21 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 01:14


Коом

05.10.2018
# Коом, Турмуш
Францияда Интерполдун президенти Мэн Хунвей жоголуп жаткандыгына байланыштуу тергөө иштери башталган. Акыркы маалыматтарда ал Кытайда кармалып, сурак берип жаткандыгы маалым болду. “Ишенген кожоң сууга акса, алды-алдынан тал карма” дегендей, бүт дүйнө жүзү жоголгон кишилерин издетип жаткан Интерпол уюмунун жетекчиси жоголду деп Францияда чуу түшүп калышты. Россиялык булактар South China Morning Post таянып жазгандай, Интерполдун жетекчиси […]
05.10.2018
# Коом, Турмуш
КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун   маалыматы боюнча 2018-жылдын 4-октябрында саат 23:02де Жалал-Абад облусунун аймагында 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Сузак районунун Жаны-Жер, Жийде, Сузак, Арал, Күмүш-Азиз, Жар-Кыштак айылдарында 3,5 баллга, Жалал-Абад шаарында жана Бекабад айылында 3 баллга, Ош шаарында жана Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор […]
05.10.2018
# Коом, Саясат
Бүгүн, 5-октябрда, ордолуу Ош шаары 3018 жылдыгын белгилөөдө. Шаар мэри Т. Сарыбаев шаардыктарды куттуктады. Ош шаарынын борбордук аянтында, С. Ибраимов атындагы драма театрында, А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо ж.б. иш-чаралар, жарманкелер, кол өнөрчүлөр жана сүрөтчүлөр көргөзмөсү уюштурулган. Майрамдык салтанаттын ачылышындагы баарынан эсте каларлык көрүнүш—500 комузчунун “Маш ботойду” ойногону болду. Андан тышкары “Сулайман-Тоо – тынчтыктын, ынтымактын символу” аттуу […]
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов облустардагы өкмөттүн өкүлчүлүктөрүн жана район акимдерин жоюу керек деген оюн билдирди. «Алардын ар биринде кайчылары бар, бир обьекти ачылса лента кескенди эле билишет, жогорку кызматтагы аткаминерлерди тосуп алып, кайра узатат, шайлоолордо бийликтин саясатын жүргүзөт. Элге каршы иштейт, бюджеттин акчасын жейт. Аларды жоюп таркатыш керек!, — деди депутат. Кыргызстанда 44 район акими […]
Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянованын кытайлыктарга визасыз режим киргизүү демилгеси коомчулуктун сынына кабылды. Андан соң депутат бул пикирине түшүндүрмө берди:
04.10.2018
# Коом
Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв мамагенттигинин мурдагы башчысы Пайзуллабек Рахманов 62 жашында Жалал-Абадда дүйнөдөн кайтты. Анын өлүмү инфарктан улам экендиги айтылууда. П. Рахманов 1956-жылдын 5-январында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Гава айылында туулган. 8 баласы, 19 небереси бар.
04.10.2018
# Коом, Саясат
Жакында Ош облусуна барган аткаминерлердин талабы боюнча аларды «жип» машиналары менен тосуп алышты. Башка «Волга» же «Жигули» сындуу автомашиналар жарабайт экен. Аларды кымбат ресторандарда тамактандыруу керек. Өкмөт мындай маселеге жакшылап көӊүл бурушу керек деп депутат Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди. «Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ЗАГСтардан ижарага автомашина жалдоого аргасыз. Жанында акчасы жок болсо, карызга тамактандырышат. […]
04.10.2018
# Коом, Турмуш
Бүгүн, 4-октябрда, КР Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмираттарынын борборундагы кыргызстандык аялдын өлүмүнүн иликтениши алардын көзөмөлүндө болоорун билдирди. Араб Эмираттарынын борбору Абу-Дабиде 29-сентябрда кыргызстандык аялдын өлүмүнүн иликтениши ТИМдин көзөмөлүндө болмокчу. БАЭдеги биздин элчилик Абу-Даби шаарындагы тиешелүү органдар жана маркумдун туугандары менен байланышта болгонун жана сөөгүн жеткирүү чаралары көрүлүп жатканын кабарлады. Сүрөттө: Абу-Даби шаары
04.10.2018
# Коом, Саясат
Экология жана техникалык коопсуздук боюнча маминспекциядагы мыйзам бузуу тууралуу кайрылууда айтылгандар кандайдыр бир деңгээлде туура чыкканын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы билдирди. Кызматкерлерге сыйлык жана материалдык жардам берүүдө мыйзам бузулган. Алсак, 2016-жылы майрамдарда  5 178 936 сом сыйлык катары төлөнгөн. 2017-жылы да  2 030 666 сом сыйлык катары төлөнгөн. Сыйлыктын жалпы суммасы  — 7 209 602 сомду түзгөн. Укук актыларын бузуу менен үнөмдөлгөн бюджеттик […]
Страница 31 из 166« Первая...1020...2930313233...405060...Последняя »