26 сентябрь 2018
Бишкек убактысы: 11:25


Айгүл Бакеева

Бүгүн, 23-июлда, “Азаттык” радиосунун кеңсесинин алдында 22-июль күнү Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы “Акун” пансионатында сууга чөгүп кетип, кайтыш болгон 28 жаштагы чыгаан журналист Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чарасы болуп өттү.    Уланбек Эгизбаевдин каза болушу кыргыз журналистикасы үчүн эле эмес, жалпы кыргыз эли үчүн оор кайгы, чоң жоготуу. Ал аз, бирок саз жашады.   28 гана жашта эле, […]
2016-жылдын 25-августунда Кыргызстандан чыккан учактын капитаны Союзбек Салиев, штурманы, литвалык Йонас Жукнус менен “Mooney Ovation-2” деп аталган Америкада чыгарылган бир моторлуу жеңил учак менен 64 күндө Жер жүзүн айланып учуп келгени маалым. Ал ошол жылдын 27-октябрында Кыргызстанга кайтып келген. Кечээ жакында Союзбек Салиев дүйнөлүк саякатчылардын элиталык клубунун мүчөлүгүнө кабыл алынып, анын эрдиги белгиленди. Союзбек Салиев […]
Өлкө башчысы дайындай турган бир катар жооптуу кызмат орундары өз жетекчилерин күтүп жатат. Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы, башкы прокурор жана биринчи вице-премьер кызматынын орду азырынча бош. Президент Сооронбай Жээнбеков бул кызматтарга ылайыктуу, ишенимдүү кадрларды тандап жаткан убагы.   Бул кызматтарга кимдер келсе, кызматты көркүнө чыгара алат? Улуттук коопсуздук кызматына ким төрага болот?  Абдил Сегизбаев Улуттук коопсуздук […]
Апрель окуясынан бери 8 жыл өттү. 7-апрель элдик революцияны эскерүү күнүндө тарыхка кылчайып, ал күндөрдү эске сала кетели. 2010-жылдын 5-апрели Таласта митингге чыккан эл менен сүйлөшүү максатында Акылбек Жапаров Бишкектен Таласка учуп барган. Саат кечки алтыда Бишкектен келген буйруктун негизинде ИИМ кызматкерлери күч менен чогулган элди таркатмакчы болгон. Акылбек Жапаров Б. Шерниязов менен сүйлөшүп, элди […]
Өкмөттүк эмес уюм болуп саналган Булан ннституту кийинки мезгилде Кыргызстандагы орто мектептердин абалын ар тараптан иликтеп, көйгөйлөрдү ортого салып, анын чечүү жолдорун аныктап келе жаткандыгы коомчулукка кеңири белгилүү болуп калды.
Кыргызстанда той-салтанаттар өтө ысыраптуу болуп, көйгөйгө айланып бара жатканы баарыбыздын жүрөгүбүздү өйүп келет. Бул көрүнүш материалдык жана рухий чыгымга туш кылып, жан дүйнөгө бүлүк салып, ырас эле чукул арада кандайдыр чара көрүүнү талап кылууда. Тойдун шарданы менен нарк-баалуулуктар кайсы тарапка өзгөрүп баратканы, элдин келечеги, жашоо салты кандай болору түйшөлдүрөт. Бул көрүнүштү коомчулук талкуулап, бийлик тарабынан […]
“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду 14-мартта Улуттук консерваториянын чоң залында Бешик ырларын жайылтуу максатындагы республикалык конкурсту жыйынтыктады.
Акын, жазуучу, котормочу, ойчул, окумуштуу, сатирик, юморист, деги койчу, ар жактуу талант Салижан Жигитов бүгүн 82 жашка чыкмак. Анын арабыздан кеткенине 12 жылга аяк басыптыр. Бирок Жигитов аттуу феномендин чыгармачылыгы, дегеле байсалдуу өмүр жолу Кыргызстан, Борбор Азия, КМШ, түрк дүйнөсүнө эле эмес, дүйнөгө кеңири тараларына шек жок. Салижан Жигитов башкаларга окшобогондугу, өзгөчөлүүлүгү менен замандаштарынан айырмаланып […]
Бүгүн, 5-мартта, Соттор күнүндө саясатчылар, укук коргоочулар, жалпы жарандар соттордун адилеттигин талап кылып митингге чыгышты. Рита Карасартова: “Биз жыйынтыкты талап кылабыз” Митингчилер адегенде Жогорку соттун алдына чогулушту. Жарандык активист Рита Карасартова коррупцияга байланыштуу бир топ орчундуу иштер токтоп турганын белгиледи. Жабык орган болгон Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматына эң оор, кызматтык тергөө жасала турган материалдардын баарын, коррупция […]
Страница 1 из 612345...Последняя »