16 июль 2018
Бишкек убактысы: 03:03


Коом

28.05.2018
# Коом, Саясат
Сооронбай Жээнбеков: “Чек арада кызмат кылуу жооптуу жана татаал милдет” Бүгүн, 28-майда, Чек арачылардын кесиптик майрамында өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков куттуктады.  “Мамлекеттин чек арасы жана аны көздүн карегиндей кайтаруу—мамлекеттин эгемендигинин эң керектүү элементи” деп айтты куттуктоосунда мамлекет башчы. “Эгемендик жылдары  Кыргызстандын чек арасы—өзүнө тарыхый ак ниет салтты камтып,  Ата Мекенге болгон аскердик милдет, сүйүү жана […]
Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитети  2018-жылдын 25-апрелинде козголгон “Зеленхоз” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан тамырлары жабык системасы менен ири көлөмдүү көчөттөрдү сатып алуу фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1,2-пункттары, 304-беренесинин 2-бөлүгү жана 306-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча козголгон кылмыш ишин тергеп жатат. 2017-жылы 23-октябрда көчөттөрдүн айрым түрлөрүн  9090 сомдон сатып алуу үчүн «Арт Грин» ЖЧК менен келишим түзүлгөн. […]
Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин (МУКК) Коррупцияга каршы кызматы (ККК)  Эсептөө палатасы менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Бостери айыл аймагына караштуу Бактуу-Долоноту айылында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү үчүн ат майданды курууда каражаттарды пайдалануунун максаттуулугу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүдө. Текшерүүнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча, объектини куруудагы подрядчикти тандоодо «Мамлекеттик сатып алуулар»  жана «Шаар  куруу жана архитектура» боюнча мыйзам ченемдери […]
27.05.2018
# Коом, Маданият
30-майда  Кыргыз эл акыны, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, философ, прозаик-ессечи, котормочу Асан Жакшылыковдун   “Эргүүдө өткөн 50 жыл” аталышындагы чыгармачылык кечеси өтөт. Иш -чара А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында кечки саат 18.00  башталат. Кечеге  Асан Жакшылыковдун  жакын санаалаштары жазуучулар союзунун өкүлдөрү, “Манас эл коому” фонду, Композиторлор союзунун өкүлдөрү келишет. А. Жакшылыков 1949-жылы 6-октябрда Нарын облусунун Нарын районундагы […]
26.05.2018
# Коом, Саясат
Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотундагы Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси, экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча отурум өттү. Сурак берүүгө чакырылган күбөлөрдүн көптүгүнөн улам соттук отурум токтоп, 4-июнда саат 15:00дө уланат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз өкүлү Сюита Соурбаева кабарлады. Мурдагы отурумдун жылдырылышына ишти караган сот Эмилбек Каиповдун ооруп, келбей калганы себеп болгон. […]
26.05.2018
# Коом, Саясат
  Президент Сооронбай Жээнбеков  кол койгон буйрукка ылайык, 26-майда Жакыпбек Байымбетов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары рангындагы  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору болуп дайындалды.
25.05.2018
# Коом, Саясат
Президент Сооронбай Жээнбеков 25-майда Бишкек шаарындагы А.Молдокулов атындагы № 5 Улуттук компьютердик гимназиянын окуучулары жана бүтүрүүчүлөрүнүн акыркы коңгуроо салтанатына катышты. Бүгүнкү күндө республиканын 60 миңге жакын бүтүрүүчүлөрү орто мектепти аяктап жатканын эскертти. № 5 мектеп-гимназиянын тарыхына токтолду. Мамлекет башчы эске салгандай, ушул мектептен белгилүү киноактер Сүймөнкул Чокморов, чыгаан кинорежиссер Төлөмүш Океев, мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков, […]
25.05.2018
# Коом, Турмуш
Быйыл 11-мартта Бишкекте даярдалган бешбармак Гиннестин рекорддор китебине киргизилди. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты жазып чыкты. Анда Бишкектеги бешбармактын салмагы 1 464 килограмм болгону, «Аю Холдинг» жана LLC KazGrain ишканалары тарабынан рекорд коюлганы жазылган. Эскерте кетсек, 11-мартта Бишкектин “Аю Grand Comfort” соода жайында Гиннес рекорддор китеби үчүн 1 тонна 464 килограмм бешбармак, 117 метр чучук даярдалган. Тамак […]
24.05.2018
# Коом, Турмуш
Калың жааган кардын кесепетинен Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда эки короо кой кырылды. Баштапкы маалыматтарга караганда, Тамчы айыл аймагынын Кайкы жайлоосунда бир чабандын 60 кою жана Ачык-Таш (Чок-Тал жайлоосу эмес) жайлоосунда бир чабандын 50 кою өлгөн. Мындан сырткары,  Сары-Камыш жайлоосунда 112 кой, бир уй өлгөн. Ал эми Ат-Башынын Аксай жайлоосундагы Үч-Эмчек тилкесинде 200 кой кырылган. Өзгөчө кырдаалдар […]
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу социалдык тармактагы баракчасына «Жамандыктын артынан жакшылык келет деп туура айтылган: мына, дагы бир уулдуу болдум. Кудайга шүгүр жана чексиз мактоолор!
Страница 11 из 130« Первая...910111213...203040...Последняя »