16 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 12:42


Коом

06.03.2018
# Коом, Турмуш
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 6-мартта, Жогорку Кеӊеште «Айылдык кеңештерде—аялдар үчүн 30 пайыздык квота» аттуу Кыргызстан аялдарынын улуттук форуму өттү.  Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан келген жүздөн ашуун жергиликтүү кеңештин аял-депутаттары, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, бир катар коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөр “2018-жыл — аймактарды […]
06.03.2018
# Коом, Маданият
«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акындар Жеңишгүл Өзүбекова менен Элмира Ажыканованын чыгармачылыгына арналат жана Асылбек Өзүбековдун катышуусу менен өтөт. Кече 2018-жылдын 16-мартында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук […]
06.03.2018
# Коом, Турмуш
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай,   5-мартта саат 21:07 чамасында Бишкек шаарынын Ленин районунун Киев көчөсү,  №246 дарегинде жайгашкан Ош базарынын  ичиндеги “Сейтек” соода борборунун жыгач устундуу темир менен жабылган, жалпы аянты 700 чарчы метр эки кабаттуу соода борбору толугу менен күйүп кеткен. Өрт саат 23:13тө чектөөгө алынып, саат 00:40та өчүрүлгөн.  Өрттүн себеби такталууда. […]
6-мартта президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Кедеев Нурсейит Бектемирович Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.   Нурсейит Кедеев 1968-жылдын 14-августунда  туулган. Жогорку билимдүү. Кургандагы жогорку аскердик саясий авиация окуу жайын аяктаган.   Белгилей кетсек, ал командирдин орун басары болуп иштеген  аскер бөлүгү өткөн, 2017-жылдын жыйынтыгы менен, мыкты жөө аскерлер бөлүгү деп табылган. Ал […]
06.03.2018
# Коом, Турмуш
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн элүүдөн ашуун кызматкери маяналарын көтөрүүнү талап кылып чыгышты. Бул тууралуу борбор калаадагы өрткө каршы күрөш бөлүмүнүн атын атабаган кызматкерлери кабарлашты. Министрликтин башкы мекемесине бүгүн чогулгандар иш түйшүктүү экенине карабай, маяна жетишсиз экенине даттанышкан. Алар ошондой эле зыяндуулук үчүн жана сыр сактоо үчүн кошумча берилчү акыларга да ээ болбой жатканына […]
Бүгүн, 5-мартта, Соттор күнүндө саясатчылар, укук коргоочулар, жалпы жарандар соттордун адилеттигин талап кылып митингге чыгышты. Рита Карасартова: “Биз жыйынтыкты талап кылабыз” Митингчилер адегенде Жогорку соттун алдына чогулушту. Жарандык активист Рита Карасартова коррупцияга байланыштуу бир топ орчундуу иштер токтоп турганын белгиледи. Жабык орган болгон Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматына эң оор, кызматтык тергөө жасала турган материалдардын баарын, коррупция […]
03.03.2018
# Коом, Турмуш
Кыргыз Республикасынын  Саламаттыкты сактоо министри Т. Батыралиев  учурда Түркиянын Анкара шаарында медициналык окуу жайларында билим алган чет өлкөлүк дарыгерлердин, фармацевттердин жана медициналык жабдыктардын колдонуу боюнча тахникалык кесиптин ээлерин чогулткан эл аралык конференцияга катышып жатат. Конференциянын алкагында Түркия Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Ахмет Демирджан менен жолугуп, Бишкек кыргыз-түрк достук ооруканасынын ачылышы, кыргыз-түрк ортоктош иштетилиши, Кыргызстан  тарабына […]
03.03.2018
# Коом, Саясат
Кыргызстандын  Бразилиядагы Ардактуу консулу Аскар Салымбеков Бразилия Федеративдик Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы—Рио Бранко ордени менен сыйланды. Бул тууралуу “Дордой” ассоциациясынын басма сөз катчысы Нарынбек Султангазиев  кабарлады. Аскар Салымбековду сыйлоо тууралуу чечим Рио Бранко орденинин Кеңешинин жылдык жыйынында кабыл алынган. Бул орден А. Салымбековго Кыргызстан менен Бразилиянын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык өнүгүүгө, спортту, эки өлкөнүн эл аралык спорттук […]
02.03.2018
# Коом, Саясат
Бүгүн, 2-мартта, жарандык коом өкүлдөрү уюштурган  тегерек столдо Роза Отунбаева  КСДПга атаандаш күч түзүү керектигин белгиледи. —Сот реформасы керек, аны башкача реформа кылышыбыз керек деп жатабыз. Биздин оюбузда идеяларыбыз барбы? Сот реформасын башкача кантип жасайбыз?   План, программаларыбыз барбы, аларды кандайча жасайбыз дегендей топ түзүп иштешибиз керек. Туура изин алып, штрих болсо да жазып, ошону бийликке […]
Страница 116 из 183« Первая...102030...114115116117118...130140150...Последняя »