17 февраль 2019
Бишкек убактысы: 11:15


Коом

14.02.2019
# Коом, Турмуш
14-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан, кар, тоолуу райондордо жана Нарында кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жамгыр жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткендин айрым жерлерин туман каптайт. Абанын температурасы: Чүйдө- түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6; Таласта- түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7; Ош, Жалал-Абад, Баткенде -түнкүсүн -1…+4, күндүз +3…+8; Ысык-Көлдө — түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6; Нарында- түнкүсүн […]
Мамлекеттик сатып алуулар системасын реформалоо боюнча иш-чаралар планынын аткарылбагандыгы үчүн Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Озумбековду кызматынан бошотту. Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимовго эскертүү берди. Сүрөт: Интернет булактарынан.  
Милиция органдарында Кыргызстандын жарандарынын 39 миң 872 ок атуучу куралы каттоодо турат. Андан тышкары, 2010-жылдагы окуя учурунда жоголгон 633 куралдын изи табыла элек. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Жогорку Кеӊештин 13-февралдагы жыйынында “Курал” жөнүндө КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди. «Ошондой эле, 1621 тапанча белекке тартууланган. Милиция […]
Жогорку Кеӊеш жыйынында бүгүн, 13-февралда,   60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды. Өкмөт мурда келишим түзүлгөн 45 өлкөнүн тизмесине дагы 10 өлкөнү кошууну, 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтүн 2030-жылга чейин узартууну сунуштаган. Бирок депутаттардын демилгеси менен 60 күнгө визасыз катташуу мөөнөтү 2025-жылга чейин узартылды. Ошондой […]
“Коопсуз шаар” долбоору ишке киришти. Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг жүргүзүү борборуна барды. —Кечээтен тарта видеофиксация камералары жана аппараттык-программалык комплекстер Бишкек шаарындагы жол эрежесин бузгандарды каттоого ала баштады. Бул долбоорду ар кандай себептер менен ишке ашырууга мүмкүн болбой келген. Ошол эле учурда унаалардын көбөйүшүнө байланыштуу жол кырсыктарынын […]
13.02.2019
# Коом, Турмуш
  Таш-Дөбө айылында үйдүн    чарбачылык курулуштарынан чыккан өрт үйдөгү жаңжалдан улам кожейке аял өрт койгондугунан болушу мүмкүн деп болжолдонууда. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБ билдирди. 12-февралда саат 16:15 те Аламүдүн райондук ИИБге өрт тууралуу кабар түшкөн. Өрт чыккан жерден 34 жашар А.М.Д.нын, ошондой эле 10 жашар жана 2 жашар балдардын сөөгү табылган. Бул үйдө […]
13.02.2019
# Коом, Турмуш
Караколдо мектеп окуучусунун өлүмүнө шектелген балдар убактылуу камоочу жайга камалганын Кыйноонун алдын-алуу борборунун директору Нурдин Сулайманов билдирди. Сулаймановдун айтуусу боюнча кармалгандардын бешөө өспүрүм куракта. Аларды суракка алып жатканда мектептин мугалими жана жактоочусу катышкан. Кылмыш ишин иликтөө Каракол шаарынын прокуратурасынын көзөмөлүндө. Айта кетсек, Караколдо 12-февралда 18 жашар мектеп окуучусун өлтүрүүгө шектелип, сегиз бала кармалганын Ысык-Көл облустук […]
13.02.2019
# Коом, Турмуш
2019-жылдын 9-февралында УКМК менен ИИМ эл аралык террордук уюмдардын жана согушкерлердин Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө бөгөт коюу боюнча  иш-чаралардын алкагында 1991 -жылы туулган КР жаранын кармады. Бул тууралуу Улуттук Коопсуздук комитетинин  басма сөз кызматы билдирди. 2014-жылы Р.У. чет өлкөдөгү диний мекемелерден билим алып жатып, эл аралык террор уюмунун көзөмөлүнө түшүп жана үй-бүлөсү менен Сирияга кеткен. Кармалган […]
13.02.2019
# Коом, Турмуш
  Кыргызстан социал демократиялык партиясынын  шайлоо штабынын башкы бухгалтери Надира Сатыгул кызы 12-февралда интернетке чыккан видео кайрылуусунда  Кыргызстандан чыгып кеткенинин себебин жана Интернетке жарыяланган финансылык документтер боюнча түшүндүрмө берди. КСДПнын башкы эсепчиси Надира Сатыгул кызы видео кайрылуусунда мындай деди: “ Мен өлкөдөн убактылуу чыгып кеттим. Эмнеге? Анткени Икрамжан Саттарович Илмиянов камалгандан кийин мен кандайдыр бир […]
13.02.2019
# Коом, Турмуш
Белгилүү фотограф Эркин Болжуров  тарткан сүрөт  (ондо биринчи-Артына отун артынган чоң эне) отун темасына арналган «CHANGE in Wood Culture эл аралык сүрөт конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн бири болду. Бул тууралуу анын уулу Артур Болжуров билдирди. “Сүрөт 1995-жылдары ак-кара пленкада Ысык-Көлдөгү Бар-Булак айылында тартылган. Сүрөттөгү чоң эне куурай чогултуп, аны таңып алып, нан жапканы келе жатат. Ал айылдагылар […]
Страница 4 из 237« Первая...23456...102030...Последняя »