22 январь 2019
Бишкек убактысы: 22:22


Маданият

Сооронбай Жээнбеков 7-декабрда Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышына катышат.   Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда, Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн учуп кетти. 7-декабрда мамлекет башчы Москва шаарына иш сапары менен барып, Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин салтанаттуу ачылышына катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Фото превью.  
Баёо бала чагында жана мөлтүрөгөн жаш кезинде кыргыз керемети деп аталган өлбөс-өчпөс фильмдерге  тартылган айтылуу кимдер? Алардын айрымдары, алсак, Наталья Аринбасарова кесипкөй артист болуп, азыркыга чейин фильмдерге тартылып жүрсө, башкалары өмүрүндө бир гана фильмге тартылса  да, өмүр  бою көрөрмандардын эсинде калышканы маалым. Сүрөттөрдү бассаңыз, артынан эмне чыгаар экен? . Эмесе, биз ошондой, жаш кезинен фильм каармандары […]
Айтылуу балерина Рейна Чокоеванын 80 жылдыгы бүгүн, 30-ноябрда,  Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында саат 18. 30 да белгиленет.   Ленинграддагы хореографиялык окуу жайды аяктаганлан кийин, Рейна Чокоева 1956-жылы Фрунзе театрында, азыркы  Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында эмгектене баштаган. Рейна Чокоева кыргыз балетин Куба, Италия, Сирия, Канада, Румыния, Германия, Чехословакия, Швеция, Дания, Монголия ж.б. […]
Жогорку Кеңештин  Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгы Казакстандын эл акыны Олжас Сулейменовго ыйгарылды.  Санкт-Петербург шаарында КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны өтүуп жаткан учурда кечээ, 29-ноябрда, КР Жогорку Кеңеши тарабынан берилүүчү Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык казак эл акыны, жазуучу Олжас Сулейменовго ыйгарылды. . Сыйлыкты ЖК төрага орун басары Асел Кодуранова  тапшырды. Олжас Сулейменов  «Чыңгыз Айтматов […]
28.11.2018
# Маданият, Тест
Баарыбыз борбор шаарыбыз Бишкекти сүйөбүз жана кыйын билебиз деп мактанат эмеспизби. Биз Бишкектин белгилүү имараттарын чогултуп, алардын жардамы менен шаарыбызды канчалык билериңизди текшерип көрөлү дедик.  
Кыргызстандын “Дан” продюсердик борбору “Өзбек кино” улуттук агенттиги менен бирге залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» повестинин негизинде  «Делбирим» тасмасын тартышты. 16-ноябрда тасманын бет ачары Өзбекстанда аншлаг менен өттү. Кыргызстанда болсо улуу жазуучунун туулган күнүн утурлай 6-декабрдан баштап көрсөтүлөт. Тасманын сценарийин белгилүү жазуучу жана драматург Керез Зарлыкова жазган, ал эми режиссеру өзбекстандык Сарвар Каримов. […]
Бишкек шаарынын Фрунзе-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде өзү жасаган жел кеменин макетин сатып жүргөн кишиге жолугуп калдык. Чүй боорундагы Москва районунун Ак-Суу айылынан келген Курманбек Керимкулов кеменин макетин өзү жасайт. Миндеген жылдар мурун пайдаланылып келген парустуу бул кемеге ары-бери өткөндөр кызыгып карап, баасын сурап жатышат. Колуна кармап турган макети— 2500 сом (сүрөттө). Кардарлардын суроо-талабына жараша, анын кичинесин […]
Айтылуу обончу Алымбек Коробаев дүйнө салды. Бул тууралуу акын Аида Эгембердиева бүгүн, 23-ноябрда, кабарлады. Алымбек Коробаев «Тумарым» ,  «Ак чардак» Ай, гитара», «Пржевалдын бактары» сыяктуу нечен жылдарды карытып, нечен муундардын жүрөгун козгогог эл оозунан түшпөгөн айтылуу ырлардын автору. Ырлары эл оозунан түшпөй, элдик ырларга айланып калса дагы, “жылдыз оорусу менен оорубай”, өмүр бою мурдагы Пржевальск, […]
22.11.2018
# Маданият
Чайковскийдин айтылуу “Ак куу бийин”  25-ноябрда  Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында Россиянын академиялык Чоң театрынын атактуу бийчилери бийлейт. Башкы партияларды россиялык балет жылдыздары Нина Капцова (Одетта-Одиллия) жана Клим Ефимов ойнойт (Принц Зигфрид) ойнойт. Ошол Одетта-Одиллиянн партиясын кыргызлын айтылуу балет жылдызы Бүбүсара Бейшеналиева триумфалдуу ойногону тарыхта калды. Россиялык атактуу солисттер  менен бирге 25-ноябрла кыргыздын […]
20.11.2018
# Коом, Маданият
«Бөрү зындан», «Ак кеме», «Эрте жаздагы турналар» жана башка кыргыз кереметин мурас кылган СССРдин эл артисти Болот Шамшиевге Кыргыз эл баатыры наамын ыйгаруу демилгеси көтөрүлдү. Демилгечилер КР президенти Сооронбай Жээнбековго жиберген кайрылуусунун текстин толугу менен беребиз. Урматтуу Сооронбай Шарипович! Ар бир элдин, өлкөнүн улуттук сыймыгына айланган улуу инсандары болот экен. Алар ал-күчүнө толуп турган учурда […]
Страница 3 из 3212345...102030...Последняя »