14 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 09:33


Чым-Коргондон качпайм!

Менин кичи мекеним, туулуп-өскөн айылым—Чым-Коргон. Атам- апамдын, бир туугандарымдын, өзүмдүн алгачкы изим түшкөн аялуу  айылым. Аны  айрымдар ар кандай жаман нерсеге жабыштырып, көбүнчө акылынан айныгандардын  уюгуна окшоштуруп, “чымкоргон” деп келекелеп келишкенин тээ бала чагымдан эле угам.

Кечээ жакында “Чым-Коргондон качуу” -“Побег из Чым-Коргона” аттуу кинокомедия да жаратып жатышыптыр деп айылдаштарым чуру-чуу түшүп, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине чейин келишиптир.

Ал кинокомедия али экранга чыга элек, бирок аты эле айтып тургандай, ооруканадан качып чыккан адамдар аралашкан окуя тууралуу болору сезилип турат. Айылдаштарымдын чуру-чуу түшкөнү, балким башкаларга өөн учурашы ыктымал. Бүтүндөй айылдын жашооочулары ал жакта оорукана жайгашып калганы үчүн гана айныган, акыл-эси ордунда эмес киши катары көрүнөрү кой оозунан чөп албаган айылдаштарымдын бир далайынын сабырын сындырыптыр.

Кинокомедия жаратуучулар аны “Чым-Коргондон качуу” деп атасак эле, кинобуз эл оозуна алынып кетет дешсе керек. Бирок кино көрсөтүлө электе эле жердештеримдин сезимин козутуптур.

Андай, сезимди козутуу илгертен эле келатат. Бойго жеткен айылдагы кыздар күйөөгө  чыгар кезде “Токмоктонмун, Быстровкаданмын” деп, “ачуу басарга” келээр кудаларды жер  таптырбай, убара кылышчу деп укчубуз. Алыска күйөөгө кеткен айрымдарын «чымкоргон» деп кордогондорун кулагыбыз чалчу.

Мектепти бүтүрүп, университетке тапшырып жатканда  окутуучу мени “Бул кыз Чым-Коргондон болот экен, жооп берип жатканын карасан?!” деп шыбырашып айткан. Мектепти Чым-Коргондон аяктап келсе,  айныган балдардын мектебин бүтүрсө, соо эле көрүнөт го деген кыязда.

Өткөн кылымдын  70-80-жылдары көпчүлүк эл алыс-жакынга көп чыкпаган, интернет байланышы болбогон убакта билбестиктен ошондой ой жүгүртүшү мүмкүн эле. Ал эми XXI кылым келип, космостун, маалыматтык технологиянын өркүндөгөн учурунда “Чым-Коргондон качуу” деп бүтүндөй айылдын жашоочуларынын сезимин козутуп, шылдыңга, күлкүгө айлантуунун өзү бери дегенде адепсиздик болуп калар.

Чым-Коргон кандай кыштак экенин жана андан кимдер чыкканын учкай айта кетейин.  Айылыбыз Чүй суусун бойлото, Казак тоо менен Кыргыз тоонун ортосунда жайгашкан кыргыздын кыштагы.  Жаз алды менен Чүй суусун бойлой тоого чыгып, биз “Казак тоо” деп атаган тоодон түсу бир башкача, сары, мала кызыл мандалак, ышкын терип, булагынан суу ичип, бир сергичү экенбиз.

Жай алды менен Таарылган, Окторкой жайлоосуна барып, тиш какшаткан көк кашка суусунан шимирип, чоң апабыздын казанда бышкан каттама, каламасын бышырганга отун терип, жамгыр жааса деле кубалашып ойноп, качып, эстен кеткис балалык кезди өткөрдүк.

Каникулга чыкканда деле  мектепке барып окугум келе берчү. Анткени мындагы агай-эжейлерибиз менен катар башка жактардан келген Геннадий Павлович Зинкин, Степан Самсонович Башлаев, Алгадай Абелов, Эркинбек Эшимбеков, өзүбүздөн Алымбай Бейшеев, менин ата-энем Баке Абдрахманов менен Гүлбайра Ниязова жана Бурул Бейшекеева, Бухгалча Якупова   ж.б. көптөгөн педагогдор бизди билимге сугарды.

Бир ирет дене тарбия сабагынан чолок шымдын ичинен калың-панталон кийип алган экенмин. Бой тартып келаткан кыз уялат деп, өзүмө айтпай,  “андай кийбесинчи” деп апама айтыптыр. Андай, Степан Самсоновичке окшогон мугалимдер тууралуу анын колунан окуган ар бир окуучу  өз мисалын айтып берээр.

Абелов агайдан Карл Маркстын “Капиталын” казып, “факзандан” (факультативдик сабак) калбай, олуттуу болуп, Оуэн менен Фурьени окуган баёо кезибиз ошол айылда калды! «Европада бир караан жүрөт. Ал —коммунизмдин карааны» деп эсте бекем сактап калганбыз. Айтылуу Тата Уландын таятасы Тата Карымбаев адабият сабагынан берип, бизди көркөм дүйнөгө жетелеп, эстетикага сугарды.

Айтор мектептеги мугалимдердин көбүн эстегенде, жүрөгүм эзилип, көзүмө жаш келет. Эх, алар кандай психолог, билимдүү, эмгекчил адамдар эле!

Университетте окуганда окутуучу сабакка жооп бере албагандарды “Сен, эмне Чым-Коргондонсуңбу?” десе, айылыбызда республикага, СССРге белгилүү психо-неврологиялык оорукана жайгашкандыктан,  айылдыктарым акылынан айныган адамдар деп кабылданарын даана түшүндүм.

Бирок айылыбыз менен жалпыбыз сыймыктанып келебиз. жеке өзүмду айтсам, мен  Чым-Коргондон эч жакка качпайм! Анда-мында барганым менен, ар убак эсимде, мага асыл, кымбат көрүңөт.

Психо-неврологиялык ооруканада иштегендер Кыргызстандан эле эмес, Советтер Союзунун  ар жагынан келген мандемдүү дарттуулардын аты-жөнүн ачыкка чыгарбай, купуя кармашчу. Бизди мектепте окуткан сырттан келген окутуучулардын арасында, балким ушул ооруканага жатып айыгып чыккан, айтылуу адамдар болушкандыр деген ой келет азыр мага.

Кийин Ысык-Көлгө иштеп барганымда да “жиндилердин айылынансыңбы,  Чоң-Кемин, Кичи-Кемин болсо, сенин айлынды «жинди Кемин» дейт»  деп айтышты.

Биздин айылдагы оорукананын шарты азыр алда канча начарлаган деп угам. Ошол кезде дүнгүрөп турган, айыл элин жумуш, жогорулатылган айлык менен камсыздап турган. Аны чейрек кылым башкарган Байсары Атантаев айылда абдан сый- урматка ээ эле, ушул ооруканада чейрек кылым иштеп, ушул жактан узады. Биздин айыл аздектеген Атантаев агабыз жердиги таластык экенин ал кайтыш болгондон кийин уктум.

Байсары Атантаевич атамдын теңтушу эле. Жекшемби сайын “Волга” машинасына салып, Токмоктун мончосуна алып барып, ресторандан тамактандырып,  үйгө жеткирип коёр эле. Өткөн кылымдын 70-жылдары айылда Атантаевдин гана “Волгасы” бар беле, айтор, кан жолдо кайкалап ошол гана машина жүрүп, анан ал биздин үйдүн жанына токтоп өткөн күндөр артта калды.

Аны менен катар жабык бул ооруканадагы жугуштуу дартка, алсак, кургак учукка ж.б. чалдыккандар көп кездешет. Экинчиден, жабык оорукана болсо да, анда иштегендерге да, жашоочуларга да кооптуулук жагы да турат. Иштегендерге айлыгына кандайдыр компенсация төлөнүп берилгени менен, дагы да жеңилдик берилчү себептер бар.

Менин агам, оорукананын башкы дарыгеринин орун басары болуп иштеген, өң десе өңү, талант десе, таланты бар, Рысбайдын ырларын аккордеон менен созолонтуп ырдаган Кубат Айтышевди иштеп жаткан жеринен оорулуунун бири бычак менен сайып жиберип, (1999-жылы) 50 гө чыга элегинде дүйнөдөн кайткан.  Ошол оорукана бизге, аттиң, арман, азап алып келген жайлардын да бири болуп калды.

Оорукана өткөн кылымда анткен менен айылдык калкты жумуш менен камсыздап, айылды эле эмес, көптөгөн алыс-жакын жашаган элди мында алып келди .  Республикалык камсыздоого алынып, кыйын дарыгерлер келип иштеди. Болсунбек Назаралиев, Байсары Атантаев, Нурсадык Ормонбаев… айтор бир далай. Алыс-жакындан келгендер көп каттап, Россиядан бери орус, башка улуттар келип, айыл бир топ өнүккөн болчу.

Чым-Коргондон республикага, Союзга айтылуу адамдар, окумуштуулар, министрлер, ырчылар ж.б. кыргыздын кыйырына белгилүу адамдар чыккан. Абдыкайыр Казакбаев кезинде Турдакун  Усубалиев менен теңтаймашып,  кыргызга кызмат кылган кыраандардан эле. Кыргызстан Компартиясынын үчүнчү катчыларынын арасынан бир гана Абдыкайыр Казакбаевдин ысымы элдин эсинде калганы бекеринен эмес.

Акын Эрнис Турсунов Казакбаевдин кандай асыл адам болгонун, согуштан бир бутунан ажырап келсе да, кабагым-кашым дебей иштеген, илбериңки, келишимдүү  болгонун айтканы эскерүүлөрдө айтылып келет.   Кант райкомунун секретары болуп иштеген Абас Ниязов, токой чарба министри болгон Жекшеналы Бекбаев, Айткулов, Кутанов ж.б.  белгилүү инсандар, министрлер, окумуштуулар арбын чыккан. Айтор, шашылбай олтуруп жазганга тарыхка, окуяга бай  айылым, асыл да болгон, арман да кылган тагдырларга туш кылган.

Эртели-кеч шакылдап тынбай поюз өткөн жолдун тегерегинде, кийин ошол  ошол өзү жөнөтүп-тосуп алчу поюздун бири  уруп кетип, каза болгон Султан аттуу карапайым абышка жашар эле. Бул кишинин уулдары—Чалапиновдор бири чоң сүрөтчү, бири чоң композитор, бири, Деңизбек Чалапинов артист, айылга келди-кетти дегенин угуп, тамшанып калар элек.

Айтылуу акын Акбар Токтакунов айыл аралап, борбордон келип-кеткенин көрүп калдым, атамдын теңтушу  болчу. Анын юрист уулу Нурбек Токтакунов кыргыз элине кызмат кылып жүрөт, дагы бир укук коргоочу Акин Токталиев.

Акын, Жазуучулар Союзунун төрагасы Акбар Рыскулов агабыз менен ар дайым сыймыктанып келатабыз. Академик Абдыганы Эркебаев бозой кезинде акын досу  менен айылга келип, чымкоргондук кыздарга суктанар эле деп эжелерибизден укчубуз.

Саясатта жүргөн Болот Жанузаков, Канат Жанузаков, чоң спортчу Сарыгул Чекиров,  Токмоктун айтылуу дарыгери Канат Айтышев,  Алтын Ниязова,  Бишкектин белгилүү дарыгери Токтобек Борончиев, доцент Гүлбара Кулжабаева, милиция  тармагынан Бабан Сыдыгалиев, шампан-шарап жагынан Ырысбүбү Сарманова, жаштардан Асел Алымбаева, Рустам Исаев… Айтор ар бир үй-бүлөнү: Айткуловдор, Смановдор, Кулжабаевдер, Абдрахмановдор, Мамадалиевдер, Жунушевдер, Ниязовдор, Макеевдер, Арыкбаевдер, Карымбаевдер… деги койчу,  санай берсек, бул тизме абдан узарып кетээр. Ал эми Чым-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Самансур айылынан Коңурбаевдер, Орозалиевдер, республикага белгилүү эмгек ардагерлери, согуштун ардагерлери ж.б. атай берсем, абдан көп.

Баса, кезинде республикалык Кызыл тууну алып жүргөн айтылуу Карл Маркс атындагы колхоздо иштегендердин бир далайын, анын башкармасы Кеңеш Смановду кезинде кимдер билбеген.

Азыр айылдаштар чилдей ар жакка тарадык, ар жакты жердедик, ар кандай тагдыр күттүк. Бир гана бизди бириктирген, жетилтип уядан учурган куттуу очогубуз, баарыбызга бирдей мамиле кылган айылыбыз турат. Учурда балким арманы аз эмес болсо деле, баягыдай сагындырган, эңсеткен, саматкан айыл…

Кимдер гана “чымкоргон”дебесин, баары бир ал бизге кымбат кыштак. Ал  атам менен апамдын, бөбөктөрүмдүн, агаларымдын изи калган, алчалуу, алмалуу бак арасындагы аялуу айыл.  Кыргызстандын башка жергесиндей эле, аздектээр асылы, аруусу да бар,  арманы да, азабы да бар катардагы эле кыштак. Болгону азаптуу, «жандуу дарттууларды» дарылап, алы келгенине канат бүтүрүп,  катарга кошкон карапайым кыштак.

Айгүл Бакеева