26 сентябрь 2018
Бишкек убактысы: 10:21


Экономика

Президент Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 20-февралда, Исфана шаарында Чек арачылар үчүн курулган көп батирлүү үйдүн ачылышына катышты. “Акыркы жылдары мамлекет өз армиясына, чек арачыларга ар тараптан камкордук көрө баштады. Бул иште мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин эмгеги чоң” деди  президент. Мамлекет башчысы кошуна өлкөлөр менен ынтымакта жашап, көйгөйлөрдү сүйлөшүүлөр  аркылуу чечүү керектигин баса белгиледи. “Алыскы туугандан – […]
“24 кg” агенттигиндеги басма сөз жыйынында кылмыш иши козголуп жаткан журналист Эльнура Алканованын жактоочусу Жыргал Бабаев Алканованын үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин билдирди.     Жактоочу Жыргал Бабаевдин айтуусунда,  Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы  журналист Эльнура Алкановага кылмыш ишин козгоду. Алканова “Маалыматты мыйзамсыз алган”, “Банктык же коммерциялык сырды  ачыктаган” деген беренелер менен айыпталууда. Бул […]
Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев ал Жогорку Кеңеште Эл аралык иштер боюнча комитетинин жетекчиси болуп турган учурда жоголгон 30 миң доллардын уурдалганына өкүнөрүн билдирди. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” берген маегинде айтты: — Арсен Закиров Жогорку Кеңеште буга чейин эле иштеп жүргөндүктөн мен ага ишенгем. “Акча буга чейин эле берилип жүргөн, кийин бюджетте акча калбай калат, ошону […]
12-февралда Экономика министрлиги мамлекеттик Сатып алуулар сайтына кыргыз тилин үйрөтүү боюнча репетитор жалдоого тендер жарыялаган.  Бул коомчулуктун сын пикирине кабылгандан кийин,  15-февралда Экономика министрлиги бул тендерди кайтарып алганын министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Мурдагы тендерге ылайык, Экономика министрлигинин 36 кызматкери үчүн 288 миң, экономика министри Артем Новиковдун жеке өзүнө кыргыз тилин үйрөткөн мугалимге 36 миң […]
Кыргызстанда коррупция, мамлекеттин мүлкүн уурдоо жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча жоопкерчиликке тартылган жана соттолгон сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин реестри түзүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Дамир Сагынбаев билдирди. — Бул реестр бизге эмне үчүн керек? Бул боюнча соттолгон жана соттун өкүмү чыккан кишилер мындан ары мамлекеттик […]
Sputnik Таджикистан маалымат агенттиги Тажикстандын Тоолуу- Бадахшан облусунун жашоочулары ундан уулангандыгын жазып чыкты. Ун тартуучу буудайды жеке ишкерлер алып келгендиги маалым болгон. Тоолуу Бадахшан облусунун Ишкашим районунда  жергиликтүү көпчүлүк калк ундан ууланган.  Ун тартылган беш миң тонна буудайды 2017-жылдын август айында жергиликтүү ишкер алып келген. Ал буудайдан тартылган ундан нан жасап жешкен Курбонбековдордун үй-бүлөсү уулануу […]
Ташкент-Балыкчы-Ташкент багытындагы поезд быйыл 22-марттан тартып каттай баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, поезд жумасына бир жолу жүрүп, бейшембиде Ташкенттен чыгат да, ишембиде Балыкчыдан кайра артка кайтат. Каттамды «Өзбек темир жолу» ишканасы жүргүзөт. 2016-жылы жай мезгилинде да Ташкенттен Ысык-Көлгө поезд каттамы тууралуу сүйлөшүү болуп, бирок ал бир эле […]
Кыйноонун алдын-алуу боюнча Улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманкулов 8-февралда өткөн Бишкектеги пресс-конференцияда жарандарды кыйнап-кыстоолордун 95%  милицияга тиешелүү экенин белгиледи. Пресс-конференция Акыйкатчы институтунун, укук коргоочулардын катышуусунда, “Кыйноосуз келечек!” аттуу чакырык менен өткөрүлдү.   Кыйноонун алдын-алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманкулов жарандардан кыйноо боюнча 217 кайрылуу түшсө, анын 104ү кыйноолорго даттануу арыздары экенин мисал келтирди. Анын айтымында, […]
Мурда кабарлангандай, бүгүн, 8-февралда, Кыргызстанга Өзбекстандын Тышкы соода министри Жамшид Ходжаев жана өзбек ишкерлери келишти. Бүгүн, 8-февралда   КР экономика министри Артем Новиков менен  Өзбекстан Тышкы соода министри Жамшид Ходжаев  жана эки өлкөнүн ишкерлери  экономика министрлигинин чоң залында  жолугушту. Анда Кыргызстан Өзбекстанга экологиялык жактан таза айыл чарба азыктарын импорттоону көздөп жатса, Өзбекстандан минералдык жер семирткич алуу […]
“Ала-Арча” резиденциясында бүгүн, 8-февралда өтүп жаткан Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков биринчи жолу төрагалык милдетти аткарды.
Страница 5 из 16« Первая...34567...10...Последняя »