24 сентябрь 2018
Бишкек убактысы: 14:28


Баласы менен төртүнчү кабаттан секирген келиндин абалы оор

Ош шаарында жети айлык баласы менен кошо төртүнчү кабаттан кулаган келиндин абалы оор. Шаардык милициянын маалыматына караганда, ал Ошко конокко келген.

6-сентябрда кечке жуук өзү конокко келген жатакана тибиндеги үйдүн төртүнчү кабатынан колундагы жети айлык баласы менен түшүп кеткен. Милиция анын бийиктен бой таштаганы божомолдонуп жатканын билдирип жатат. Натыйжада, эне-бала ооруканага жеткирилген.

Милиция келин Кара-Балта шаарынан Ошко конокко барганын айтууда. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.