21 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 02:06


Коом

Бүгүн 31-октябрда Балыкчы—Тамчы—Корумду унаа жолунун куруучулары кайрадан иш таштап, нааразылык акциясына чыгышты. «Азаттык» радиосунун кабарчысы жеринен билдиргенине караганда, Балыкчы шаарына чогулган 50дөн ашык жумушчу акыркы үч айдан бери айлык ала электигин айтып, маяна төлөнүп берилгенден кийин гана ишке киришерин айтып турушат. Нааразы болгон жумушчулар менен Балыкчы шаарынын вице-мэри Алишер Табалдиев жолукту. Ал Транспорт жана жол […]
31.10.2018
# Коом, Турмуш
Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Сириядагы согушчандарга акча жөнөтүп жаткан кишини кармады. Ал 28 жаштагы О. У. болуп чыккан. Анын жанынан мурда Сирияда согушка катышып келген башка кишинин атына жазылган  Кыргызстандын жаранынын жасалма паспорту табылган. Кармалган киши эл аралык террордук уюмга мүчө болгон. Болжолдуу маалыматтарга караганда Сириядагы согушчандарга 100 миң доллар жөнөтүп жаткан. Ал УКМКнын […]
Бүгүн курулуш компанияларына алданган үлүшчүлөрдүн маселеси Бишкектеги Тегерек столдо талкууланат. Бугүнкү күндө Кыргызстанда 150 курулуш компаниясы катталып, алар үлүштүк катыш негизинде иш жүргүзөт. Үлүшчүлөрдү алдагандардын катарында “Анкоман строй”,  Master Group, «Иска строй» ж.б. курулуш компннияларынын аты аталып келет. Мына ушул көйгөйлүү маселе Өкмөт өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана өкмөттүк бир катар мекеме,уюмдардын катышуусунда талкууланат.
Билим берүү системасы өлкөнүн экономикасы менен түзмө-түз байланышта,  билимдүү муун күчтүү экономиканы түзөрүн белгилейт эксперттер. №16 орто билим берүү мектеби Бишкектин четирээгинде жайгашкан жана жаңы конуштар менен курчалып турат. Бул окуу жылында биринчи класстагылар үчүн үч класс ачылды, андан көп ачууга долбоордун кубаттуулугу жол бербейт. Атын атагысы келбеген Бишкектин тургуну уулун сапаттуураак билим берген гимназия-мектепке […]
30.10.2018
# Коом, Турмуш
  Бишкекте бүгүн, 30-октябрда, Бишкек-Кант темир жолунда,  “Учкун” кичи району тараптан эртең мененки саат болжолдуу 10. 20 да 1972-жылы туулган аялды поезд коюп кеткен. Анын абалы оор экенин Ички иштер министрлиги маалымдады. Окуя боюнча тергөө иштери жургүзүлүп жаткандыгы кабарланды.
30.10.2018
# Коом, Саясат
                  Жогорку сот Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовун баш коргоо чарасын карап, аны камакта калтырды. Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев айыпталуучуну үй камагына чыгаруу боюнча алардын өтүнүчү аткарылбай калганын айтты. Экс мэр Кулматов коррупция беренеси боюнча, кыргыз жарандыгын алууда мыйзамды бузганын, чек арадан мыйзамсыз өткөндүгу  ж.б. […]
30.10.2018
# Коом, Турмуш
                        Айрым маалыматтар боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Эрнис Чоткараев өлкөдөн качып кетти.  Буга чейин Жогорку сот анын маселесин Соттор кеңешинде кароого койгондугу маалым болгон. Чоткараевдин  коррупциялык иштерге аралашканы, процесс ченемдерин аткарбаганы боюнча мисалдар айтылып келет. Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьялыгына Дамирбек […]
30.10.2018
# Коом, Турмуш
Кыргызстанда жылдын ушул мезгилине чейин экстремисттик 30 сайтка бөгөт коюлган. Өлкөдө 4 млн интернет колдонуучу бар. Бул тууралуу ИИМдин киберэкстремизм жана кибертерроризмге каршы туруу бөлүмүнүн башчысы Раатбек Турусбеков бүгүнкү журналисттер менен жолугушууда билдирди. Кыргызстанда экстремисттик деп эсептелген сайттардын саны 60 ка жетсе да, алардын 30 уна бөгөт коюлган. Экстремисттик деп табылган аккаунттар социалдык тармактын ээси […]
30.10.2018
# Коом, Саясат
                        КР Президенти Сооронбай Жээнбеков Түрк Республикасынын негизделишинин 95 жылдыгына арналган иш- чараларга катышты. Стамбул шаарындагы жаңы аэропорттун ачылыш аземине да күбө болду. Түркиянын президенти  Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Мамлекет башчылар 1-сентябрда Бишкекте өткөн Кыргыз- түрк стратегиялык кызматташтык кеңешинин жыйынтыктары, аны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Сапардын […]
30.10.2018
# Коом, Турмуш
Көк-Жар жаңы конушунда кечээ көп кабаттуу үйдөгү өрттүн себеби  ширетүү иштеринде коопсуздук эрежеси сакталбай, ошондон болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Кечээ жаңы конуштун Куйручук көчөсүндөгү кабат үйдүн 70 тургуну убактылуу башка жакка жиберилген.    Кабат үйдүн  250 чарчы метр келген жери күйүп кеткен. 3 кондиционер, 33 пластик терезе күйгөн.  
Страница 18 из 166« Первая...10...1617181920...304050...Последняя »