19 июнь 2018
Бишкек убактысы: 14:46


Экономика

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Акматбек Келдибеков доктордук диссертация жазып, ал жараксыз деп табылган. Бул маалыматты Кыргыз экономикалык университетинин илимдер боюнча проректору Көбөгөн Атышов “Билим АКИpress» маалымат булагына тактаган. Анын айтымында, 2017-жылы чынында эле Акматбек Келдибековдун фискалдык саясат боюнча диссертациялык иши кафедрада талкууга алынган. “Мен диссертациялык кеңештин мүчөсү жана илимдер боюнча проректор катары бул талкууга катышкам. […]
“Республика” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшырууга 15-январда БШКга арыз жазганын анын кеңешчиси Мирсулжан Намазалиев тастыктады.
КР Чек ара кызматынын басма сөз менен кызматташуу бөлүмү билдиргендей, 15-январда кыргызстандык эки жаран “Эгиз ээк” чек ара аймагынан Кытайга уруксаты жок өтүп кетүүгө аракет кылганда кармалышкан. Алардын бири жүк ташуучу машинанын кузовуна жашынып алган.  
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чолпон Жакуповага таандык Ысык-Көлдөгү коттеджди жана журналист Нарын Айыптын үлүшү бар батирди сатыкка чыгаруу талабы менен сотко кайрылды.
КР Улуттук Банкы тарабынан жакында электрондук акчалар жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү пландаштырылууда. Бул өзгөртүүлөр азыркы күндө КР 100 миңдеген жарандары тандап алган кызматтардын ишин толугу менен токтотууга алып келет.
«Акылдуу шаар» долбоорун Кытайдын «Huawei Technologies Co.» компаниясы ишке ашырат. Кыргыз өкмөтү менен бул компаниянын ортосундагы келишимге 11-январда кол коюлду. Ага премьер-министр Сапар Исаков катышат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Тараптар талаштуу деп эсептелип жүргөн маселелер боюнча бир пикирге келишти. Кыргыз тараптан долбоор үчүн Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги […]
Страница 10 из 16« Первая...89101112...Последняя »