19 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 04:51


Коом

26.01.2018
# Коом, Турмуш
Казакстандын Акмоло облусунда Алматы-Екатеринбург трассасында кыргызстандыктар түшкөн автобус бузулуп калган. «Казинформ» маалымат агенттиги кабарлагандай, автобус Жалал-Абад-Пермь-Москва багыты боюнча бараткан. Анын ичиндеги 21 кишинин баары кыргызстандык болуп чыкты. Алардын баары аман-эсен. Сууктан үшүп калган жүргүнчүлөр Астраханка айылындагы жылытуу пунктуна жайгаштырылган. Алар жолго качан чыгары кабарланган жок. Кыргызстандын тиешелүү мекемелери да бул маалымат тууралуу комментарий бере элек. […]
25.01.2018
# Коом, Саясат
  Окуя бүгүн башкалаанын Турусбеков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Бул тууралуу жол кырсыгына күбө болгондор билдирип жатышат. Жөө жүргүнчүлөрдү сүзгөн машине дипломатиялык номердеги кара түстөгү жол тандабас экени тартылган сүрөттөр Интернетте тарады. Анын айдоочусу эки кишини сүзгөндөн кийин кайра аларга кыйкырып, кетип калганы кабарланды. Жабыркагандарды «Тез жардам» алып кеткен. Аларды коюп кеткен машине кайсы […]
25.01.2018
# Коом, Саясат
Экс-вице-премьер Темир Жумакадыров жана анын жардамчылары каза болгон жол кырсыгы боюнча сот жүрүүдө. Үч адам: мурдагы вице-премьер Темир Жумакадыров, анын жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочу Нурбек Муканов каза болгон жол-кырсыгына күнөөлүү деп эсептелген Таалайбек уулу Афтандил Москва райондук соттун жүрүшүндө күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. 2017-жылдын 7-октябрында болжол менен эртең мененки 7.30 чамасында Москва районундагы […]
Кыргыз фрирайдерлери (тоо лыжачылары) Суусамыр өрөөнүнүн кышкы көрүнүшүнө суктануу менен, ажайып видео тартышты. Кыргызские фрирайдеры сняли потрясающее видео, где видны все красоты Суусамырской долины. Дух захватывает! Сразу хочется схватить лыжи и поехать в горы, кататься! — Azret Dan совместно с © SNOWMATES Опубликовано Каникулы в Кыргызстане — Vacation in Kyrgyzstan 23 января 2017 г.
25.01.2018
# Коом, Турмуш
Бишкектиктер былтыркы жылдагыдай эле “Тазалык” ишканасынын кызматкерлерине “Ысык чай” акциясын уюштурушууда. Бишкектиктер суукта иштеп жү‬ргөн борбор шаардын көчө шыпыруучуларына эртең менентен баштап чай, кофе, бутерброд таратып жатышат. Демилгечилерге каалоочулар вотсап түйүнүндөгү бул дарек боюнча https://chat.whatsapp.com/invite/4sLNtQABRx57Eds34UZf6j кошула алышат: Бишкек шаардык мэриясы бул акцияны уюштурган балдар хосписинин биринчи уюштуруучусу Динара Аляевага, директору Ольга Трухановага жана ыктыярчыларга “Тазалык” […]
25.01.2018
# Коом, Турмуш
Кыргызстанда катуу сууктан улам мектептерде окуу убактылуу токтотулаарын Билим жана илим министрлиги билдирди. Республиканын мектептериндеги окуу эртең, 26-январдан баштап 30-январга чейин токтотулат. Бул күндөрдүн эсеби ишемби күндөрү, ал эми ишембиде окугандар үчүн жазгы каникул эсебинен толукталмакчы.
Премьер-министр Сапар Исаков Давос шаарында Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) баш катчысы Фан Лю менен авиацияны реформалоо маселесин талкуулды. Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, Сапар Исаков кечээ, 24-январда Давос шаарындагы Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу учурунда Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) баш катчысы Фан Лю менен жолугушту. Премьер-министр Өкмөт тарабынан жарандык авиация жаатында жүргүзүлүп […]
25.01.2018
# Коом, Турмуш
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидреметеорология агенттигинин божомолдоосуна ылайык, 2018-жылдын 26-январынан 30-январына чейин абанын температурасы кескин төмөндөп, катуу үшүк, кар көчкү ж.б. кубулуштардын жандануусу күтүлүүдө. Ага ылайык, ӨКМ 24-январдан тарта   күч каражаттарын даярдыкка келтирип, күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Шашылыш билдирүү: суук болушу күтүлөт! 26-январда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20°, күндүз -10…-15° суук, Чүй […]
Жалал-Абаддагы Cузак районунун Кара-Алма айыл аймагында 2018-жылдын 24-январы күнү Орток айылынын Көл-Камыш участкасында саат 08:00 чамасында көлөмү болжол менен 120000 м3 жер көчкү сүрүлө баштаганы байкалып, 3 турак үйгө кооптуу абал жаралган. Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы андагы турак үйлөрдүн экөөндө эч ким жашабагандыгын, бир үйдө 4 киши жашагандыгын аныктаган. Учурда кооптуу жердегилер туугандарыныкына көчүрүлүүдө. Бул […]
25.01.2018
# Коом
Өткөн сутка ичинде өлкөдө 9 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган. 2018-жылдын 24-январында саат 01:22 чамасында Кадамжайдын Суукана айылындагы Куасай көчөсү №20 даректе турак үйдүн 52 чарчы метр чатыры, 1 бөлмөсү жана сырткы бөлмөсү күйгөн. Өрт саат 02:46да өчүрүлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Страница 138 из 184« Первая...102030...136137138139140...150160170...Последняя »