17 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 18:35


Аналитика

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов жарыялаган документ бир топ талаш-тартышкан жем таштады. КСДП “Укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун жарыялаган документинде көрсөтүлгөн ысымдар жана иш-чаралар чындыкка дал келет деген билдирүүсүн” таратты.  Ал эми Президенттик аппарат мындай фейк жаңылыктарга жооп беришпей турганын айтты. КСДПнын маалымат кызматынын жетекчиси Кундуз Жолдубаева билдирүү таратып, анда Сооронбай Жээнбековдун шайлоо учурундагы штабынын жетекчиси Фарид Ниязовдун […]
Теңирчилик деген эмне – динби, культпу, байыркы ишенимби, шаманчылыкпы же жөн гана философия жана дүйнөгө болгон көз карашпы – деген суроонун тегерегиндеги талаш-тартыштар Кыргызстанда 6 жылга чукул убактан бери басаңдабай келүүдө. Теңирчиликтин активдүү тарапкерлери аны дин деп эсептешип, ыйык китеби катары «Манасты» айтышат. Башкалар болсо теңирчиликти философия деп эсептешет. Эксперттердин пикири боюнча, ал – культ […]
Алмазбек Атамбаев президент кезинде «бийик даражалуу арестанттар үчүн УКМКнын СИЗОсу курорт: бир орундуу камера, эгер керек болсо туугандары казы-картага чейин алып келип турушат» деп айткан эле. Ал эми депутат Ирина Карамушкина УКМКнын СИЗОсу саясий туткундардын жатаканасына айланып баратканын жар салган. Айтса-айтпаса, ар кандай кине менен кармалган жогорку даражалуу чиновниктер менен саясатчылардын УКМКнын гана убактылуу тергөө […]
Кыргыз-өзбек чек арасындагы көзөмөл бошоңдогондон бери бир жылдан ашуун убакыт өттү. Бул аралыкта «Достук» өткөрүү пунктун эки миллиондон ашык адам кесип өттү – аталган көрсөткүч өлкөлөр ортосундагы мамиле жакшырганга чейинки ушундай мезгил аралыгы менен салыштырганда, дээрлик жети эсеге көп. Бул туугандык байланыштардын бекемделишине, чек арадагы кезек күтүүлөргө жана товар жүгүртүүнүн өсүшүнө таасирин тийгизди. 2017-жылдын сентябрында […]
Сооронбай Жээнбековдун президенттик постко келгенине туура бир жыл толгондо «күтүлбөгөн» жаңы жагдайлар пайда болду. КСДП партиясынын маалымат кызматы алдамчылыкка шектелип кармалган Икрамжан Илмияновдун ишкерден алган $150 000 президенттикке бийликтен талапкер болгон Жээнбековдун штабына берилип, шайлоо амалдарына жумшалганын айтып чыкты. Илмияновдун бүйүр кызыткан «илими» Укук коргоо органдары 20-октябрда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновду кармап келишти. […]
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын Саясий кеңеши уюмдун башынан берки мүчөсү, парламенттеги фракциясынын лидери Иса Өмүркуловду катарынан чыгарган чечим кабыл алды. Мындай чечимдин чыгышына И.Өмүркуловдун жакында «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын өкүлдөрүн кабыл алганы себеп болгону жана жыйынды партиянын лидери Алмазбек Атамбаев өзү демилгелегени айтылууда. Эки тарап бири-бирин чыккынчылыкка айыпташууда. Оомат оогондо… Деги эле КСДП партиясы бүгүнкү күндө оомал-төкмөл, […]
Билим берүү системасы өлкөнүн экономикасы менен түзмө-түз байланышта,  билимдүү муун күчтүү экономиканы түзөрүн белгилейт эксперттер. №16 орто билим берүү мектеби Бишкектин четирээгинде жайгашкан жана жаңы конуштар менен курчалып турат. Бул окуу жылында биринчи класстагылар үчүн үч класс ачылды, андан көп ачууга долбоордун кубаттуулугу жол бербейт. Атын атагысы келбеген Бишкектин тургуну уулун сапаттуураак билим берген гимназия-мектепке […]
Медет Төлөгөнов Борбордук Азиядагы Америка университетинде эл аралык салыштыруу политологиясы боюнча сабак берген ага окутуучу. — Медет мырза, мурунку Президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Икрам Илмияновго айып тагылып, издөө жарыяланганы белгилүү болду. Бул окуяга сиз кандай баа бересиз? Коррупция менен күрөштүн белгисиби? — Бул Алмазбек Атамбаевдин командасына болгон басымдын уландысы деп ойлойм. Мындан сырткары, саясий […]
                            «Электр доорундагы электр энергиясыз Кыргызстан» I бөлүк Базарбай Мамбетов—коомдук ишмер, эксперт, КР мурдагы вице-премьери Кыргызстандагы электр энергия көйгөйү жана аны чечүүнүн жолдору тууралуу ой бөлүшөт.    Өлкөбүз эгемендикке ээ болгонго чейин Нарын дайрасынын куймасында алты гидроэнергетика комплексин курду. Алардын жардамы менен […]
Эл аралык укук коргоочу «Хьюман Райтс Вотч» уюмунун докладында, экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн кылмышка куугунтуктоо – Кыргызстандагы жана Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүндөгү ислам экстремизмине каршы күрөшүү урааны алдында өткөрүлүп жаткан жалпы репрессиялык саясаттын бөлүгү экендиги белгиленет. Кыргыз Республикасы боюнча документтин өзөгүн, айыпталгандардын жана соттолгондордун экстремисттик материалдарды сактоо иштери боюнча алардын туугандарынын, жергиликтүү укук коргоочулардын, адвокаттардын […]