдук фонду кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик-коомдук ишмери Жусуп Абдрахманов жөнүндө жазылган киносценарий боюнча даректүү фильм тартуу үчүн кинорежиссерлор арасында конкурс жарыялады  Залкар коомдук жана саясий ишмер Жусуп Абдрахманов тууралуу даректүү фильм тартуу аркылуу кино тармагында кесипкөйлүктү, новаторлукту, инновациялык идеяларды, жаңы технологияларды колдоо максаты коюлуп жатат. Фильмде Жусуп Абдрахмановдун коомдук-саясий ишмердүүлүгү, саясий көз караштары, […]
25.04.2018
# Коом, Маданият
Бүгүн Салттуу музыка жумалыгы жыйынтыкталып,  гала-концерт өтөт. Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Салттуу музыка жумалыгынын жабылыш аземине арналган оозеки салттагы профессионалдык  музыкалык искусство чеберлеринин жана кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнүн  Гала-концерти болот. Анда сынактын жеңүүчүлөрү өнөрлөрүн көрсөтүшүп, сыйлыктарга ээ болушат. Уюштуруучулар: КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги, “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду, КР Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз-Түрк “Манас” университети. Эскерте кетсек, […]
Мектеп окуучуларынын бирдиктүү формасы окшош болуп, кыздар такасы 3 см. бийик бут кийим кийбеши керек. Мектепте колдонулуучу уюлдук телефондор байланышуу максатында гана колдонууга ылайыктуу болуп, интернети бар смартфондорду пайдаланууга болбойт. Антпесе бөлүнүүгө алып келип, психологиялык өйдө – ылдый абалдын түзүлүшүнө түртөт. Мындай жагдайларды санап берген депутат Махабат Мавлянова 23-апрелде Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык […]
21.04.2018
# Коом, Маданият
Бишкекте Кыргызстандагы журналисттердин башын бириктирген “Медиа toptoo” индустриалдык форуму өтүп жатат. Иш чара Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан ЮСАИДдин колдоосу менен ишке ашууда. “Топтоо – бул бир аянтка чогултуу деген кыргыздын сөзү. Биздин форум Кыргызстанда сапаттуу, көз карандысыз медианы өнүктүрүүгө кызыкдар болгон көз караштары бирдей адамдарды чогултуп отурат” деди Интерньюс Кыргызстандын жетекчиси Элина Карагулова. Форумга АКШдан, […]
Страница 4 из 26« Первая...23456...1020...Последняя »