24 сентябрь 2018
Бишкек убактысы: 13:31


Экономика

«Акылдуу шаар» долбоорун Кытайдын «Huawei Technologies Co.» компаниясы ишке ашырат. Кыргыз өкмөтү менен бул компаниянын ортосундагы келишимге 11-январда кол коюлду. Ага премьер-министр Сапар Исаков катышат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Тараптар талаштуу деп эсептелип жүргөн маселелер боюнча бир пикирге келишти. Кыргыз тараптан долбоор үчүн Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги […]
Жогорку Кеӊеште мектепте окуу күндөрүн ыраатташтырууга багытталган «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоор каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Кыргызстандын телекоммуникация рыногунда уникалдуу продукт пайда болду – MegaChat мобилдик тиркемеси. Бул инновациялык тиркеме кыргызстандыктардын көңүлүнө төп келет деп ишенимдүү айтсак болот. Бул жаңычылдык тууралуу биз «Альфа Телеком» ЖЧКсынын (MegaCom соода маркасы) маркетинг бөлүмүнүн башчысы Николай Кан менен маектештик. – MegaChat тиркемесинин кандай артыкчылыктары бар? Виртуалдык номур деген эмне? -Кыргызстандын уюлдук операторлорунун арасынан MegaCom компаниясы биринчилерден болуп MegaChat инновациялык тиркемесин ишке киргизди. Бул уникалдуу продукт биздин абоненттер үчүн […]
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаевди Кылмыш кодексинин 303-беренесинин ("Коррупция") негизинде айыптуу деп таап, үй мүлкүн мамлекеттин эсебине алуу менен 12 жылга күчөтүлгөн абакка кести. Ошондой эле Исаевге үч жыл мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынат.
«Эйр Манас» авиакомпаниясы 23-декабрдан тарта «Бишкек-Ташкент-Бишкек» багытында авиакаттамдарды аткара баштады. Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Курманбек Акышев «Азаттык» радиосуна билдиргендей, 23-декабрда алгачкы учак Ташкентке учуп кетти. Ага жалпы 105 киши билет алган. Эми ар аптанын шаршемби жана ишемби күндөрү «Бишкек-Ташкент-Бишкек» багытында учактар каттап турат. Билеттин баасы 110 доллардан жогору. 2018-жылы «Ош-Ташкент-Ош» […]
Страница 11 из 16« Первая...910111213...Последняя »