18 октябрь 2018
Бишкек убактысы: 04:32


Коом

24.01.2018
# Коом, Турмуш
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 18-19-январда «Кароосуз калган балдар» аттуу рейд өткөрүштү. Рейд учурунда милиция, билим берүү жана социалдык бөлүм кызматкерлери соода жана оюн-зоок мекемелери, компьютердик клубдар, жылуулук берүүчү түйүндөрдү текшеришти. Анын натыйжасында туруктуу жашаган жери болбогон, селсаяк турмуш кечирген балдардын тобу аныкталды. Туруктуу жашаган жери болбогон 192 бала кармалды. Алардын арасынан селсаяк болуп […]
24.01.2018
# Коом, Саясат
“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ден соолугун Бишкектеги ооруканалардын бирине алып чыгып текшеришет. Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, мындай чара мекеменин иш планына киргизилди. Сабатарованын айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгына жараша Текебаевди дарылоо кайсы жакта: абактын ичиндеги же кадимки ооруканада жүргүзүлүшү керектиги тууралуу маселе чечилет: — Жакынкы күндөрү кардиолог […]
23.01.2018
# Коом, Саясат
КР премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 23-январда, Швейцариянын Давос шаарындагы Дүйнөлүк экономикалык форумдун сессиясынын биринде сөз сүйлөдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.  Бул сессиянын ишине «Microsoft», «HP», «UPS» сыяктуу жана башка дүйнөлүк ири компаниялардын өкүлдөрү катышты. Өкмөт башчы Кыргызстандын санариптик программаны ишке ашыруусу, анын ичинде санариптик өкмөт, санариптик билим берүү, саламаттыкты сактоо ж.б. долбоорлор, […]
23.01.2018
# Коом, Турмуш
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы ушул жуманын аяк ченинде 26-январдан 29уна чейин күн суук болоору тууралуу маалымат таратты. 26-январда Чүй жана Талас өрөөндөрүндө күндүз 10-15 градус суук болсо, түнкүсүн -15-20 градус суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун өрөөндүү жерлеринде күндүз -5, түнкүсүн -9-14, Ысык-Көлдө  түнкүсүн -20, күндүз -2, -7, Нарын облусунда түнкүсүн -25-30, күндүз -15-20 […]
23.01.2018
# Коом, Маданият
Бүгүн, 23-январда, “Аки пресс” агенттигинде өткөн пресс-конференцияда Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын вокал жана хор факультетинин улук окутуучусу Марина Шипулина порносайттагы видеого өзүнүн тиешеси жок экенин билдирди. Марина Шипулина ал порновидео алты жыл жылуу мамиледе болуп келген адамдын айрылыш жолго түшкөндөн кийинки  жекече өч алуусу экенин айтты. “Тааныштарым атайын программанын жардамы менен адамдын өңүн […]
23.01.2018
# Коом, Маданият
Эртең, 24-январда, Токтогул Сатылганов атындагы адабият жана искусство музейинде  кыргыз элинин залкар композитору Карамолдо Орозовду эскерүү кечеси болот. Кечеге улуу композитордун уулу Кийикбай, неберелери Алтынбек, Канат Карамолдоевдер,  маданият өкүлдөрү А. Асакеев, М Исаков, Н. Ураимов ж.б. катышат.  Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Карамолдо Орозов  Ысык-Көлдүн Корумду айылында жарык дүйнөгө келген. 1928-жылдан баштап, […]
23.01.2018
# Коом, Саясат
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков “парламент тарайт-тарабайт” деген сөздөр тууралуу пикирин билдирип мунун артында азыркы депутаттарды атайын жаман көрсөтүү кызыкчылыгын көздөгөн саясатчылар турушу мүмкүн деп эсептерин айтты. Бүгүн журналисттер менен жолугушууда ал азыркы парламентти таркатууга себеп жоктугун, эгер кайра шайлоо болсо курулай гана чыгымга алып келерин, парламентти таратуу керекпи же жокпу, мыйзам боюнча депутаттар өздөрү […]
23.01.2018
# Коом, Турмуш
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы жана шаардык муниципалитет тарабынан уюштурулган “Балдар — биздин келечегибиз! Экстремизмге, терроризмге жана кылмыштуулукка жол жок” аталышта шаардык форум өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма-сөз кызматы билдирди. Аталган форумдун жүрүшүндө диний экстремизмге каршы күрөш, жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштарды, окуучулардын […]
Страница 97 из 142« Первая...102030...9596979899...110120130...Последняя »