16 июль 2018
Бишкек убактысы: 03:09


Көчкү коркунучунан  көчүрүлүүдө

Жалал-Абаддагы Cузак районунун Кара-Алма айыл аймагында 2018-жылдын 24-январы күнү Орток айылынын Көл-Камыш участкасында саат 08:00 чамасында көлөмү болжол менен 120000 м3 жер көчкү сүрүлө баштаганы байкалып, 3 турак үйгө кооптуу абал жаралган.

Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы андагы турак үйлөрдүн экөөндө эч ким жашабагандыгын, бир үйдө 4 киши жашагандыгын аныктаган. Учурда кооптуу жердегилер туугандарыныкына көчүрүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.