17 февраль 2019
Бишкек убактысы: 12:24


Коом

18.01.2019
# Коом, Турмуш
Кыргызстанда бүгүн, 18-январда,   жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүйдө- түнкүсүн -1…-6, күндүз 8…13; Таласта- түнкүсүн -2…-7, күндүз 8…13; Ош, Жалал-Абад, Баткенде- түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10; Ысык-Көлдө- түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5; Нарында- түнкүсүн -18…-23, күндүз -10…-15. Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -26…-31, күндүз -7…-12 градус болот. Бишкекте  -1…-3 градус төмөндөп, күндүз 10…12 градус жылыйт.
17.01.2019
# Коом, Турмуш
Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы эл аралык долбоорлорду жана Евразия экономикалык биримдигинин органдарынын актыларын кыргыз тилине которуу кызматын көрсөтүүчү уюмду тандоого сынак жарыяланды. Сынактын катышуучуларына жалпы талаптар: Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы эл аралык долбоорлорду жана ЕАЭБ органдарынын актыларын жазуу түрүндө кыргыз тилине которуу кызматын көрсөтүүчү юридикалык жак (мындан ары – Котормо уюму) КР мыйзамдарына ылайык түзүлүүгө […]
Жогорку Кеӊеште 17-январда миграциялык саясат боюнча маалымат берип жатып, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова мындай сандарды айтты.     2017-2018-жылдары 7413 киши Кыргызстандын жарандыгын алган. 2017-жылы – 4793 киши; 2018-жылы – 2620 киши. Акыркы 9 жыл аралыгында Кытайдын 352 жараны кыргыз жарандыгына ээ болгон; Анын ичинде: 171 адам этникалык кыргыздар, 72 уйгур, 9 өзбек, 6 кытай. Ал эми акыркы […]
17.01.2019
# Коом, Турмуш
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында бүгүн, 17-январда,  Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытай жарандарын өлкөдөн чыгаруу боюнча митинг уюштургандарды милиция кууп- таратты. Шаардык ИИБ башчысы Сталбек Рахманов милиция митингчилердин иш-чара уюштуруунун шартын бузуп, жолду тосуп алышканын айтты. Митингди уюштуруучулардын бири Аманбол Бабакулов кармалды. Калган камалган митингчилердин саны такталууда. Административдик жоопкерчилик Кодексине ылайык, «Жолду мыйзамсыз тосуп алуу, башкача айтканда жарандардын […]
Кыргызстандан Италиянын Турин шаарына ооруканада жаткан Юна аттуу кичинекей кызды ооруканада жатканда  «Ювентус» командасынын футболисттери, анын ичинде Криштиану Роналду жана анын жубайы Жоржина Родригес  көргөнү барган. Бул тууралуу КР Улуттук онкология борборунун Балдар онкологиясы бөлүмүнүн кызматкери Дамира Байзакова фейсбук баракчасына жазды. Кыздын ден соолугунан кооптонгон учур артта калганын дарыгер белгиледи. Ошондой эле Турин шаарындагы полиция […]
Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында бүгүн, 17-январда, Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жүргөн Кытай жарандарына каршы митинг өттү. Болжолдуу эсеп менен 300-400 киши катышып жаткан митингдин катышуучулары «жыйынга бийлик өкүлдөрү келсин» деген талапты коюшту. Ушундай эле талап менен 7-январда да митинг болгон. Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Алмаз Имангазиев чогулгандардын алдына чыгып, Кыргызстанга кытайлык жарандар мыйзамдуу тартипте киргенин билдирди. Ошол […]
Вице-спикер Мирлан Бакиров  Талантбек Тынысовдон парламентке свитер кийип келип, дресс-кодду бузгандыгын сындаганы  үчүн чиновниктен кечирим сурады.  «Кечиримдүүлүктөн адам кичирейип кетпейт же башка болуп кетпейт.  Эгер мен жеке инсандын жеке аброюна же үй-бүлөсүнө, же коомчулукка катуу тийген болсом, кечирим сурайм» деди вице-спикер. Айта кетсек, 16-январдагы парламенттик жыйында дресс-код тууралуу сөз чыгып кеткен эле.  Анда депутат Алмазбек […]
Бүгүн, 17-январда,  Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сыйлык, наамдар менен сыйлоо тууралуу Жарлык чыккандарга сыйлык, наамдарын тапшырды. Ошондон улам бир маселе эске түштү.  Айрыкча наам, сыйлык алгандардын катарында көптөн бери өз баасын ала албай жүргөн татыктулар алса, андан бетер кубанабыз. Алардын катарында Карыпбек Алымкулов, Орозбек Дүйшеев, Исмаил Исаков сыяктуу акасакалдарыбыз бар.  Ошондой эле Атайбек Бөдөшев, Бактыбек […]
Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-январда, мамлекеттик сыйлыктарды жана наамдарды тапшыруу аземинде кыргыздын футбол командасына ыраазылык билдирди. «Биздин футболист жигиттер мекенчилдиктин жогорку үлгүсүн көрсөтүп, Кыргызстандын атын дүйнөгө даңазалап жатышат!» «Жалпы кыргызстандыктар кечээ кыргыз спортунун чоң жетишкендигине күбө болушту. Биздин футбол боюнча курама командабыз Азия чемпионатында эбегейсиз чоң ийгиликке жетишти. Филиппин курама командасын 3-1 эсебинде утуп, элибизге зор […]
17.01.2019
# Коом, Турмуш
Октябрь райондук соту тарабынан 8 жылга эркинен ажыратылган экс- депутат Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаковдун жаза мөөнөтү кыскартылды. Жогорку сот ушундай чечим чыгаргандыгын  анын жактоочулары билдирди. Жогорку сот жер боюнча коррупцияга айыпталып жаткан Кубанычбек Самаковдун жаза мөөнөтүн кыскартып, 6 жыл берди. Ал эми экс-депутат Карганбек Самаковдун өзү жерди мыйзамсыз транформациялоо боюнча айыпталып, 10 жылга эркинен […]
Страница 30 из 237« Первая...1020...2829303132...405060...Последняя »