19 сентябрь 2018
Бишкек убактысы: 23:15


Коом

30.03.2018
# Коом, Саясат
Агенттиктин башчысы А. Рустамов бүгүн, 30-мартта, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясында экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча маалымат берди. Өткөн жылы жапайы жан-жаныбарларды сактоо жаатында бир катар чаралар көрүлгөн, айрыкча коммерциялык аӊчылыкты жолго салуу аракеттери колго алынган. «Мисалы, өткөн жылы атайын уруксат менен атылып алынган 79 аркардан 35 млн 550 миӊ сом, 2 бугудан 60 миӊ сом түштү. […]
30.03.2018
# Коом, Турмуш
1-апрелден баштап камсыздандыруу документи жок жүргүнчүлөрдү ташыгандарга айыппул салынат. Бул тууралуу Жолдо жүрүү коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди. 1-апрелден баштап Жолдо жүрүү коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы  унаа ээлерин текшерип баштайт. Эгер айдоочуда камсыздандыруу документи жок болсо, 500 сом айыппул салынып, автоунааны токтотуучу жайга алып кетишет. Бул жүргүнчүлөрдү ташыган бардык автоунаа ээлерине таандык. Ал […]
30.03.2018
# Коом, Турмуш
Жогорку Кеңеш өкмөт сунуш кылган «Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» мыйзамды экинчи жана үчүнчү окууда жактырып, кабыл алды. Ал президент кол койгондон кийин иштей баштайт. Ошондой эле быйыл жыл башында күчүнө кирип, бирок өкмөттүн сунушу менен убактылуу токтотулган мыйзамдын ордуна иштейт. Демилгечи депутаттар өкмөт жөлөк пул берүүдө эски коррупциялык схеманы кайра сунуш кылганын, аны айла жоктон […]
30.03.2018
# Коом, Саясат
Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы Мамлекеттик резиденцияда мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге жаңы үй салынганын бышыктады. Башкармалыктын басма сөз катчысы Айша Чуштукова «Азаттыкка» билдиргендей, «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери» жөнүндө мыйзам ылайык, мурдагы мамлекет башчы да «Ала-Арча» резиденциясынан өмүр бою турак-жай менен камсыздалат: — Мамлекеттик резиденциянын аймагында бош мамлекеттик дача жок болгондуктан, жогорудагы мыйзамдагы эрежелерге ылайык, жаңы […]
29.03.2018
# Коом, Саясат
«Республика — Ата-Журт» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өзүнө козголгон экинчи кылмыш иши боюнча билдирүү таратып, коюлган айыптар “ойдон чыгарылганын” айтты. Тараткан билдирүүсүндө ал эч качан бийликти басып алууну көздөбөгөнү айтылат. “Менин, менин партиялаштарым же тарапташтарымдын бийликти басып алуу же мыйзамсыз иштерди жасоого эч качан ниеттери болгон эмес, болбойт дагы! Шайлоо кампаниясын мен таза өткөрдүм, менин […]
29.03.2018
# Коом, Саясат
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-мартта, Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облус жетекчилеринин алгачкы кеңешине катышуу үчүн Фергана шаарына (Өзбекстан) келди. «Достук-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Өкмөт башчыны Андижан облусунун губернатору Шухратбек Абдурахмонов тосуп алды. Премьер-министр Сапар Исаков Кеңештин жыйынына катышуу алкагында Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптык өз ара […]
29.03.2018
# Коом, Саясат
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламентке KG сериясындагы автоунаа номурларын кайтарууну сунуштады. Муну ал эл өкүлдөрүн жер-жерлерде адамдар таанып-билиши жана башка түрдүү тоскоолдуктарга кабылбоо үчүн зарыл деп түшүндүрдү: — Машине жана башкалардын баары кетти, мейли. Бирок KG номурду кайтаруу керек болуп жатат. Эл өзү шайлаган депутаты келдиби же жокпу, билиши керек. Номурду кайтарып берсе жакшы […]
29.03.2018
# Коом, Саясат
Президент Сооронбай Жээнбеков 28-мартта мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Бул тууралуу Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева «Азаттык» радиосуна билдирди. Стамалиева жолугушуунун чоо-жайын толук айтпады, бирок буга чейин да экөө кезигишкенин кошумчалады. Бийликтеги Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) курултайы быйыл 31-мартка белгиленген. Анда партиянын төрагасы бекитилмекчи. Ошондой эле Атамбаевдин кийинки саясий кадамдары аныкталары тууралуу […]
29.03.2018
# Коом
Россиядагы 25-мартта болуп өтүп, алтымыштан ашык адамдын, анын ичинен секелек кыздардын, өспүрүм балдардын өмүрүн алып кеткен, үчтөн, бештен балдарын жоготуп, аза кайгысына баткан үй-бүлөлөр, алардын жакындарын, бүткүл өлкөнү жабыркаткан өрт алааматынын кайгысы адам баласынын жан дүйнөсүнө бүлүк салып келет. Кечээ, 28-мартта, саат 18:00дө Россиянын көптөгөн шаарларында, Москва, Геленджик, Калязин, Искитим ж.б. жерлеринде өрттөн каза тапкандардын […]
29.03.2018
# Коом, Турмуш
2018-жылдын 2-апрелинен 2-июлуна чейин транспорттук каражаттардын мамлекеттик кайра каттоосу жеңилдетилген негизде жүргүзүлөт. Бул боюнча токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койду. «Таза Коом» санариптик программасын жана “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу максатында транспорттук каражаттарды кайра каттоо үчүн шарттарды түзүү максатында мамлекеттик каттоо кызматы жеке жактардын транспорт каражаттарын жеңилдетилген негизде кайра каттоо боюнча 2018-жылдын 2-апрелинен тартып 2-июлуна чейин […]
Страница 50 из 133« Первая...102030...4849505152...607080...Последняя »