17 февраль 2019
Бишкек убактысы: 12:04


Коом

Жогорку Кеңештин 14-февралдагы жыйынында Бишкек жылуулук электр борбору боюнча маалымат угулуп жатканда ЖЭБ модернизациясына тиешеси бар жана айып коюлган аткаминерлердин мүлкү камакка алынганы тууралуу Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.      Экс-премьер Сапар Исаковдун- 1,8 млн сомдук мүлкүнө; Экс-премьер- Жантөрө Сатыбалдиевдин -44,3 млн сомдук; Жогорку Кеңештин экс-депутаты Осмонбек Артыкбаевдин —  259,9 млн сомдук; “Энергохолдинг” экс-башчысы  Айбек Калиевдин […]
Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов 14-февралда Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Алмаз Токторовдун суроосуна жооп бергенде, экс-президентке тиешелүү материалдар өзүнчө бөлүнүп алынганын, ага да укуктук баа берилерин билдирди.   —«Коррупция» беренеси боюнча тергелип жатат. Экс-президентке караштуу материалдар өзүнчө бөлүнүп алынды. Тергөө ага өзүнчө укуктук баа берет,-деп айтты Баш прокурор. Баш прокуратура Сапар Исаковду Бишкек ЖЭБди модернизациялоо ишинде  […]
Жогорку Кеӊештин 14-февралдагы жыйынында Бишкек ЖЭБин модернизациялоо үчүн алынган 386 миллион доллар кредиттин пайдаланылышы боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда, депутат Тазабек Икрамов кытайдын ТВЕА компаниясы тарабынан Бишкектеги жаӊы мектептин курулушуна 2 млн доллар грант бөлүнгөнүн эске салып, ал боюнча козголгон кылмыш ишинин абалына кызыкты. Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов мектептин имаратынын курулушуна 2 млн доллардан тышкары, бюджеттен […]
Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов УКМК  абагында жатат. Бүгүн— Кулматов 56 жашка чыгат.  Экс-мэрди туулган күнү менен КСДП партиясы куттуктады.  “Сиз сыяктуу жетекчилер менен, Ата Мекен сыймыктанышы керек”,  “Сиз ойлонуп чыгарылган күнөөлөр менен жеңил эмес абалга калдыңыз”, “Акыр аягында чындык жана акыйкаттык жеңип чыгып, сиздин ак ниет атыңыз жалаа менен ушактардан арылып, сиз дагы эле биздин […]
14.02.2019
# Коом, Турмуш
Сейcмология институту кабарлагандай, 14-февралда, саат 6:28де очогунда күчү  4 баллга жеткен жер титирөө Ош облусунда катталды. Облустун Кара-Суу районунун Талдык, Тээке, Лаглан айылдарында — 4 балл, Папан, Алга-Бас, Кызыл-Туу, Бек-Жар, Каблан-Көл айылдарында — 3,5 балл,  Гүлчө, Чайчы, Тогуз-Булак, Арпа-Тектир, Мурдаш жана башка айылдарда- 3 балл болду. Болжолдуу маалыматтар боюнча  кыйроо жана жапа чеккендер катталган жок.
Кыргызстан Түркмөнстанга картошка экспорттой баштаганын КР Айыл чара жан мелиорация министрлигинин өкүлү Анаркүл Беккулиева басма сөз жыйынында билдирди. Ал ошондой эле картошканы Казакстанга экспорттоо боюнча да келишимге кол коюлганын айтты. 2018-жылы Кыргызстан 1 миллион 446 миң тонна картошка өндүргөн. Анын ичинен экспортко 120 миң тонна кетет, ички керектөөгө 700 миң тоннадай керектелет. Кийинки учурда картошканын […]
Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Дастан Бекешев Баш прокурор Өткүрбек Жамшитовдон Бишкек ЖЭБ иши боюнча  соттук процесс ачык болушун өтүндү. — Парламентте биз бир тараптуу айыптоолорду гана уктук, — деди ал Өткүрбек Жамшитовго. — Ошондуктан процесс ачык болгону жакшы, -деди Бекешев. Өткүрбек Жамшитов иликтөө ачык болду, ошондой болот деп жооп кайтарды. Эскерте кетсек, бүгүн, 14-февралда, Жогорку […]
  Жогорку Кеңеште бүгүн, 14-февралда, Жылуулук электр борбору боюнча маалымат угулуп жатканда депутат Ирина Карамушкина мурдагы ЖК спикери, профилдик комитеттин төрагалары ЖЭБ ишинде эмнеге жооп бербейт, эгер биз парламенттик мамлекет болсок, анда парламент да жооп бериши керек дегенине экс-спикер жооп кайтарды.   Асылбек Жээнбеков ЖЭБ келишими кабыл алуу учурунда  ЖК спикери болгондуктан Карамушкинага жооп кайтарды. Асылбек […]
Жогорку Кеңеште депутат Ирина Карамушкина Жылуулук электр борбору боюнча жакында сотто маселе каралардын алдында парламент бул маселени карап, сотко басым жасап жаткан жокпу деген суроо салды. Спикер Дастан Жумабеков мурда иш тергелип жатканына байланыштуу, ал маселе каралган эместигин, тергөө бүттү, маалымат гана угулуп жатканын айтты. Ирина Карамушкина биз парламенттик мамлекетпиз,  ЖЭБ боюнча Жогорку Кенештин мурдагы […]
Жогорку Кеңештин бугүнкү, 14-февралдагы,  жыйынында депутаттар Бишкек жылуулук электр борборундагы авария, аны модернизациялоого жумшалган 386 млн доллар каражаттардын чоо-жайы боюнча маалымат угулуп жатат. ЖЭБди модернизациялоодо 111 млн доллар мамлекетке зыян келгени айтылды.     ЖЭБдеги авария боюнча 2018-жылдын январында болгон авария тууралуу депутаттык комиссия иликтеген. ЖЭБди модернизациядоо боюнча TBEA компаниясы менен келишимдин Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген […]
Страница 3 из 23712345...102030...Последняя »