17 февраль 2019
Бишкек убактысы: 11:15


Коом

25.04.2018
# Коом, Турмуш
Кечээ, 24-апрелде, саат 19:30дан 22:00гө чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында ылдамдыгы секундасына 17-20 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган. Мындан сырткары Чүй районунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-27 метрге чейин жеткен.  Талас облусунун аймагында шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жеткен. Бишкек шаарынын  Жал кичи районунда мамлекеттик №S73-89AN “Ниссан-Сирена” үлгүсүндөгү жеңил унаанын үстүнө турак […]
25.04.2018
# Коом, Саясат
Жогорку Кеңеш депутаты Дастан Бекешов коомчулукта терс пикирлерди жараткан Жарандык кодекске өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кайтарып алды. Дастан  Бекешовдун бул мыйзам долбоору жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын сын-пикирине кабылган. Депутат өзү демилгелеген  мыйзам долбоору ЖМК тарабынан туура эмес талданып, ал сөз эркиндигин, социалдык тармактардагы жана жалпы эле интернеттеги сынга көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган […]
25.04.2018
# Коом, Турмуш
Бишкекте троллейбус сүзүп кеткен 51 жаштагы аял көз жумду. Окуя 24-апрелде Тоголок Молдо жана Москва көчөлөрү кесилишинде түш ченде болгонун, аял «Тез жардам» келгенче үзүлүп калганын Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Кырсыкты Бишкек милициясы иликтеп жатат. Баштапкы маалыматтарга караганда, аял №8 каттамды аткаруучу троллейбустун жолуна чыгып кеткен. Кыргызстанда быйыл жыл […]
25.04.2018
# Коом, Турмуш
Ош базарында 13-апрелде чыккан өрткө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында «Берекет» базарынын директору Рафкат Момункулов жана базардын техникалык коопсуздук боюнча адиси Рашит Сапаев убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. «Берекет» базарында 13-апрелде түн ичинде чыккан өрттөн болжол менен 2000 чарчы метр жер күйгөн. Окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси («Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу») жана 238-беренеси […]
25.04.2018
# Коом, Маданият
 «Аскар Салымбековдун фонду» коомдук фонду кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик-коомдук ишмери Жусуп Абдрахманов жөнүндө жазылган киносценарий боюнча даректүү фильм тартуу үчүн кинорежиссерлор арасында конкурс жарыялады  Залкар коомдук жана саясий ишмер Жусуп Абдрахманов тууралуу даректүү фильм тартуу аркылуу кино тармагында кесипкөйлүктү, новаторлукту, инновациялык идеяларды, жаңы технологияларды колдоо максаты коюлуп жатат. Фильмде Жусуп Абдрахмановдун коомдук-саясий ишмердүүлүгү, саясий көз караштары, […]
25.04.2018
# Коом, Саясат
Жогорку Кеӊеште Президент тарабынан башкы прокурорлукка дайындоого сунушталган  Жамшитов Өткүрбек Асылбековичтин талапкерлиги каралды. Талапкерди депутаттарга Президенттин Жогорку Кеӊештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды. Өткүрбек Жамшитов Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган. 42 жашта. Жогорку билимдүү. 1996-жылы Улуттук университеттин юридика факультетин «юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн. 21 жылдык юридикалык иш тажрыйбасы бар. Кийинки мезгилде Жалал-Абад […]
25.04.2018
# Коом, Турмуш
Экономика министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгы базар бааларына мониторинг жүргүзгөн.  16-марттан 13-апрелге чейин Кыргызстандагы базарларда баалар мындай болгон.  13-апрелге чейинки мөөнөткө Кыргызстандагы базарларда макарон азыктары, күрүч, пастеризацияланган сүт, каймак май жана өсүмдүк майы, уй эти, буурчак, канаттуулар эти, тооктун жумурткасы, картошка, цемент, импорттук көмүрдүн баасы төмөндөгөн. Ал эми буудай, 2сорттогу ун, кант, койдун эти, А-92, А-80 […]
25.04.2018
# Коом, Саясат
Жогорку Кеӊеште Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү ант берди. Алардын ант берүү аземине  Президент Сооронбай  Жээнбеков катышты. Анттын тузу менен жүгү оор экенин белгилеген Президент өкмөт мүчөлөрүн  антка бекем туруп, калктын жашоо турмушун жакшыртууда талыкпай аракеттенүүгө чакырды. «Өлкөбүздүн эгемендүү тарыхында силерден мурун да өкмөт мүчөлөрү ант беришкен. Бирок анттын ыйыктыгын, маңызын, жоопкерчилигин, касиетин, улуулугун […]
25.04.2018
# Коом, Саясат
Кечээ, 24-апрелде өткөргөн кеңешмеде премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев коомдогу күч структураларына айтылган сындардан жыйынтык чыгарууну талап кылды.   «Коомдо укук коргоо органдарына олуттуу сын-пикир, анын ичинде коррупциялык көрүнүштөр боюнча да нааразычылыктар бар. Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимдерине ылайык, укук коргоо органдарындагы коррупция менен күрөш айныксыз түрдө, ээлеген кызмат орундарына карабастан жүргүзүлүшү кажет. Буга катар күч блогунун кадрдык […]
25.04.2018
# Коом
Ош шаардык ички иштер башкармалыгына калаадагы кумарканаларды үч күн ичинде жабуу тапшырылды. Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков 24-апрелде шаар милициясынын жаңы башчысы Мурат Бороновдун алдына ушундай милдет койгонун министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Өмүрзаков тургундардан оюн клубдарына байланыштуу көп арыздар түшүп жатканын, айрымдар мүлкүн, ири акча каражаттарын уттуруп жиберген учурлар бар экенин […]
Страница 133 из 237« Первая...102030...131132133134135...140150160...Последняя »