16 июль 2018
Бишкек убактысы: 02:56


Коом

05.06.2018
# Коом, Турмуш
 Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында 20 жаштагы Бурулай Турдалы кызын ала качуу учурунда кармалган киши жашырынып барып, жарандарды кабыл алуу бөлмөсүндө олтурган Бурулай Турдалы кызын мыкаачылык менен өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак урган.   Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, 4-июнда кызматтык иликтөө аяктап, 23 милиция кызматкери жазаланды,  Ички иштер органдарынан 5 кызматкер […]
04.06.2018
# Коом, Саясат
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча 2018-жылдын 6-8-июнунда Кытайга мамлекеттик визит менен барат.  Бул жөнүндө бүгүн, 4-июнда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн  башчысы Данияр Сыдыков жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн брифингде билдирди. Данияр Сыдыков билдиргендей,  мамлекеттик визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин,  КЭР  Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян […]
04.06.2018
# Коом, Турмуш
2-июнда Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылындагы жол кырсыгынан “Дүйнөнүн сулуу айымы-2018” наамын жеңип алган Сания Шакирова каза тапкан жана дагы эки киши жаракат алган жол кырсыгы боюнча бүгүн, 4-июнда, кылмыш иши ачылды. Жол кырсыгынан жаракат алган эки кишинин бири Саниянын жигити жана айдоочу. Айдоочу рулду башкара албай калган. 30 жаштагы Сания Шакирова ушул жылы Вьетнамда өткөн конкурста […]
04.06.2018
# Коом, Саясат
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июнда, өлкөнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушууда социалдык-экономикалык бир катар маселелерди талкуулады. Анын ичинде Жайыл райондук ИИБде кыз ала качуу окуясын териштирүү мезгилинде каза тапкан Бурулай Турдалы кызынын өлүмүнө байланыштуу катуу чара көрүлүшүн талап кылды.        Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коомчулуктун пикирин эске алуу менен бардык багыттар боюнча, анын ичинде Президенттин аймактарды өнүктүрүү […]
04.06.2018
# Коом, Саясат
Бүгүн, 4-июнда, Кыргызстанда парламентаризм күнү белгиленүүдө.  Бул Жогорку Кеңештин 2015-жылы кабыл алынган токтому менен бекитилген.  Жогорку Кеӊеш менен Улуттук университеттин биргелешкен демилгеси менен бүгүн, 4-июнда, “Парламентаризм сабактары: калыптанышы, өнүгүүсү, келечеги” темасында тегерек стол өтүп жатат. Иш-чарага депутат Айнуру Алтыбаева баштаган Жогорку Кеӊештин кызматкерлери, илимий чөйрөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышууда. Жогорку […]
04.06.2018
# Коом, Саясат
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 4-июнда, никеге туруу үчүн аялдардын эркине каршы ала качуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Премьер-министрге 19 жаштагы Бурулай Турдали кызын күчтөп никеге туруу максатында ала качканы жана кийинчерээк анын Жайыл райондук милиция имаратында ошол ала качкан бала тарабынан өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишин иликтөөгө байланыштуу маалымат берилди. Өкмөт башчы белгилегендей, бул […]
04.06.2018
# Коом, Саясат
Кыргызстан менен Кытай өкмөттөрү эки келишимге кол коюшту. Анын алкагында Пекин Бишкекке 450 миллион юань (70 миллиондон ашык доллар) грант берет. Экономика министрлиги билдиргендей, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда техникалык-экономикалык кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Анын алкагында 350 миллион юанга Бишкек шаарындагы жолдор оңдолот. Мындан тышкары, Кум-Дөбө (Кочкор Башы), Мынакелди жана Бурана (Баласагын) шаарчаларындагы археологиялык казуу, […]
04.06.2018
# Коом, Турмуш
Эксперттер дүйнөдөгү автожолдору начар өлкөлөрдүн тизмесин түздү. Бул тизме 2017-2018-жылдардагы Атаандаштыктын глобалдык индексинин эсептөөсү менен түзүлдү. Рейтингге дүйнөнүн 137 өлкөсү кирди. Жолдордун сапаты 1 ден 7 ге чейинки көрсөткүч менен белгиленген. Жогорку 7 баллды дүйнөнүн бир да өлкөсү ала алган жок. Автожолдору жакшы өлкөлөр: Бириккен Араб Эмираттары (6,4 балл), Сингапур- (6,3), Швейцария (6,3 балл) алды. […]
02.06.2018
# Коом, Саясат
Жалал-Абад шаардык кеңешинде бүгүн “Үлгүлүү шаар үчүн” деген аталышта жаңы колиция түзүлүп, мэр шайлоого талапкерин сунуштады. Курамына КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” фракциялары кирген көпчүлүк коалиция шаардык кеңештин азыркы төрагасы, «Ата-Журт» фракциясынын мүчөсү Мураталы Тагаевди шаар башчылыкка көрсөттү. Ал эми «Ата-Журт» фракциясы Шайырбек Ташиевди талапкер катары сунуштаганын  Аймактык шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Шайырбек Ташиев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты […]
02.06.2018
# Коом, Турмуш
Чүйдүн Жайыл райондук милициясында киши колдуу болгон 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча иликтөөнү ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди: — Милиция кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароо боюнча кызматтык иликтөө жана ишти акыйкат тергөөнү министр өз көзөмөлүнө алып, тапшырмаларды берди. Бүгүн-эртең кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын менен […]
Страница 8 из 130« Первая...678910...203040...Последняя »