17 февраль 2019
Бишкек убактысы: 12:35


Коом

28.04.2018
# Коом, Турмуш
Кыргызстанда тубаса майыптардын жөлөк пулун көбөйтүү пландалып жатат. Бул боюнча өкмөттүн токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, токтомдо майыптардын жөлөк пулун 1000 сомго чейин жогорулатуу каралган. 2018-жылы жалпы казынадан мамлекеттик жөлөк пулга 7 миллиард 950 млн. сом бөлүнгөн. Жогорудагы өкмөт токтомун ишке ашыруу үчүн кошумча 19,7 млн. сом керектелет. Кыргызстанда 177 миң […]
28.04.2018
# Коом, Турмуш
11-апрелде Кетмен-Төбө айыл аймагындагы Чоң-Арык айылынын тургуну 1997-жылы туулган Т. уулу А. үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон.  Буга чейин да ал жигитти издеп, бирок дайынын таба алышпады. 27-апрелде куткаруучулар, жергиликтүү тургундар менен, бардыгы 65 киши аны издешти. Бирок натыйжа болбогондуктан, издөө иштери токтотулду.
28.04.2018
# Коом, Турмуш
Кечээ, 27-апрелде саат 22:18де Ысык-Көл облусунун аймагында (Тескей Ала-Тоо) очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Тоң районунун Кажы-Саз айылында 3 балл, Кажы-Сай шаарчасында жана Туура-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.  
Журналист Эльнура Алкановага ачылган кылмыш иши токтотулгандыгын Медиа Полиси уюму билдирди. Маалыматка караганда, Алканованын иши 15-апрелде эле токтогону белгилүү болгон. Бирок документтер бүгүн, 27-апрелде, гана колго тийген. “Токтомдун негизинде Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын тергөөчүсүнө биз прокуратурага арыз жазабыз” деди Медиа Полиси институтунун өкүлү. Белгилүү болгондой, Эльнура Алканова мурда Максим Бакиев жана алардын чөйрөсүндөгүлөргө […]
27.04.2018
# Коом, Саясат
Президент Сооронбай Жээнбеков бир катар жарлыктарга кол койду. Асылбек Кожобеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Буга чейин Асылбек Кожобеков Президенттин кеңешчиси болуп иштеген. Ал эми Рустам Мамасадыков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Жамиля Жаманбаева Башкы прокурордун орун басары болуп дайындалды. Людмила Усманова берген арызынын негизинде Башкы прокурордун […]
27.04.2018
# Коом, Саясат
Экс-премьер-министр Сапар Исаков КСДП төрага орун басары болуп шайланды. Орун басарлыкка дагы Асел Кодуранова, Мурадыл Мадеминов да шайланды. Бул тууралуу КСДП партиясынын басма сөз кызматы маалымдады.    Социал-демократтар партиясынын саясий кеңешинин жыйынын экс-президент Алмазбек Атамбаев алып барды. Жыйындын алдында партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү Фарид Ниязовду 60 жылдык мааракеси менен куттукташты. Алмазбек Атамбаев партиянын атынан куттуктоосун […]
27.04.2018
# Коом
Бишкектин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Bishkek Park соода борборун милиция курчоого алып, ичиндеги элди чыгарып жатат. Маалыматты аталган борбордун администрациясы да тастыктады. «Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү келип, имаратты курчоого алышты. Борбордун ичинде жүргөн элди чыгарып жатышат. Аракеттеринин себеби айтылган жок», — дешти соода борборунда иштегендер. Ал эми УКМКдан болсо Bishkek Park соода жайына бомба коюлгандыгы боюнча  маалымат түшкөнүн, учурда тиешелүү […]
Кыргыз коомунда той өткөрүүнүн көптөн берки келаткан салты азыркы заманга ылайык келбей калгандыктан, анын жаңы үлгүсүн табуу боюнча талкуулар, талаштар күч алды. Ушу тушта өтүп жаткан тойлор адамдарды ыксыз чыгымдарга кириптер кылып, көп убакытты алып, катышуучуларды чарчатып жана саламаттыгына зыянын тийгизген абалга жеткенин, ошондуктан тойлорду өткөрүүнүн азыркы заманга ылайык үлгүсү зарыл экени тууралуу пикирлер басымдуулук кылат. Айрым учурларда той ээлери […]
27.04.2018
# Коом, Турмуш
2018-жылдын 25-апрелинде КР Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жеңилдетилген гемодиализ алууга муктаж бейтап туугандарынан турган топ менен жолугушуп, алардын көйгөйүн укту. —Бүгүн 190 адам кезекте турат, — деди Кыргызстандагы Диализдик бейтаптар коомунун төрайымы Венера Ташманбетова. – 24-апрелде болуп өткөн кезексиз комиссиянын чечими боюнча биз ММК Фондунун линиясы боюнча тогуз адамды жеңилдетилген гемодиализге, жана бир адамды бюджетке өткөрдүк. […]
Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы КР Башкы консулдугунун көмөгү менен  Кыргызстанда 25-27-апрелде Кытайдын “Ван Лун” компаниясынын директору Ван Фамин баштаган делегациясы алча сатып алуу маселесин сүйлөштү.   Кытайлык компания өкүлдөрү Кыргызстандын алча өстүрүүчүлөрү менен сүйлөшүп, жеринде макулдашууларды жүргүзүп жатышат. Буга чейин алар КР Айыл чарба министринин орун басары Э. Чодуев, Өсүмдүктөр карантини Департаментинин башчысы А. Исаев менен жолугушуп, […]
Страница 130 из 237« Первая...102030...128129130131132...140150160...Последняя »