22 январь 2019
Бишкек убактысы: 06:43


Экономика

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында билдирди. Анын айтуусунда, парламенттеги айрым депутаттар уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн колдоп, алардын эркиндикте жүрүшүнө шарт түзгөн учурлар бар. — Уюшкан кылмыштуулук менен күрөш үчүн эң ириде саясий эрк керек. Эгер муну Ички иштер министрлиги мойнуна алгысы келбесе, мен ачык эле айтайын, менин парламенттеги айрым […]
  Бүгүн, 18-январда, КР Илимдер академиясындагы алгачкы агартуучу Базаркул Данияровдун 120 жылдыгына байланыштуу жыйында тарых илимдеринин кандидаты Аскар Беделбаев мамлекеттин башатында турган адамдардын архивдеги жеке фонддору таштандыга ташталып жаткандыгын айтты: —Мамлекеттин башатында турган адамдардын жеке фонддору архивден таштандыга ташталып кетип жатат.  Базаркул Данияров тууралуу маалыматтар да архивдик жеке фонддо таштандыга ыргытылып кеткен болуп чыкты. Эмне […]
Азыркы ааламдашуу мезгилинде чет тилдерди билүү маанилүү орунда. Англис тили курсунун акысы айына 1500-4500 сомго чейин жетет. Бухгалтердик эсеп боюнча курстар орточо алганда 5 миң сомдун тегерегинде. Учурдун талабы болгон компьютердик графика, видеомонтаж боюнча курстар 5 миң сомдон жогору болсо, программалоо, сайт жасоо боюнча курстар 10 миң сомдон жогору. Баарынын эле курстарга миңдеген акча коротуп […]
Жогорку Cот активист Мавлян Аскарбековду депутат Дастан Бекешовдон кечирим суроону жана айткандарын төгүнгө чыгарып, Facebook баракчасыны жарыялоону милдеттендирди.
Кылмыш дүйнөсүндө “Дөө” деген каймана атка ээ, ИИМдин базасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган Чыңгыз Жумагулов эркиндикке чыкты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын башчысы Нурлан Таштан уулу кабарлады. Анын айтымында, Жумагуловду сот мөөнөтүнөн мурда, шарттуу бошоткон. Чыңгыз Жумагулов киши өлтүрүүгө катышкан, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, ээнбаштык кылган жана кылмыш тобун […]
КР Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөбүздө 2017-жылдагы жашоо минимуму  4 900 сом 79 тыйын. Ал эми Кыргызстандагы төмөнкү пенсиянын өлчөмү —1800 сом. ЖК депутаты Умбеталы Кыдыралиев эмне үчүн мындай? Бул акчага пенсионерлер кантип күн көрөт деп бушайман болду. Ырас эле бул акчага бир ай кантип жан сактоого болсун?
17-январда Бишкек-Ош жолунун 38-чакырымында Кара-Көл шаарында бензин ташыган машина жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Анын натыйжасында 37 тонна солярканын 17 тоннасы жолго төгүлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Акматбек Келдибеков доктордук диссертация жазып, ал жараксыз деп табылган. Бул маалыматты Кыргыз экономикалык университетинин илимдер боюнча проректору Көбөгөн Атышов “Билим АКИpress» маалымат булагына тактаган. Анын айтымында, 2017-жылы чынында эле Акматбек Келдибековдун фискалдык саясат боюнча диссертациялык иши кафедрада талкууга алынган. “Мен диссертациялык кеңештин мүчөсү жана илимдер боюнча проректор катары бул талкууга катышкам. […]
“Республика” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшырууга 15-январда БШКга арыз жазганын анын кеңешчиси Мирсулжан Намазалиев тастыктады.
Страница 21 из 28« Первая...10...1920212223...Последняя »